Поиск по этому блогу

суббота, 30 апреля 2016 г.

Камит Савай Кудалашуу

Кудалашуу

Кыргыздар  илгертен балдарынын келечегин эртерээк ойлоп, бактылуу болуп түгөй таап, үй-бүлө куруп жашап кетишине өбөлгө түзгөнгө аракет кылышкан. Жакын туугандар бири- бирине үйлөнсө тукум бузулаарын билишкен, ошого кичүү уруулардын ичинде бири- бирине үйлөнгөнгө жол беришкен эмес. Уруулар өз-өзүнчө болуп кокту-колотто, айылдарда жашашса да, жаштар таанышсын деп той-топурда жаштарга өзүнчө оюн-зоок курушкан. Ата-энелер да башка уруудан өздөрү жакын дос-тааныштарынын кыздары болсо кудага түшүшкөн. Кээ бир бири-бирине жакындары "кан куда" болушкан, алар балдары бойго жете электе эле ант беришкен. Жаңы төрөлгөн балдарды кудалап "бел кудалар" аталышкан. Азыр эми "кан куда", "бел кудалар" жок болду. 
Ал эми азыркы заманда кандай болуп атат, ошого көңүл таштайлы. Заманбап кудалашуу жаңы бир жолдор менен толукталып баратат:
1. Эң көп таркалганы, бул эки жаш жакшынакай эле бири- бирин сүйүп, сүйлөшүп, ата-энелеринен башкасы бардыгы таанышып, көпчүлүгү жактырышкандан кийин жигит кызды макулдугу менен эле өзүнүн ата-энесинин алдына,  "алып качып келди" кылып эле алып келет. Буга чейин жигит менен кыздын ата-энеси да таанышышы мүмкүн, азыр көбүнчө жигиттин ата-энеси кыздын ата-энесин нейтралдуу территорияга- ресторан, кафелерге чакырып таанышышат. Колунда барлар шаардын же жакын шаардын "мен" деген ресторанына чакырышат, "кыйкырган артист" көйнөктөрүн, алтын, бриллианттарын кийишет, "крутой" машине менен барышат, бири- бирине жакшы пикир калтырыш үчүн көп нерсени кагазга ороп, мактап  айтышат. Кээ бирлери каадалуу туугандарын ээрчите барышат, "биз кыйынбыз" деп көрүнүшөт. 
Биринчи жолукканда кудалар бири-бирин көрүшүп, баарлашып, анан жактырышат же жакпай калса кызын же уулун кыздан баш тартууга үгүттөп көрүшөт.
Андан кийин макулдашса, кыздын женелери "кууп келет"  же аларды "куудурбай" эле жигиттин ата-энеси кыздын ата-энеси менен сүйлөшүп алдына барышат, кудалашуу кыздын үйүндө болуп, калың бычылат да, тойдун убагы белгиленет.
2. Эки жаш үйлөнөбүз деп өздөрү сүйлөшүп, анан ата-энесине айтышып, эгер бардыгы жакшы болуп, эки жак ыраазы болушса, анда жигит менен кыздын ата-энеси жолугушуп, таанышып, чай ичишип, ошондо той жөнүндө да сөз болушу мүмкүн. 
Кыздын ата-энесинин алдына бараарда кайсы күнү, канча киши, кимдер бара турганын кызга айтышат.
3. Жигит менен кыз алыста, башка мамлекетте жүрүп бири-бирин жактырып, ата-энелеринин батасын алып үйлөнүп, чогуу жашай беришет. Жаштар кайтып келгенден кийин жигиттин ата-энеси кыздын үйүнө барганда кудалашат, калың да ошондо бычылат, той болсо жаштар жашаган жакта эле болушу мүмкүн.
4. Жигит кызды макулдугу жок эле алып келсе, анда жеңелери кууп келишет. Кыздын ата-энеси жигиттин журту жөнүндө жеңелердин айтканына жараша чечим кабыл алышып, кудаларды тосконго даярдык көрүшөт. 
Кудалашуу, калың бычуу кыздын ата-энесинин үйүндө өтөт.
Канча адам барышы да кыздын ата-энесинин жашоо-шартына, аралыктын алыс-жакынына жараша болот. Бул үчүн жигиттин ата-энеси «делегациянын» курамын туугандары менен чогулуп чечишет.  Делегацияга кирбей калгандар таарынышат, кээде  татыктуу кийим кийгизилбей же жакшы устукан тийбей же туура эмес олтуруп калса ж.б. делегациянын мүчөлөрү да таарынып келишет.
Кудалар ар башка аймактан болушу мүмкүн, кээде жаштардын бири башка  улуттан болсо да кудалашып, калың берилиши мүмкүн. Эгер аймактарлы алсак да каада-салт бир аз айырмаланат. Ошондуктан бул маселеге чоң көңүл буруш керек, болбосо кээ бирөөлөр  уят кылып коёрун да билсеңер.
Мисалы, кудага барганда түндүк жакта айрыкча бир койду союп алат, бир койду тирүүлөй алып барышат же акчасын ала барып беришет. Оштон, мисалы, Нарын жакка кудага бир кап күрүч көтөрүп барсаңар кээ бирөөлөр таң калып, кээ бирөө капа  болушу да мүмкүн же Таластан Ошко фасоль көтөрүп, Жалал-Абаддан Ысык-Көл тарапка бир жашик арак, бир кап жаңгак көтөрүп же Көлдөн Баткенге эки жашик алма, арак алып барсаңар, анда күлкү болушуңар мүмкүн. Кээ бирөөлөр түшүнүп, ыраазы болуп кабыл алат, кээ бир кудалардын туугандары сөз чыгарып, чымчылашы мүмкүн. Буларды калыңдын эсебине да киргизбеш керек. 
Калың көбүнчө кыздын үйүндө бычылат, бул илгертен калган каада, азыр да сакташыбыз керек. Аз да болсо, ырым болсо да калың берилет. Кээ бирөөлөр ресторан, кафелерде деле калың маселесин чечип атышат. Кыз тарап кудаларды тосуп, бир-эки түр тамак берип, сый көрсөтүп, эми жибип, көңүлдөрү тынчып калганда, калың жөнүндө сөз башталат. Алар келээри менен сөз чыкса, анда булар кызын бере албай араң эле турган окшойт дешет. Калың жөнүндө сөздү кыз тараптан кыздын ата-энеси эмес, жакын аксакал туугандарынан бирөө баштаганы абзел. Ал да калыңды талап кылбай, бир тамаша түрүндө баштаганы дурус. Мисалы, "эми силердин бала биздин кызды жактырып калыптыр, эл көзүно ырым-жырым деген болот, кандай дейсиңер" деп баштаса болот. Кээде  убакыт тар болуп же капыстан сөз чыгып калса, анда жигит тараптан да калың жөнүндө сөз чыгышы мүмкүн.
Калыңдын көлөмү ар аймактарда ар кандай. Кээде калыңдын көлөмүнө кыздын жашы, келбети, билими, кыздын ата-энесинин статусу да таасир этиши мүмкүн.
 Ар бир аймакта калыңдын максималдуу көлөмүнө чектөө жок, колуңан келгенин бер, эч ким жок дебейт, көп дебейт, кааласаң самолет бер… Минималдуу көлөмү эмнегедир бар, аны элдин бардыгы билет, андан аз берсең элден уят, ал сумманы ким чектегени белгисиз. Мисалы эң «кымбат» кыздар Таласта, калың 70 миң сомдон аз болсо уят, бул суммадан эмнеси болсо да көп болуш керек, албетте үстүнө бир жылкы, кой кошулат. Орточо калың 150-200 миң сом, эң көлөмдүү калың 500 миң сом, ал эми жылкылардын саны да суммага жараша көбөйөт.
Жалал-Абад, Ош, Баткенде минималдуу сумма 50 миң сом, орточо 100 миң сом, жылкы кээде эле кошулат, көбүнчө уй, кой. Нарында минималдуу сумма 50 миң, орточо 100 миң сом, бирок, жылкы, койлор кошулат. Эң арзан калың Ысык-Көлдө, Чүйдө, минималдуу 40 миң, орточо 70 миң сом, жылкы аз, койлор дайыма бар. Бул нак акча, жандыктардан тышкары ар аймакта ар башкач,а кийим-кечек, тамак-аш, көрпө-төшөк, материалдар ж.б. да берилет.
"Куранда" калыңды жигит үйлөнө турган кызына бериш керек десе, бизде калың эмнегедир кыздын ата-энесине берилет, үйлөнгөндөр ал акчаны дээрлик көрбөйт. Көбүнчө ал акча жаңы-үй-бүлөгө кызга сеп болуп кайтат, кээде кайтпай деле калат.
Кийин калыңдын суммасы, анын бетин ары кылсын, үйлөнгөндөр бир аз убакыт өткөндө уруша кетишсе эскерилет, ошондо айрыкча кээ бир келиндин кайненеси, кайнежелери көбүрөөк калың беришкенин баса белгилешет, эгер аз калың берилсе, анда айтышпайт.
Калың бычуу бул өзүнчө эле базардагы соодалашуу болуп калган. Ар бир тарап өз жүйөөсүн айтып, биринчи тарап аз берели десе, экинчи тарап көбүрөөк алалы дешет. Калың бычканга чейин эки тарап өзүнчө калыңдын болжолдуу суммасын сүйлөшүп алышат. Калың бычуу кээде бир-эки саатка  созулуп кетет. Кээде урушуп- талаша кетишип, кайра жарашып, бата кылып бүтүшөт

