Поиск по этому блогу

воскресенье, 22 сентября 2013 г.

КАМИТ САВАЙ Айлан-көчөк желмогуз же Бокенин жоруктары

      Айлан-көчөк желмогуз же Бокенин жоруктары
Менин бир аяш иним бар айылда, өз атын айтпай эле коё турайын, азырынча Боронбай дейин. Мен Бишкекте жашап жүргөндө, Боронбай Оштон бир жүк ташый турган кичи автобус алып, соодагерлердин жүктөрүн Кара-Суу базарына ташый баштады бир жолдошу менен экөөлөп алмак-салмак айдап. Түштөн кийин Кара-Суу  базарынан чыгып, түнү менен жол жүрүп, анан эрте менен эртелеп Дордойго келишчү. Шаарга деле кирчү эмес, үйгө такси менен келип калчу кээде. Бир тууган иним досу болгону менен, эмнегедир экөөбүздүн көңүлүбүз жакын болуп, Боронбай мага көбүрөөк келип калат эле. Бир күнү туулган күнүн белгилеп калдык, ал ага чейин эле достору менен жакшы олтуруп, кыйла кызып калган экен. Экөөбүз мен жумуштан чыгаарым менен Панфилов паркына барып кафеде олтуруп шашлык жеп, туулган күндү белгилемей болдук. Боронбайдын маанайы сонун болуп, тамашалап каткырып, кыздарга тийишип, аалам гулистан болуп жыргап атты. Айта кетейин, Боронбай өзү өңү биздин айылдагы көп жигиттердей, жайында айрыкча Оштун аптаптуу күнүнө күйүп капкара эле, көздөрү анан эки-үч алтын тиштери жылтырап, ак көйнөк кийген, орто бойлуу, орто салмактуу жигит болчу. Кафеде кыйла олтургандан кийин кайра паркты аралап бастык. Ошол убакта паркка жаңы аттракциондор коюлуп аткан кез эле. Боронбай, кыскача Боке дейин, мурда көрбөгөн аттракциондор бар экен. Ичинде жүз грамм эмес, кыйла эле  култ эткен Боке шер болуп турган кез. Бүт эле аттракциондорду, "булар кичинекей балдарды экен, түшпөйм" деп  келатты. Андан мурда, бир жолу бир жаңы аттракцион көрдүм эле, эми тим эле шумдук, эки кишини олтургузуп байлап, анан башында акырындап 7-8 метрге көтөрүп, анан тезиреек айланып, узунунан анан туурасынан да тез айланта баштайт экен, олтурган адам жогору көтөрүлгөндө башы менен ылдый жерди карап, ал эми ылдыйга тез түшкөндө жерге тиер-тийбес болуп кайра айланып көтөрүлгөн, жүрөк түшө турган аттракцион экенин көргөн элем. Жаш балдар, чоңдор деле түшүшүп, айланган сайын катуу кыйкырып атышканын кыйла тамаша кылган болчумун. Бирок, түшкөндөн апкаарыдым эле. Кайдан жайдан ошол аттракциондун жанына келип калыппыз. Эч ким деле жок экен, аттракциондун олтургучуна бир жаш, чачтары узун  кыз олтуруптур, экинчи бирөөнү күтүп.
Мен да жөн турбай айта калдым:
 - Боке, мобул аттракцион жаман экен, өткөндө көргөм, - дедим.
Анда шер жүрөк Бокем олтурган сулуу кызды карап:
- Мен түшөм, ушул тырмактай кыздай жокмунбу, - деди.
- Кой, коркуп каласын, башкасына эле түш, - дедим аны аяп.
- Иэ ака, эмнеден коркмок элем, Бишкекке келип ушуга түшпөй кетемби, - деди күлүп кызды карап.
Эми мейли, түшсө түшсүн, туулган күнүндө каалаганын кылсын деп барып билет алдым.
Боке койкоюп тигил кыздын жанына олтуруп алып сүйлөшүп атыптыр шакылдап.
Аттракцион темир тор менен тосулуп, кичинекей дарбазасы бар экен. Олтурган экөөнү олтургучтарына жакшы тангандан кийин, акырын көтөрүлүп жогору жакка токтоду эле бир көз ирмемге, Бокенин үнү угулду:
- Оо, сонун,  ухххуу, - деген.
