Поиск по этому блогу

воскресенье, 15 мая 2016 г.

Камит Савай Бейшенбектин беш кызы (Биринчи бөлүгү)

Бейшенбектин беш кызы
                                   (Биринчи бөлүгү)

            Айылда жайдын саратан күнү Бейшенбектин үйүндөгү ашканада үй-бүлөсү кечки тамак ичип олтурушкан. Үйдүн ээси Бейшенбек кырктын кырынан ашкан, чачтарына бир аз сейрек ак түшүп, муруту да кээ бир жерлерин ак аралап,  узун бойлуу, сөздү кер-кер тез сүйлөгөн киши, мурда совхоздо ветеринардык врач болуп иштеп азыр болсо жеке пансионатта кароолчу. Төрдө анын апасы Бегайым  эне олтурат көз айнек кийип, ал жетимишке барып калган, ак жоолук салынган, чекелерин бир аз бырыш-тырыш басып, чачтары ак жуумал болуп, пенсияда. Бейшенбектин жанында байбичеси Асылкан олтурат, жашы кыркка барып, келбеттүү, орто толук, кыска чач, айылдагы мектепте мугалим. Аларды тегеректеп Бейшенбек менен Асылкандын беш кызы олтурат.
Эң чоңу Акмарал, борбордогу университетти бүтүп эс алууда, экинчиси Аксанаа, ал дагы борбордо тигүүчү болуп иштейт, үчүнчүсү Уулкан, ал да шаарда иштейт, төртүнчүсү Бурулкан шаарда ал да тигүүчү жана бешинчиси Токтокан айылда мектепти бүтүп жатат. 
Бейшенбектин беш кызы сулуу кыздардан  болушту, бири-биринен өтүшөт. Айылдагы теңтуштары Бейшенбекке айтып тамашалап калышат эле:
- Ой, ой, бул эмнегедир кыздарыңын бири да калбай сулуу, таң калаарлык, баарын сатсаң анан чирип байыйсың го,- дешип.
- Ой албетте, мен сулуу болсом, алар да сулуу болот да, - деп күлүп калат Бейшенбек.
Акмарал шаардан жаңы келгендиктен, кыздардан эң чоңу болгондуктан сөздү ал баштады:
- Айыл-апада эмне жаңылык, эмне ушак ошону айтып бергилечи,  тамакты анан деле жейм, мага тамак эмес, ушак керек, айылдагы ушактарды сагындым, - деди.
- Эмне ушак бар дейсиң, ий баса, тигил сенин классташың Сабираны аркы айылга ала качып кетишиптир кечээ күнү, - деди эстей калып Асылкан.
- Ий анан, ал кимдер экен, бечара жаман болгонго, Сабира отуруп калыптырбы, - деп сурады Акмарал.
- Ким бирөө деди, олтурбаганда эмне, убакыт келди да, Сабира койкоюп эле ары бери өтүп калчу, - деди Асылкан.
- Мен билгенден, ал тигил Муканбет байкенин уулу Темир менен көптөн бери жүрөт эле го биздин айылдан, алардын оту күйүшпөй калган го анда, - деди Акмарал.
- Ботом эми, Сабира кечке эле Темирди күтүп отурмак беле, анын оозун карап олтуруп чарчаган го, качан эми мени алат деп, анысы же албады, же койбоду, - деди Асылкан.
- Алардын сүйүү оттору албууттанып катуу күйүп, анан тез эле өчө баштаган го чамасы, катуу күйсө тез өчөт, чуркагандыкы эмес буюргандыкы деген ошол да, - деди Бегайым эне.
- Темир кыйын болуп ойлоду да, "мендей жигитти кайдан тапмак эле, Сабира эми кайда качмак эле, күтөт мени" деп, аны дагы бирөө жактыра калып дароо көп  күтпөй эле алып качып кетти да, - деди Асылкан.
- Апа мен атымды башка коюп паспорт алсам болобу?-  деп сурап калды күтүлбөгөндөн Бурулкан.
- Ий, ботом эмне болду, Бурулкан деген жакпай атабы, туулгандан бери ушунча жашка келип эми? - деп чоочуду кызын карап таң кала Асылкан.