Камит Савай Счастливый мексиканец Сиэтла

Камит Савай Счастливый мексиканец Сиэтла
У нас в компании один мексиканец работает моего примерно возраста, он убирает территорию, наши оффисы. 
Каждый раз его вижу и всегда в любое время года и сутки он в хорошем настроении, ходит счастливый, иногда поет пританцовывая, в крайнем случае свистит мелодию какую-то. Хотя у него работа не легкая, работает с раннего утра до вечера, скорей всего и зарплата не высокая. 
Когда он часто говорит по телефону время от времени буквально заливается смехом. 
Как то разговорились, мне интересно стало и я спросил:
-Как вам удается всегда быть в хорошем расположении духа?
Он улыбаясь ответил:
-А что мне чем-то огорчаться, жизнь у меня одна и прожитый каждый день так и потом не вернется. Вот вы вообще неправильно живете.
-Почему же, с интересом спросил я.
-Вот у большинства у вас например в голове и на телефоне работа, семья, работа..У большинства мексиканцев в голове и в телефоне женщины, любовь, музыка, танцы, веселье, посиделки, потом только немножко работы. Я вас вообще не понимаю, ходите все несчастные, работаете не поднимая голову от компьютеров, хмурые, задумчивые, противные, как будто все время гавно нюхаете, -засмеялся опять мексиканец. 
Вот так, оказывается ему очень жалко нас. 
Я подумал, действительно, вот он счастливый человек, живет и жизнью не нарадуется, почему мы не можем быть таким счастливым, и решил стать счастливым с завтрашнего дня...а сегодня тяжелый день перед отпуском, не до смеха и любви..


пятница, 29 апреля 2016 г.