Мен болсо буга чейин көргөн жаным, эми эмне болот экен деп, кызыгуу менен карап туруп калдым. Эки үч жолу жай айлангандан кийин, аттракцион катуу айлана баштады. Каткырып аткан Бокенин үнү угулбай калды, бир аздан кийин, айрыкча ылдый карап катуу келгенде. Бокенин "ой энең..." деген кана сөгүнгөн сөздөрү угулуп калды. Жанындагы кыз чаңырса да, Бокенин сөгүнгөнү бийик, даана чыгып атты. Ылдыйда элдер тамаша кылып күлүп атышты.
Бир убакта, Бокенин "Токтот энеңди.." деген катуу үнү чыкты эле, мен чочуп кетип, аттракцион караган эжеге чуркап барып, "эже, токтото аласызбы" дедим. Ал эже камаарабай, "эчтеке болбойт. бардыгы эле ошентип кыйкыра беришет" деди. Аңгыча аттракцион акыры барып акырындап шашпай токтоду. Тигил чаңырган кыз эчтеке болбой эле шашпай чыгып, "ой жаман байке экен тигил, менин чачыман кармап оорутуп жүдөттү" деп жаман көрүп биринчи тез басып чыгып кетти.  Эч кимди тордун ичине киргизбейт экен. Бокеми тигил эже бошоткондон кийин, ал зорго ордунан турду.  Бирок, Бокеме эмне болгон, тордун эшигин таппай айлана баштады, анан мен чакырдым:
- Ай Боке, биякка бас, эшик биякта, - деп.
Менин үнүм жакка Бокем цирктеги аюудай  басып, анан эже аны жетелеп чыкты.
Капкара жүздүү кайран  Бокем, кагаздай апакай болуп калыптыр, үн-сөз жок, баягы шакылдап аткан шум Бокем жок.
- Ой эмне болду, амансыңбы, жактыбы, - дедим мен.
Мени жактырбай карап, колун шилтеп койду, ушул сенин кылганың дегенсип.
- Түшпөй эле кой деп айттым эле го, жаман бекен, - деп бушайман жеген кишидей болуп сурадым.
- Туалет каерде ака, тез керек, - деди мага аянычтуу карап Бокем.
- Ой жүр менин иштеген жериме, мына жапжакын, биерде туалет анча эмес, - дедим, Бокенин кебетеси начар экенин көрүп.
Экөөбүз унчукпай, таарынышкан эрди-катынга окшоп, эрчишкен бойдон Президенттин алдындагы башкаруу академиямысынын имаратына шаштык.
- Ака тезиреек басалы, - деди Бокем. Тез басып бир саамда эле жетип бардык.
Ошол бойдон жарым сааттан өтүп жоголуп, Бокем куп-куу болуп эшикке чыкты.
- Бир жерден ыссык чай ичели, азыр жакшы болуп каласын, - дедим мен.
- Ушул парк жакка эмес, башка жакка баралычы, - деп суранды, парктан такыр көңүлү калган Боке.
Анан, башка жакка барып кичине башын жазып, ыссык шорпо чай менен ичкенден кийин араң өзүнө келген Боке бир аз жазылды.
Ошондон кийин кана, мен акырын сурадым:
- Боке, аттракцион кандай экен, - деп.
- Иэ ака сурабаң, мындай "страшный" немени биринчи көрүшүм. Башында жакшы эле башталган,  мен тигил кыз менен таанышып, телефонун сурайын деп аткам. Анан эле, катуу ылдыйга таштап айлана баштаганда жүрөгүм тамагыма тыгылып эле туруп калды.
- Катуу сөгүнө баштадың, "оо энең.." деп айттым.
-  Ылдыйга таштаганда башым менен азыр жерге сайылам деп ойлоп коркуп сөгүндүм окшойт, бирок аягына сөккөнгө үлгүрбөй, жүрөгүм тыгылып калганынан аягына чейин  айта албай жаттым, - деди Боке.
- Тигил кыздын чачын кармап алдың беле, - деп сурадым.
- Ой билбейм, көзүмдү жумуп, коркконуман кармаса кармагандырмын, өзү чачы да узун экен өчөшкөнсүп, желбиреп, араң  турганда менин бетими жаап, оозума кирип, - деп күлдү Боке.
- Билбейм, катуу жаман көрүп кетти сени ал кыз, - дедим.