- Туулганда эле башка коймокмун, эгерде мен ошондо сүйлөсөм айтмакмын, "ээй апалар, мага бул ат жакпайт, башка эле ат койгула", - деп күлдү Бурулкан.
- Сураганбыз ээ апа, ат жагабы деп, унчукпай койгонсуң аңылдап, - деди Акмарал.
- Мага да атым жакпайт, - деп калды өкүнүп Токтокан.
- Апей, силер хор менен баштадыңар го, сүйлөшүп алгансыңар го, - деп калды тегерете карап Асылкан.
- Балдар бизди  бүт эле жол белгинин аттарысыңар деп шылдыңдашат, мени "поворот", тигини "стоп" деп айтты, -  деди күлүп Бурулкан.
- А мени болсо "пацан" дешет, - деди күлүп Уулкан.
- Мен кийин эле түшүндүм, атамдар уулдуу бололу деп эле бизге ушундай аттарды коюп коюшкан экен, бирок бир да жол белги иштебей коюптур. Акмарал эжем менен Аксанаа эжемдердин аттары карагылачы кандай сонун, анан эле мага келгенде ушинтип башташкан, - деди кейип Уулкан.
- Дегеле апаңар уул төрөбөй койбодубу, үч жолу ушундай ырымдап ат койсок да. Эмне гана кылганыбыз жок, ырым-жырым калган жок. Досторум айткандай, дагы эле "аялдар кеңешинин төрагасы" болуп, "дамский мастер" болуп олтурам, айла канча, баары бир болбоду, паспорт алганда алмаштырсаңар мен каршы эмесмин, - деп күлдү Бейшенбек.
- Дагы кыз болоорун укса тополоң салбасын деп, УЗИге да барбай койгом төртүнчү жана бешинчи төрөттө, баары бир кыз төрөйм, баргандын кажети жок деп. Ой, эч нерсе жардам бербей койду, аз келгенсип айылда көп уул төрөгөндөрдүн кешигин да ичтим, - деп күлдү Асылкан.
- Кандай аттарды коёбуз эми, акылдашып анан чогуу чечели кыздарым, уйкашыраак, мааниси бар дегендей, дагы жакпай калып жүрбөсүн, - деди Бейшенбек.
- Апеей да, ошондой да болмок беле, элдин баары көнүп калышканда, эми ал жагы кандай болот, ошончо документти алмаштырганга канча убакыт, акча керек, - деди кыздарынын козголоңунун натыйжасына күмөн санап Асылкан.
- Ий апа, кечке эле элди ойлонуп жүрө беребизби, эл эмне деп айткандарын айттык го, өзүбүздүн аттарды ойлонбойлубу, бир заманбап аттарды коёлу, ура-аа, атам макул болду, мен Анжелика деген ат коем, - деп сүйүндү  Уулкан.
- Эми айланайындарым, кыздар чоңоюп калдыңар, кеп эми атта эмес да, Анжылыке деген да ат болчу беле, мындай, нукура кыргызча эле ат тапкыла да, күчүктөрүм, Сабирадай силерди алып качып кетишсе эмне болор экенсиңер, - деп калды сөздү буруп Бегайым эне.
- Ой апа, жөн туруңузчу, ооба алып качып кеткендердин бардыгы куурап атат беле, булардын  да чоңдорунун күйөөгө тиер убакыты келмек турсун өтүп баратат, эми алып качса дагы көрө жатарбыз, биринчи бирөөсүн алып качсынчы эч болбосо, же бирөө куда түшпөдү сөйкө салып,  - деп кейиди Асылкан.
- Сен өзүң тиги классташың күркүл Бостон ала качканда отурбай эле койдуң эле го, - деди эстеп күлүп Бейшенбек.
- Отуруп эле калсам болмок, силер ушул, эжемдер болуп барып алып, "жакпайт эмес беле сага, отурбасаң кеттик", деп атып алып келгенсиңер, -  деди жини келип Асылкан.
- Ой өзүң ыйлабадың беле токтобой, "кетем, кимге болсо да Бостонго тийбейм" деп, - күлдү Бейшенбек.