Камит Савай Из серии “Путевые записки лысого кыргыза” "Завтрак старпера"

                   Из серии “Путевые записки лысого кыргыза”    
                          "Завтрак старпера"
Наконец взял двухнедельный отпуск и на машине отправились в Калифорнию. Я давно обещал детям, которые сидели на каникулах, показать Диснейленд и Голливуд. Выехав из Сиэтла утром по шоссе №5, которое идет от Канады в сторону Мексики двигались достаточно быстро, было субботнее утро и не было нигде пробок. Мы вскоре проехали Портленд, прохладный штат Орегон и ближе Калифорнии началась жара. Нам надо было добраться до Сакраменто, где резервировали отель и планировали там переночевать. По территории Калифорнии шоссе вначале идет по степям, да по пустыне. Кушали, то что дочка приготовила и к обеду хотели есть что-то горячое, остановились в придорожнем небольшом оазисе, где кроме заправки было кафе и магазин. Кафе было достаточно большое для этого оазиса и даже была очередь, чтобы занимать места. Немного подождав сели и мексиканка официантка быстро принесла меню и холодную воду. В Калифорнии очень много выходцев из Мексики, граница рядом, везде надписи на испанском, выпускаются газеты и есть испаноговорящие телеканалы. Наше кафе не было исключением, и среди кушающих много было мексиканцев.  Меню было такое красочное, с цветными фотографиями блюд, названия блюд были перемешаны с испанскими и английским словами. В меню была отдельная страница для тех, кому за 55. То есть, для стариков предлагали 10 процентную скидку, если выбрать блюда из этого раздела. Я как старик, заинтересовался этим разделом и скидкой. Дети начали выбирать блюда кто что. Я начал читать названия блюд, и в одном месте вместо Senior Starter, то есть, стартовое блюдо, завтрак для стариков, прочитал “Сеньор Старпер”, что был очень близко по произношению и смыслу к названию. Мы со старшей дочкой сильно засмеялись. Младшая дочка и сын не поняли, почему мы смеемся и не понимая смотрели удивленно на нас. Дальше еще было интересно, в этом блюде “Сеньор Старпер” предлагали старикам одно яйцо с одним беконом или с одной сосиской, наверно хозяева кафе посчитали, что “старым старперам”  этого явно достаточно и и наедятся. И еще, стариковский раздел был без картинок блюд, голые названия и описания. Кстати, в похожее  блюдо не старикам входили нормальные два яйца, беконы, сосиски на выбор. То есть старикам вроде скидка, но если посчитать, то выходило, что старикам даже дороже обходился “Сеньор Старпер”. Мы продолжали смеяться со старшей дочкой все это время чтения содержимого блюда и посчитывания стоимости и сравнения с не стариковским блюдом. Долго смотревший на нас сын не выдержал и спросил: “Что это такое “Сеньор Старпер”?
Мы уже не тихо смеялись, а хохотали вовсю. Когда дочка перевела это название на нормальный длинный русский язык.
Но, неожиданно сын задал еще один вопрос: “А что, старики тоже пердят?” .
Уже соседние столики смотрели на нас, не понимая, почему эти “китайцы”, то есть, мы, для них мы все равно “китайцы”, хохочем без остановки, вы бы видели еще лицо официантки, когда она подошла и не  понимая, но с дежурной улыбкой долго стояла пока мы не успокоимся.  
Хорошо, я взял себя в руки, с трудом останавливаясь начал задавать вопросы официантке, а дети еще долго говорили об этом пока я их тоже не остановил.
Не стал заказывать “Сеньор Старпер”, где все в одном экземпляре   и заказал нормальный завтрак не старикам, стейк с брокколи и кукурузой.

Когда ушли из кафе, то долго смеялись вспоминая раздел старикам и блюдо “Сеньор Стартер”..

Таттыбүбү жана Нуркан Турсунбаевтердин сүрөттөрүнөн (Баатыр Рысалиевден көчүрүлдү)







КРСУ деген орустар каржылаган окуу жайдан бир профессор "Кимдин тарыхынын жана маданиятынын жылы" деп кычык суроо бериптир. Менин ойум, бул "Кыргызстандын тарыхынын жана маданиятынын жылы", "еврейлердин, же башка улуттун жылы эмес", алар биздин жерге келгенге чейин деле биздин улуу тарыхыбыз жана маданиятыбыз болгон, буйурса дагы эле боло берет. Биздин Президент туура кылган, биз билебиз, кимдер биздин тарыхыбызды жок кылып, бурмалап келген, бул жерде улутчулдукту издештин башка келгин элдерге кереги жок. Ким кой деп атат, алар да оздорунун Кыргызстандагы тарыхын изилдешсин, анан кыргыздын жеринде туруп алып акыл уйротуп чукулабай. Жашасын Кыргыз тарыхы жана маданияты!!!


Бишкегим, Бишкегим сееен.. ⁃ Кыргызстандагы жалгыз миллионер шаар ⁃ Джип, Мерседестердин саны боюнча кээ бир Европанын шаарларынан алдыда ⁃ Ош базары менен Дордойдон шаардын "лювой" кычыгына маршрутка жеткирет ⁃ Дүйнөнүн бут тамагын тапса болот, кафе, ресторан аз келгенсип, павильон, комоктордон да тамак табасын ⁃ Шаардын "лювой" точкасынан ак чокулуу тоолор көрүнүп турат ⁃ Эч качан адашпайсын, анткени түндүктөн түштүккө он чоң көчө, батыштан чыгышка он чоң көчө кетет ⁃ Бишкекке жаз келгенин "Шоронун" түстүү бочкалары көчөлөргө чыкканда билесин ⁃ "Мейманканалар" толтура болсо да көчөдө калбайсын, "посуточно" деген квартиралар толтура ⁃ Эч качан кир да болбойсун, анткени мончо, сауналар жымырайт ⁃ Кафе, ресторандарында барып тамактан жеп, анан кайра бийлеп ачка болушсун деп ошол эле жерде дискотека жасап койушкан, анан бийлеп да ырахат аласын - Шаарлыктар орусча кыргызчадан көп сүйлөшүшөт, кээ бир жерде орусча суйлобосон тушунбой калышы да мумкун, кээ бирлери кыргызча тушунушсо да суйлогусу келишпейт - Кочолордо "штучный сигарет", "жвачка", бир чегим насвай дегендерди сатып алсан болот - Уландысы бар..


четверг, 28 апреля 2016 г.

