Поиск по этому блогу

вторник, 21 октября 2014 г.

Партиялар биригип аттары өзгөрүп, Бабанов менен Ташиев "БабанТаш" деген тандем түзсө, Кулов менен Текебаев "КулТеке" деген тандем түзүп, ал эми СДПК эч кимге кошулбай "Алмаз-Атам"" партиясы болуп калат имиш...


пятница, 17 октября 2014 г.

Кыргызстанда жылды 5 сезонго эле бөлүп койсо болот:

Кыргызстанда жылды 5 сезонго эле бөлүп койсо болот:
- Шерне-свет өчмөй сезону
- Курултай-митингдер сезону
- Саамал ичмей сезону
- Көл сезону
- Той-салат сезону)))

Кыргызстанда көп нерсе кызык:

Кыргызстанда көп нерсе кызык:
- Дүйнөдө нефть арзандап атат, бирок бензин биякта кымбаттайт...
- Мелжиреген бийик тоолор жайнайт, бирок кыргыз альпинисттер жокко эсе...
- Жылкы, кой жайыттарга батпайт, бирок эт кымбат..
- Ак мөңгүлөрдө, дарыяларда суу толтура, бирок суу сактагычтарда, айылдарда суу жок..
- Жогорку окуу жайлар толтура, бирок жумуш жок...
- Генералдар, офицерлер толтура, бирок армия жок..
- Кыргыз эли момун эл, бирок эки революцияны жасады...
- "Бисмилла" деп баштайбыз, "Аллаху акбар" деп мусулманча бата кылып той откоробуз, бирок тойдо каапырлардай "жинди суудан" ичип койобуз...
- Озубуздун эне тилибиз бар кудай берген, бирок бир орус олтурса беш кыргыз орусча суйлойбуз..
- Килтейтип эки этаж уй салабыз, бирок кочук айланбаган жанындагы "времянкада" жашайбыз...
- 120 депутатты багабыз, бирок элди суйунткон мыйзам жок...