- Жок апей, мен анан "Бостон менен калат элем", дейт белем, каяктан эле, ошондо сени ага караганда бир аз көбүрөөк жактырчумун, Бостон мектепти да эң начар бүтүп, бир үйдүн эрке баласы болуп, элдин бардыгы менен урушуп эле жүрчү эле го, сен өзүң да кийин чыдабай алып алдың го тез эле чуркап, жанымды койбой, ата-энең да шашылып, туурабы апа, - деп күлдү Асылкан Бегайым энени карап.
- Ошентип Бостонго окшогон дагы бирөө ала качып кетпесин деп шаштым да, сен өзүң да айтып атпадыңбы, "үйлөнсөң эртелет, куда түшкөн атышат" деп коркутуп, - деп күлдү Бейшенбек.
- Эмне, азыр жүрмөкмүн Эмираттан чыкпай, доллар, дирхем эсептеп Бостон менен, джиптен түшпөй, тигил эмне эле конденсаторунбу, эмне эле, кондийсионеринби күйгүзүп коюп, - деп күлдү Асылкан.
- Ий аны айтпагылачы, Бостон тигил бай арабдарга кыргыздын кыздарын  ташып байыган дешет, элдин бардыгы эле аны жактыра беришпейт экен, - деди  Бегайым эне.
- Ошол кыздардын көз жашын кудай бир күн чыгарат ко, - деди Бейшенбек.
- Ой билбейм, эчтекеси эч нерсе болбой эле, эмне ал тигил кыздарды капка салып алып кетти беле, өздөрү каалап барышкандыр, Эмираттан эле чыкпайт, үйдөн үй салып, машинеден машине алып байып эле атат, өткөндө мектепке келип компьютерлерди белекке берип кетти, - деди от ала баштаган Асылкан.
- Ал "кыз сатаар", депутат болом деп чуркап атат, ошого келди, болбосо ал мектепке качан келчи эле, - деди Бейшенбек.
- Апеей, токтогулачы, каякка кирип кеттиңер, уруша кетесиңер эми, байыса байыптыр, апа дагы эмне ушак Сабирадан башка, - деп сурап калды сөздү буруп Акмарал.
- Эң башкысы ошол, анан айтаарым, эгер силерге жакпаган жигиттер алып качса, эч нерседен коркпой эле кетем дегиле, эртеси болсо да үйгө келе бергиле, биз эч качан силерди урушпайбыз, бул үй силердин үйүңөр, качан болсо кайтып келе бергиле, - деди Бейшенбек.
- Ай сен эми коё турсаң, келе бергиле эле дебей, балким жакшы жерге барып калышаар, бир карап да көрүш керек да, мына Сабира олтуруп эле калыптыр, жакшы жерге барыптыр деп айтып жатышат, беш кызыңды балапандай басып жата бересинби, -деди Асылкан.
- Ой эмнесин карайт эгер жигит жакпаса, анын ата-энесинин теги, үйүнүн кебетеси менен жашайт беле, өзүңөр сүйлөшкүлөчү,  - деп чыгып кетти башка бөлмөгө кол шилтеп жини келе баштаган Бейшенбек.
- Апа, эми сиз айтсаңыз, түп-теги жакшы жерге барса, анын эмнеси бар экен, - деп Бегайым энеге карап сурап калды Асылкан.
Кыздар болсо уядагы чабалекейлердин балдарына окшоп ооздорун ачып угуп  олтурушту.
- Сабира эми Акмаралдай болуп шаарга барып окубады, айылдын жолдорун  таптап бүттү, эми ал тие берсин, менин кызымдын жолу башка, - деп калды Бегайым эне.
- Апа сиз деле он төрт жашыңызда күйөөгө кеттиңиз беле, Акмарал быйыл жыйырма төрткө чыгат керек болсо, он жыл айырма экен, мен билесиз он сегизимде чыккам, - деди Асылкан.
Акмарал узун бойлуу, арык чырай, көбүрөөк атасына окшош болуп, кыска чачтарын сарыга боёп "блондинка" болгон, шаарда жумушта иштеп жүргөн кыз.