Камит Савай Кайнене

Кайнене

Кайнене жаш келин болгон кезин, башка бүлөгө көнүш кандай кыйын экенин, жаш келиндин толкундаган абалын эске алып, кылдат, акырын, маанайын байкап, мамиле кылганы абзел. Албеттеөзүңүздүн кайненеңиздин "катуу" болгонуна жаш келиндин тиешеси жок эмеспи, андыктан "өч албай" эле койгула..
Жаңы келинди күнүгө эле япондордой кечке жүгүнтө бербей, үч күн жүгүнгөндөн кийин токтотуп койсо деле болот, "эгер, чоочун  кишилер бар болсо эле жүгүнгүн" деп..
Жаш келиндин жүрөгүн түшүрүп кыйкырбай, таяктай катуу тийбей, ал өзү араң турганда шагын сындырбай, идиш-аякты калдыратпай, сылык мамиле кылып, "айланып, тегеренип кетейин кызым" деп, "тигини, муну кыла койчу" деп жумшап турса, түшүнгөн келин ошого жараша чуркап аракет кылат.
Кара жаак, каяша айткан келинди да сабырдуулук менен кыраан кайнене өзүнө имерип, кызындай кылып алат.
"Кайнененин камырынан" дегендей, эмнеси болсо да тажабай, билбегенин билдирип, көрбөгөнүн көргөзүп, жасабаганын үйрөтүп, үрп-адат, тууганчылыктын жолдорун көрсөтүп турган жакшы.
Эч качан "сага муну апаң үйрөткөн жок  беле, эмне кылып жүргөн" деп айтпай эле койгула, бул келинге катуу тийип калат.
Чайы бир аз начар болуп же тамагынын тузу кем болуп калса да келинди элдин көзүнчө жемелебей эле койгон жакшы же тамашалап койсо болот, "Чайды биздегидей эмес, көбүрөөк салып демдеп келе гой, меймандар шашпайт экен", же "Тузду мен айткандай эмес, бир аз кошо түшө кой, мен го, тузу аз тамак ичем" деп…
Чай коюу болсо, анда "меймандар кайненесинин чайын аябаптыр дешет го, бир аз кайнак суу кошо кой, мендей коюу чай  ичишпейт экен" деп койсо болот…
Жаштардын жашоосуна кийлигишип, акыл үйрөтүп, күнүгө миң жолу айтуунун кереги жок, уулуң менен келиндин турмушуна мурдуңду көп тыкпай, тигини кий, муну же «аны ичпе, муну укпа, буларды көрбө, биякка баспа, тиякка барба, минтип жаша, антип  жашаба» ж.б. "кеңештерди" саат сайын айтпай, сааты келгенде гана орду менен, салмактуу,  насаат сөздөрдү айтып койгон абзел.
Уулуңарды көп кызганбай, аны караганды толугу менен келинге өткөрүп бериш  керек.
Эгер шарт болсо, жаш үй-бүлөнү эрте эле бөлүп койгон жакшы, "биз менен жашагыла" деп кыйнай бербей, керек болсо жардамды аябаш керек, анткени, келин эмнеси болсо да өзүнчө жашагысы келет.
Жаш кезекте ар ким эле көңүл ачып, музыка угуп, ары-бери баскысы келет, ошондуктан келинди кечке үй кайтарган күчүктөй байлабай, кээде эс алып келгиле" деп турса болот.
Кээ бир кайненелер келиндерине "ат" коюп алышат экен, тез иштесе "шыпылдак", акырын иштесе "тормоз" деп, тили узун болсо "кобра", акчасы көп болсо "алтын", толук болсо "анаконда", уулун башкарып алган болсо "шефиня", көп сүйлөсө "радио", кара тору болсо "аппак", ак жуумал болсо "сапсары", бою узун болсо "тепкич", кыска болсо "бир жарым" (метр), толугураак болсо "КАМАЗ", арык, кичине болсо "Тико", мактанчаак болсо "өпкөсү жок" ж.б...
Бирок,  келиндердин көзүнчө эркелетип чакырышат, жалгыз келин болсо, анда атынан же "келин" эле деп, эгер, келин көп болсо, анда "чоң келин", "кичүү келин" ж.б. деп аташат..
Уулу менен келини айтыша кетсе, кайнене келин тарап болуп койсо, кадыр-баркы көтөрүлүп, келини тилин жакшы алып калат. Уулуңар таарынса тез эле жазылат, келин болсо өзүн бөтөн сезип калышы мүмкүн.
Уулуна акча берсе, катып бербей, келиндин көзүнчө эмне үчүн  бергенин айтканы абзел.
Кайнене уул-келини менен эмес, башка турса, уулунукуна азыраак барганга аракет кылганы жакшы, эгер өтө эле муктаждыгы жок болсо азыраак түнөгөнү да дурус, жөн эле айлап жатып албай.
Келинди көптөн бери көрбөй калса, анда жолукканда кудаларды сурап койгон жакшы.

Келиндин кийингени, боёнгону жакпай калса өзүнө эле акырын түшүндүрүп айтса болот, кыйкырбай, башка бирөөлөрдү мисал кылбай, кемсинтпей эле.

среда, 27 апреля 2016 г.

Камит Савай Кыргызча-англисче слэнг..

Камит Савай Кыргызча-англисче слэнг..
Cash барбы..
ThankРахмат..
Tip ти нормально бер..
ОйвайGirl..
Appointment им бар..
Busy болом..
Roommate досум..
Нiдосум
Money совсем жок..
Kent им менин..
Kiss oбом..
Exit ке чык..
Bye бол..
Кечки Hi..
Take care этият..
Apartmentтесинби..
Йохуу cool..
Жа, жа, жа (күлкү).. Бул х ны aнглисче j деп жазгандан, мисалы, хуанита-juanita..
Godnes десе..
Time ын барбы..
Call back кылып кой..
Mail имди алдынбы..
Lunch тадынбы..
Message таштап кой..
Car pull га сал..
Starbucks та олтуруп тур..
Сredit card менен толо..
Online эле кыл..