- Эми эмне кылайын, жанымы каерге коюшту таппай калдым, ойлодум, жүрөгүм азыр оозуман чыгып кетет го, - деп күлдү.
- Токтот дегениң эсиңдеби, - дедим.
- Жок, мен токтот дедимби, бир саат айланткандай болду, - деп таң калды Боке.
- Ака, ушул аттракционго түшпөңүз, мен эми, Боке миң сом берем десе да, өлсөм да түшпөйм, - деп күлдү.
- Эшигин таппай кыйналдың го, эже жетелеп чыкканы эсиңде барбы, - деп дагы күлдүк.
- Ээ ака, мунуңуз аттракцион эмес эле "айлан-көчөк желмогуз" экен, деп дагы айтты, ага жаңы  ат коюп Боке.
Дагы бир саат, Боке аттракционго  кантип түшкөнүн айтып күлдүк, жаныбызда олтургандар да таң калды болуш керек, бул экөө эмне эле жыргап атышат деп.
Ошондон кийин, дайыма Боке шаарга келгенде эле, мен тийишип калам:
- Жүр Боке паркка барабыз, баягы "Айлан-көчөк желмогузга" түшөбүз, - деп.
Ал аттракционго ошентип  "Айлан-көчөк желмогуз" деп ат да коюп алганбыз. Ошол ошол болду, кийин балдарым менен паркка барганда ошол аттракционду көргөн сайын ушул күлкүлүү окуяны эстеп күлөм.
Боке көпкө чейин сурап жүрдү, "баягы атың өчкүр "Айлан-көчөк желмогуз" дагы эле барбы, - деп. Бул окуяны уккан тааныштарымдын  бардыгына кызык болуп,  ошол аттракционго бирден түшүп чыгышты....
Боке анан дагы бир окуяны айтып көп күлөт эле:
- Бишкек-Кара-Суу маршруту менен бир жумада үч-төрт жолу барып келип каттап жүрдүк. Жарым жолго шеригим айдаса, калганына мен айдайм, көбүнчө түнү менен жүрчүбүз. Бир жолу Бишкектен кеч чыгып калдык, шеригим айдап жөнөдү, мени жолдун жарымында ойгото турган болуп. Кечке шаар кыдырып чарчаган жаным. машине жүрөөрү менен катуу уктап калыпмын. Эки жүргүнчү да салып алганбыз "Мерседес" жүк ташуучу микроавтобустун салонуна, алар жүктөрдүн арасына жатып алышты, алар да уктап калышыптыр. Түнкү бир убак болгондо шеригим мени ойготту. Араң көзүмдү ачып карасам, май куйган жайда турган экенбиз, туалетке барып, сигарет тартып келгиче шеригим уктап калыптыр. Кайда бараттык эле деп ойлонуп калдым. Күнүгө ары бери жүрө берип, кайда баратканыңы деле билбей каласын, болгону эки вариант болсо да, же Бишкекке, же Кара-Сууга. Шеригим коңурук тартып уктап жатканын көрүп ойготкум келбеди сураганы, азыр биз кайда баратабыз деп. Машине болсо Бишкекти карап туруптур. Ии, Бишкекке бара жаткан болушубуз керек деп ойлодум да, айдап жөнөдүм. Кыйла жүргөндөн кийин бир жүргүнчүбүз ойгонуп, токтоп коюшту суранды. Кайра жүргөндөн кийин ал менден сурап калды:
- Шеф, биз каякка баратабыз, деп.
Бул да уйкусурап билбей жатат деп ойлодум:
- Бишкекке, каякка болсун, - дедим.
- А биз Ошко баратабыз, Кара-Сууга, - деди.
- Көзүңдү жакшы ач, биз Бишкекке баратабыз, - дедим.
Анан, тигил бала менин шеригими ойготуп:
- Сиз бизди Кара-Сууга алдыңыз эле го, а бу киши бизди кайра Бишкекке алып баратат, - деди.
Шеригим көзүн ачып бир аз ары бери карап:
- Боке, эмне болду сага, жарым жолдон эмне кайттың Бишкекке, бирдемке унуттуң беле шаарда, - деди.
Анан токтоп ойлосом, чын эле биз Кара-Сууга чыкпадык беле:
- Анда сен эмне машинени Бишкекке каратып бердиң, - дедим мен.