Камит Савай Лимон

Лимон

Биздин Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүндө Өмүрзак деген аябай катуу, сүрдүү подполковник начальник болгон экен. Сүрдүү болгону менен ал лимон өстүргөндү сүйүп, үйүндөгүсү аз келгенсип, кабылдамасына да өстүрчү экен. Күнүгө эртең менен жумушка келээри менен лимонго суу куюп, азык берип, анан дүжүр сержант, лейтенанттарга лимонду караганды үйрөтчү. Ошентип, лимон биринчи жолу жалгыз мөмө байлаптыр. Ошол күндөн баштап, начальник лимонду мурдагыдан беш бетер  көзөмөлгө алып, “мөмөгө эч ким тийбесин, дүжүр башы менен жооп берет” деп буйрук бериптир. Дүжүр милициялар күнүгө лимонду мөмөсү менен кийинкисине өткөрүп берип турушкан.  Дүжүрлөр лимонду милиция бөлүмүнүн мүлкүнөн да катуу кайтарышыптыр.
- Ким лимондун мөмөсүн жоготсо, жумуштан айдайм, - деп подполковник коллективдин алдында да жарыя кылыптыр.
Кабылдамага эл чогулса эле дүжүрлөр кабатыр болушуп, какайып лимондун жанына туруп алып, элди лимон жакка жолотпой, дайыма эшикти жаап турушчу. “Лимон жоголбосо экен” деп эки көзү төрт болуп, кудайдан тилеп турушчу. Мөмөсү күн өткөн сайын чоңоюп, сапсары болуп көзгө көрүнүп калыптыр.  Эртең менен начальник кабылдамага киргенде дүжүр рапорт берип, анан “лимон ордунда, аман-эсен” деп салам-дубай айтышчу экен.
Бир күнү кечинде, начальник жокто,  дүжүр жана эле турган лимондун мөмөсүнүн жоголгонун көрүп, жүрөгү түшүп,  эмне кылаарын билбей же бирөөгө айта албай, аябай катуу бушайман жептир. Эми начальник билсе жумуштан маскара кылып, коллективдин алдында ашата сөгүп, кууп чыгаарын элестетип, түнү менен ойлонуп, бир оокумда жакшы идея башына келиптир. Өзүнүн ордуна бир досун чакырып иштетип, өзү болсо таң атпай Ошко базарга жөнөптүр, ал убакта Кара-Сууда лимон сатылчу эмес.Такси жалдап алып, ар кимден сурап, эптеп издеп жатып бир соодагер өзбектин үйүнөн бир лимон таап, болгон акчасын коротуп, кайра жетип келиптир. Досун кетирип коюп, алып келген мөмөнү мурдагысынын ордуна жашыл жип менен сонун кылып, билинбей тургандай илип коюптур.  Жаңы дүжүргө эптеп лимонду өткөрүп, начальникке көрсөтүп кутулсам экен деп коркуп,  шефин күтүп калыптыр.
Начальник болсо, лимон жоголгон күнү  дүжүрдү архивге 5 мүнөткө жөнөтүп, “жаңы бышкан лимон менен үйгө барып бир сонун  чай ичейин” деп кесип  алып кеткен эле.
Эртеси келсе, дүжүр "жолдош подполковник, менин күзөтүм тынч өттү, лимон ордунда!" десе болобу.
Кечеги кескен лимондун ордундагы жаңы лимонду көрүп, начальник көргөн көзүнө ишенбей, лимонду кармалап, дүжүрдүн ойлоп тапканына, жасаганына баа берип, каткырып күлүп калыптыр.
Аны карап дүжүрдүн башы маң, “начальник билип калды, эми даана өлдүм” деп, эмне кылаарын билбей, кокоюп, нес болуп, калтырап туруп калыптыр. Мисирейген, катуу деген начальник күлкүдөн араң өзүнө келип, экинчи лимонду да кесип алып, дүжүрдү "азамат, эртең да лимон байлап койчу" деп мактаптыр.

Дүжүр болсо, түнү менен башына эмне гана келбей, чачы агарып, чарчап араң басып, биринчи жолу кабылдамадагы кезекти лимондун мөмөсү жок өткөрүп кетиптир... 

вторник, 26 апреля 2016 г.

Кыргыз аялдары ким

Кыргыз аялдары ким:
⁃ Эркектер менен тең укуктуу болгонго дайыма күрөшүп келишкен
⁃ Кыргыз аялдары Жаңыл мырза, Курманжан Датка, Уркуя ж.б. өз эли, жери үчүн күрөшкөн, аял башы менен эл журтту башкарышкан
⁃ Кыргыз аялдары бетин, жузун эч качан жабышкан эмес
⁃ Орто Азияда заманбап заманда биринчи жолу кыргыз аялы Президент болгон
⁃ Кыргыз аялы кыйын күндөрдө балдарын күйөөлөрүнө бактырып, чыдамкай коммерсант болуп чыкты, Орусиянын Чукоткасынан Калиниградга чейин базарларын ээлешип, Турция, Эмираттар, Кытай ж.б. өлкөлөрдөн товарларды ташып сатышты
⁃ Кыргыз аялы дүйнөдөгү эң алдыңкы тигүүчүлөрдөн болушту, менмин деген Вьетнам, Кытай биякта эле калды
⁃ Кыргыз аялы Чикагону мыкты таксист болуп чаңдатышты
- Кыргыз аялы ат жалында эркек менен тең жарышат
- Кыргыз аялы спорттун "лювой" түрүн өздөштүрүп келе жатат, керек болсо "биатлончу", "футболчулар" да бар
- Кыргыз аялы өлкөдөгү машинелердин жарымын айдап калды
- Кыргыз аялдарынын кээ бирлери уй-бүлөөсүн эркектен кыйын багат, Генпрокурор, ГАИ начальниги ж.б. постторду ээлешет, болбой баратса "группа" менен кредит ала койушат, "чёрная касса" ойношот ж.б.

Камит Савай Бир көрүп, түбөлүк сүйгөн Ысык-Көл

Бир көрүп, түбөлүк сүйгөн Ысык-Көл

Ошто чоңоюп, кичинемде Ысык-Көл жөнүндө телевизордон эле көрүп же барып келгендерден угуп, бул кандай көл болду экен деп, деги эле жакшы элестете алчу эмес элем. Мен бала чакта көргөн эң чоң көл, бул биздин айылдын жогору жагындагы көл болчу. Азыр ойлосом, ошол убакта Кара-Суу районундагы Савай айылы сууга бай жерде турган экен, ылдый жагынан Шарихан-Сай дарыясы чоң каньон (сай) менен жайылып агып өтсө, жогору жагында Савай-Арык деген чоң канал бар эле. Анжиян суу сактагычы бүтө электе суулар жаздан күзгө чейин чопо топурактын өңүндөй болуп агып, кышкысын бир аз көгөрүп калчу. Айылдан бир аз алыс жакта, Савай-Арыктын жанындагы көлдү "Чоң-Көл" дечүбүз, анткени майда көлдөр да бар эле. "Чоң-Көлдүн" эң жазы жери он метрдей болуп, узундугу жүз метрден ашык болчу. Ортосу терең, суусу булактай болуп таза, муздак, жээги кум, дарактар арбын өсчү. Күн ысыкта бул көлгө түшүп жыргайт элек. Каньондо мал бакканча Шарихан-Сайдын ылай суусуна чөмүлсөң денең бопбоз болуп, ун сыйпап койгондой болуп калат, "Чоң-Көлдө" андай болчу эмес. Ошого, кээде алыс болгонуна карабай чөмүлгөнү "Чоң-Көлгө" барчубуз.
Ысык-Көлдүн  "Чоң-Көлдөн" өтө эле чоң экенин географиядан окугандан кийин билдим.
Анан, Киевде окуп жүргөндө деле чоң көл көргөн эмесмин. Каникулга келгенде үйдөгүлөргө жардам берип, шалы отоп, мал карашып, Савайда эле жүрчүмүн.
Окууну бүтүп келип, Фрунзедеги политехникалык институттун ЭВМ кафедрасында инженер болуп иштей баштадым. Бир жолу институтта чоң илимий конференция болуп калды. Мага кафедра башчысы, кийин Кыргызстандын биринчи президенти болгон Аскар Акаевич Акаев транспорт уюштуруу жоопкерчилигин тапшырган болчу. Конференция бүткөндө меймандарды көлгө алып бара турган болдук. Аппак олтургучтары бар, кыпкызыл, жапжаңы "Икаруска" бүт Москва, Ленинград ж.б. шаарлардан келген академик, профессорлор толуп, автобустун айдоочусунун жанындагы кичинекей олтургучка мен олтуруп, биринчи катарда А.Акаев орун алып Ысык-Көлгө жөнөдүк. Автобус Фрунзеден чыгып айылдарды аралап, Боом капчыгайына жеттик, "Холодная водага" токтоп, муздак суу ичип, анан капчыгайга киргенден баштап Аскар Акаевич автобустун радиосунун микрофонун алып гиддин ролун аткарып кирди. Биринчи баштаганда өзүнүн кичи мекени Чоң-Кеминге кеткен жолду көрсөтүп, анан Боом капчыгайы жөнүндө айтып кирди, эмне үчүн Боом деп аталат, жол качан курулганын, темир жол качан бүткөнүн. Меймандарга эле эмес, мага да аябай кызыктуу болду, анткени мен да көп нерселерди биринчи угушум эле. Аскар Акаевичтин ошол жерлердин эмнеге антип аталышын, тарыхын билгени, кеңири толук маалыматтарды айтканы мени аябай таң калтырды. Тоолордун боорундагы ак топурак, жол-жол сызыктарды көрсөтүп, илгери Ысык-Көл азыркыдан чоң болгонун, биз бараткан капчыгай толо көл болгонун айтып берди. "Кыз-күйөө" айылынын аты эмнеден чыкканы жөнүндө уламышты айтып, Балыкчыга (Рыбачье) жеткенде көл жөнүндө кеңири маалымат берди, тереңдиги, узундугу, канча дарыя куят ж.б. Бир убакта, Аскар Акаевич, "Урматтуу меймандар, мына Ысык-Көлгө келдик" деди эле, элдин бардыгы ал колу менен көрсөткөн жакты карап калды. Чын эле, Балыкчыдан бир аз өткөндөн кийин оң жакта катар өскөн дарактардын арасынан, ары алыста чалкып жаткан көгүлтүр Ысык-Көл көрүндү. Бул менин өмүрүмдө биринчи жолу Көлдү көрүшүм болчу.
Андан ары барганда Аскар Акаевич "Тору-Айгыр" жөнүндө уламыш айтып берди, ошентип, жол кыскарып, тез эле Чолпон-Атага кирип бардык. Конокторду пансионатка жайгаштырып, банкет болуп, кечки тамак берип, кеч бир оокум болду. Менин оюм дагы эле көлдө болду, тезирээк бүтүп, Ысык-Көл менен жакындан таанышып, суусуна бети-башымды жуусам деп дегдеп жаттым. Акыры бардыгы тынчып калганда Аскар Акаевичтен жооп алып алып, учкан бойдон көлдү карай жөнөдүм. Жайдын түнү, ай жарык болчу. Фрунзедеги үптөн кийин Ысык-Көлдүн абасы кадимкидей салкын экен. Көлдүн жээгине келип жээктеги олтургучка  олтуруп эс алып, көлгө карай назар салдым. Көл мемиреп тыптынч, суунун кыймылдаганы эч бир билинбейт, кээде гана алыста сууга түшүп жаткандардын үнү угулуп аткансыйт. Ай жапжарык болуп, көлдүн үстүнө эле жарык берип тургандай, чоң прожектордун нурлары көлдүн бир жерине эле жарык берип, жээктен кенен башталып аркы жээкке чейин барган сайын кууш болгон жол салып койгондой. Тим эле, ошол жарык жол менен басып, аркы жээкке өтүп кетсе боло тургандай. Мындай кооз сүрөттү мен Г. Мартыновдун "Звездолетто 220 күн" деген фантастика китебинен көргөн элем, бирок, ал жерде бир планетада звездолет жарык кылган сүрөт эле.
Көлдүн суусу муздактай көрүндү, "Салам, Ысык-Көл", деп саламдашып, "Бисмилла" деп сууга жээк жакка бир аз чөмүлүп ырахат алдым. Фрунзенин ысыгынан кийин көлдүн суусу денени чымыратып, кээде эркелетип, чыга калсаң үшүтөт. Бирок адамды сергектенип, чарчаган, буулуккан сезимдерди бир жакка алып кеткендей болуп, көл мени менен сонун учурашты.
Эртеси эртең менен, элдер тура электе жарыкта көрөйүн деп кайра чуркап келдим, анткени, кийин убакыт болбой калышы да мүмкүн болчу.
Асман чайыттай ачык, үзүм булут жок, кечээги тынч көл жок. Ал да эбак ойгонуп, жээкке толкундарын кайра-кайра алып келип, бирдеме деп шарпылдап мага сүйлөп жаткандай. Ак чардактар да жумуш күнүн башташып өздөрүнчө сайрап, ойкуп-кайкып учуп жүрүшөт. Аркы беттеги катар тизилген тоолор ак калпак кийип алышкандай. Мындай карасан, деги эле бул табигый жаратылыш эмес эле, бир чыгаан, талантттуу сүрөтчү тарткан сүрөттөй эле.
Ошентип, көлгө "таңкы салам" айтып келдим.
Эртеси Семенов капчыгайына конокторду алып барып, Усубалиевдин "дачасында" конок кылдык, кой союлду, тосттор айтылды, бешбармак желди, аттарга миништи, токой аралап басышты.
Капчыгайдын сулуулугу, абасы, суусу эми укмуш, бекеринен чондор бул жакка "дача" салышкан эмес экен. Кайра кайтаарда дагы көлгө түшкөнгө жарым саат убакыт болду, анткени, коноктор көлгө түшкөн убакта уюштуруу иштери менен чуркап жүрчүмүн.
Чак түштө көл такыр башкача экен, суу жылып, эртең мененки толкундар эс алып атышканбы, толкун жок, жээктеги кум да ыпысык, кичинекей балдар чуру-чуу, ак чардактардын ордун ээлешип, эч нерседен бейкапар оонап жаткан кишилер. Көлдө алыста сүзгөн кеме көрүнөт, суу туптунук, иши кылып өзүнчө эле бир бейкапарлык, идиллия.
Сууга түшүп, кумга жатсам, күн нурлары жаңы келген неме экен деп дароо эле менин денемди күйгүзүп кирди. Эхх, турмуштагы, жашоодогу жыргалдын жыргалы көлдө турбайбы дедим ичимден, Фрунзенин аптабына, тиричилик, көр-оокат турмушту ойлоп, ушул жыргал жашоо жерден, касиеттүү көлдүн жээгинен такыр кетким келген жок. Кудай насип кылсын, дагы көп келейин деп кудайдан сурандым.
Ошентип, биздин биринчи президентибиз Аскар Акаевичтин "жеңил колу” менен көлгө биринчи жолу барып, Ысык-Көлдү сүйүп калдым. Кудай менин көлдү сүйүп калганымды укту окшойт, андан көп убакыт өтпөй көлдүн бир "ак куусуна" жолуктум. Нике кайып экен, биринчи көрүп түбөлүк сүйүп калган көлгө күйөө бала болуу бактысы буюруптур мага...