- Бак каякта болсо ошондой кылып токтодум да май куйганга, келесоо, - десе деп күлдү шеригим.
Ошентип, жүз километрдей жүрүп анан кайра тарттык Кара-Сууга, - деп күлдү Боке.
Бир жолу болсо Боке кайненесин жолдо унутуп калыптыр. Кайненеси Бишкектеги кайын эжесиникине кеткен экен мейманга. Өзүнүн менчик "Фольксваген"  машинеси менен Бокем бир иштери менен ошол убакта Бишкекке келип калган экен. Кайненесин Боке анча жактыра берчү эмес. Кайненеси бою кичине, арык келген, ак-жуумал , жашы кыйлага барып калган, бирок тың аял эле. Эмнеге аны менен Боке жакшы мамиледе болбогонун мен да сураган эмесмин. Оштон аялы телефон чалып, апасын ала кел дептир. Бокенин башка пландары болгонбу, иши кылып жини келип, жактырбай, кайненесин салып, аялынын буйругун аткарып жок дей албай Ошко жөнөдү.  Боке кийин айтып берип аябай күлгөнбүз.
- Кайненем кичине аял болгондуктан анын артта олтурганы да мага көрүнбөйт эле күзгүдөн. Бирок, менин карагым да келген жок. Бишкектен Кара-Балтага чейин келип бир да сүйлөгөн жокмун, ал да мага унчукпады. Май куйуп алайын деп токтодум, унчукпай машинени токтоттум да, анан тигил кассасына барып көпкө туруп калдым, кассир жок болуп. Анан, май куйдум да, унчукпай олтуруп айдап кеттим. Кайненем олтурабы, жокпу, караган да эмесмин. Кайда кетмек эле, олтурат да артта, деп кете бердим, адатымча ага сүйлөбөй. Музыканы угуп, жолду карап кете бердим. Кыйла жүргөндө, Төө-Ашууга жакындап калганда суук боло баштады. Машиненин жылуулугун күйгүзүп, "суук болуп калыптыр" деп артымды карасам кайненем көрүнбөйт. Жүрөгүм шуу дей түштү, машинеден секиргенби деп, бирок, эшик ачылгандай болгон жок. Токтоп бир аз ойлонуп, кайра тарттым жолдун эки жагын карап. Болгону май куйган жерде токтогом, ошол жерде калган го, деп ойлодум.   Кайра Кара-Балта жакка  келип май куйган жерден сурасам, эч ким көрбөптүр. Ошко аялыма чалгандан чоочудум, балээге калам, деп. Ойлонуп, кара тер басып, эми эмне кылсам деп жолду бойлоп издеп жөнөдүм Кара-Балта  шаары көздөй.
Жакшы, жолдо бир комоктогу эже көрүптүр, андан кайненем, мен каердемин Бишкекке жакын болсо кантип кетсем болот, деп сураптыр. Кичинекей аял болгону менен көп аралыкты басып коюптур бир сааттын ичинде. Жолдо бир семичке саткан аялдын жанында олтуруптур, аны менен сүйлөшүп. Кайненеми көргөндө сүйүнгөнүмдү айтпаңыз, тим эле өөп жибергим келди кучактап, кыйладан бери өпмөк турсун сүйлөшпөгөн кайненемди. Мен жанына келип токтосом унчукпай машинеге олтурду, начальниктей болуп кайра артка, мен да унчуккан жокмун. Тим эле беш мүнөткө бир жакка убактылуу эле тез барып келгенсип. Ошол болду, Ошко чейин дудуктардай болуп жеттик. Бирок, менин аялыма, башкача айтканда кызына, эстүүлүк кылып айтпаптыр. А мен болсо досторума айткандан кийин анан жетиптир аялыма. Кайненем ошондон кийин бир жылдай сүйлөшкөн жок мени менен, эч качан бир жакка алып барып келсин деп да суранбаптыр кызынан. Кийин, мамиле оңолгондон кийин эстеп күлуп жүрдүк.
Аялым дагы эле кайненем машинеге олтуруп калса тийишет:
- Таштап кетпе апамды, деп.
Өзүм да артта олтургандарды текшере турган болдум токтогон жерде, - деп күлдү Боке.

Уландысы бар....








Комментариев нет:

Отправить комментарий