понедельник, 25 апреля 2016 г.

Камит Савай Борборду бошотуу планы (Какшык)


Борборду бошотуу планы
(Какшык)
Бишкектен мамлекеттик мекемелерди чыгарыш керек деген сунуштар акыркы убакта көп айтылууда. Мындайды качан эле башташ керек эле, кененирээк басып калмакпыз. Президент, премьер мамлекеттик резиденцияда эле жашап иштешсин, эс алышсын, Ак Үйгө күнүгө жолдорду бууп, элди күттүрүп келбей эле коюшсун. Интернеттен эле чогулуштарын өткөрүшсүн, скайптан, фейсбуктан буйруктарын беришсин, урушса да интернеттен урушушсун, эл көрсүн.
Резиденциянын бийик дубалына эч ким секирбейт, митинг, пикеттерди Чоң-Арыктын дөңдөрүндө өткөрүшсүн, шаардан элди коркутпай.
Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү «Алтын-Көл» пансионатына көчсүн, ошол жерде мыйзамдарды жазышсын, эс алышсын жылы бою. Тытышышсын, акча бөлүшүшсүн, аларды элдин кыжырын келтирбей ошол жактан чыкпай турган кылып бекитип коюш керек.   Аларды эл көрбөсүн, укпасын. Ар кандай компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, элдерди майлуу, сүттүү жумуштарга дайындап ж.б. булактардан акча алып жашашсын, андыктан аларга машине, маяна берүүнүн да кереги жок.
Коргоо министрлигин жүздөгөн генералдары менен Баткенге алып барыш керек, чек араны корушсун, андыктан генералды көрүп тажиктердин эси оосун, контрабандачылардан, наркодилерлерден  акча алышсын, аскер комиссариаттары армиядан качкан балдардан аскер билеттерине акча чогултушсун.
Энергетика министрлиги Кара-Көлгө Токтогул ГЭСинин жанына көчсүн, ошол жерден жылбай суу сатышсын,  МЧС Ош-Бишкек жолуна көчсүн, жолду жаап- ачып, ижарага берип, чоңдорго, байларга үй, жол салып жашашсын. Жаштар министрлигин Ош ЗАГСына көчүрөлү, үйлөнүү тойлорду өткөрүп, лимузиндерди ижарага берип, өкүл ата-эне болуп акча чогултушсун.
Финансы министрлиги, экономика министрлигин, Соцфондду Улуттук банк менен кошуп Баткенге көчүрүлсүн, бир жерден биздин акчаларды бөлүп жешсин, акча алганы сагалап,  эл барып аймактар өнүксүн.
Салык, бажы кызматтарын, "Кыргызалтынды" "Кумтөргө" жылдыралы, акча өнбөгөн канадалыктарды саашсын, чыгаары менен  бизге тиешелүү алтынды бизге граммына чейин жөнөтүшсүн.
ИИМ, УКМК мамрезиденцияда эле чоңдорду корушсун, дем алыш күндөрү бизнесмендерди, базардагыларды,  наркодилерлерди, кафе,  ресторандарды коркутуп-үркүтүп акчаларын алып жан багышсын.
 Айыл чарба министрлиги, Транспорт министрлиги, Мамлекеттик мүлк комитетинин эч кимге кереги жок, алар жоюлсун.
Билим берүү министрлиги Нарынга жылсын, анан башка областтарга кезек менен көчсүн. Балдарды окууга өткөрүп, китеп сатып, мугалимдерге наам берип акча табышсын.
Маданият министрлиги Токтогулда болсун, анткени артист, ырчылардын бардыгы ошол жактан, тойлордо ырдашып акча таап жашашсын.
Саламаттык сактоо  министрлиги  да бир областтын чоң төрөт үйүнө көчсүн, жаңы төрөлгөн ымыркайларды карап, уурулардан корушсун, көрүндүк чогултушсун, операцияларга акча алышсын, витамин, дары-дармек сатышсын.
Тышкы иштер министрлиги “Манас” аэропортуна жылсын, эсеби жок визалардын акчаларына оокат кылышсын.
Аксакалдар соттору, кылмышкерлерди кармай турган “Чоролор” отряддары түзүлсүн, кылмышкерлерди камап, багып олтурбай кылмышына жараша дароо жаза, айып салынсын (союл, камчы менен урмай, бармак, кол, бут кесмей, таш бараңга алмай, аянтта асмай ж.б.). Ошондо прокуратура, сот, түрмөлөрдүн да кереги жок болот.

Мына, канча элдин акчасы үнөмдөлүп, мекемелер бошоп, жолдордо машине азайып, сонун эле болот, борбор шаар тынчтанып, көркүнө келип,  жыргап эле калат…

Камит Савай Студент


                      
Студент

Азыр бизде ким көп, студент көп. Ар бир кыргыз баласын "кыйын бир кесиптин ээси болсун" дебейт, "эң башкысы диплому болсун" дейт.  Кредит алып, малын сатып, Россияда иштеп болсо да контракт төлөп окутушат.
Студенттер азыркы убакта кимдер?
- Мурда окуудан бош болсо иштешчү, азыр иштен бош болсо окушат. Кудай берип базар, кафе, дүкөн, павильондор ж.б. көп болуп, көп студенттерге жумуш табылды.
 
-  Кыйын
дары компанияларда иштешет, офистерде олтурушат. 
-  Балдардын телефондорунда кыздар, "приколдор" менен конспекттердин сүрөттөрү, кыздардыкында селфи менен кийимдер…
- Беш сүйлөм алмаштырып, чабыштырып интернеттен көчүрүп, бир саатта килейген реферат жазып келишет.
- “Инстаграммга селфи” койсо, мединституттун студенттери ак халатчан түшүшөт, халаты жок сүрөт койбойт, калгандары «башкы корпустун» алдынан түшүшөт.
-  Ачка калса да көтөргөнү "асем" телефон.
-  Эч кимге угузбай ”маршруткага» деп 10 сом сурайт.
-  "Наушникте" музыка угуп жатып да сүйлөшө алат, кантип угуп алат,  бир кудай билет.
-  Бир колу менен каалаган жерге 3 секундда 5 сөздөн турган  "билдирүүлөрдү" эч кимге билгизбей  жазып жиберет.
-  5 студент 2 порция тамакка сонун тоюп чыгышат кафеден.
-  Эки колдоп учураша албайт, бир колунда дайыма телефон.
-  Эч качан "мен токмун", "тойдум" дебейт.
- "Сааты" эстүү болот, ойгонмоюнча тынчыбай ар бир үч мүнөт сайын бир сааттан ырдай берет.
- Дайыма сурасаң, ар кайсы бирөөнү сүйүп жүрөт.
- Макарондон эч качан тажабайт.
- Акыркы партаны талашат.
- Мурда ручка же кагаз барбы деп сурашса, азыр "зарядка" барбы же "бирдигиң барбы" деп жан талашышат
- Башталгыч курстарда мугалимдер качат, жогорку курстар мугалимдерден качат.
- Эң арзан кафе, “пирожки”, самса менен гүл саткан жерди жакшы билет.
- Кээде он “бирдик" менен беш күн жүрөт, "маякты" басат, жооп бергиче, бир “бирдик” коротпой өчүрөт.
- Атсаң да эрте жата албайт, эртең менен тура албайт.
- Эртең менен сабакка шашылып, 5 мүнөттө эки саат жасалчу "прическаны" койкойтуп коёт, “маршруткада” эч кимге билгизбей боёнгонго да үлгүрөт
- Экөө квартирага чыгып, анан бешөө жашайт.
- Акчасы түгөнсө акырын апасына гана чалат.
-  "Дааналап" эмес "пачкелеп" тамеки тартсам, “маршруткада” тыгылып жүрбөй, аялдан мурда "машине" алсам" дейт.
- Ал жакка басып барбаса деле, айрыкча кыздардын айтуусу боюнча «китепканага» көп барышат.
- Чөнтөгүнө бир азыраак акча түшсө эле "студенттик ашканага" барбай, аллергиясы кармайт.
-  Кечиксе дайыма "тыгын" менен “маршрутка” күнөөлүү болот.
-  Илгери китеп кармап уктаса, азыр чөнтөк телефон кармап уктайт.
- Азыр Интернетте ушунча маалымат көп, андан башың айланат, ошентип баш айланып, жакшысын тандап окугуча эле сессия күтпөгөн жерден келип калат.
- Мурда килейген портфель көтөрүшчү, азыр бир дептер оор болуп, аны да көтөргөндөн зеригишет.
-  Дайыма бир "кокус кырдаалга" бир "сагызы" бар.
- Күндүз миң убактысы болсо да окуй албайт, түнкүсүн 10 дон кийин кычап, “окуш керек эле” деп калат.
- Шайлоодо баркы көтөрүлөт, партиялар эстейт, эми мугалимдер студенттерден сурана башташат.

- Кээ бир студенттер сессиядан кийин бир «куйруктуу» жаныбарлардан айырмаланып, «көп куйруктуу» болуп калышат.