- Эми ал убак башка эле, күйөөлөрүбүз болгону менен, бала эле бойдон болуп кечке  жылгаяк тээп эле жүрчүбүз, - деп күлдү Бегайым эне.
- Мен али бери күйөөгө чыкпайм го, аспирантурага окуумду улантсамбы, илимий иш жазсам деп ойлойм,  - деди Акмарал.
- Бирок, тезирээк жолду бошот да, мына Аксанаа күйөөгө тием деп калсачы, -деди Асылкан.
- Ой Аксанаа тийсе тие берсин, чыдабай баратса, мен эчтеке дебейм, мага карабагыла, жолду тоспой эле койдум, ачык жол, - деди Акмарал.
- Ура-аа, жол бош эле турбайбы, шашпай жүрсө, - деп күлдү Аксанаа.
- Күйөөгө тийип, анан эмне кылсаң ошону кыл да, аспирантурабы же балээ болсо да,-  деди зээни кейип Асылкан.
- Ой, анан же күйөөгө тийиш керек, же окуш керек да, - деди Акмарал.
- Эмне, күйөөгө тийсең окууң калабы, күйөөңү да карап, окуп да жүрө берсең болбойбу, эртеден кечке күйөөңдү карабайсың да, бир аз окуп, анан бир аз күйөөңү карасаң болбойбу, түшүнсөм өлөйүн, - деп таң калды Асылкан.
- Ий эстегенде, мен апа сизден сурайын дегем, биздин айылда Тойгонбаев деген киши барбы? - деп сурады Акмарал.
- Ий, бар балам, ал деген Аламан байке, райондун соту да көп жылдардан бери,  фамилиясына жараша өлө тойгон, эмне болду? - деп сурап калды кайра Асылкан.
- Ошол кишинин Мантай деген баласы иштейт экен го борбордо, медакадемияда, ал бизден эки-үч жаш чоң болуп мурда бүткөн мектепти, жатаканага мага кайра-кайра келип тиякка-биякка чакырып тажатты, эми болсо батирге келип калат, мага ал такыр жаккан жок, - деди Акмарал.
- О-о, ал өзүнчө бир чоң "кландын" баласы да, алар анча-мынча киши менен сүйлөшүшпөйт, туугандары бүт чоңдор областта, республикада, чириген байлар, ий анан таанышып билиштиңби, бир жерденсиңер да, - деди Асылкан.
- Ооба тааныштык, бир жолу айылдыктар менен чогулуп олтурдук, андан кийин да жолугуп турдук, - деди Акмарал.
- И-и анан, Мантайга тийсең сонун эле болмок, - деди дароо эле кызыгып Асылкан.
- Акыркы жолу мен барбай койсом, келип таарынып, баары бир сага үйлөнөм, сүйөм-күйөм деп кетти, кызуу экен. Анын машинесин, кийген кийимин көрүп мени менен жашаган кыздар ага ашык болуп эле жатып калышты,  - деди Акмарал.
- Кокустан алардан жуучу келсе макулдугубузду бербей эле коёлубу анда, - деп күлдү Асылкан.
- Ооба, мен азыр өзүм билбей турам, шашпай эле коёюнчу, - деди ойлоно түшүп Акмарал.
- Эгер макул болбосок, анда айылдагылар бизди түшүнбөй калышат го, булар эмне болгон, көздөрү эч кимди көрбөй калганбы, ушундай бай "клан" менен эмне кудалашпайт дешип? - деди Асылкан.
- Сага өзү ким жагат кызым, башка жигитиң барбы, шаарда эми жигиттер көптүр? - деп сурап калды Бегайым эне.
- Мага азыр эч кимдин кереги жок, бир үч жылдан кийин анан ойлоном, - деди Акмарал.
- Ал эмнең, чек коюп алганың үч жыл деп, анда сен мени менен тең жаш болуп карып каласың, анда сени ким алмак эле ботом, - деди Бегайым эне.
- Ой апа, сүйсө ала берет азыр кыркка чыксаң деле, - деди Акмарал.
- Кыркка чыкканда тийип анда күйөөнүн эмне кереги бар, эң башкысы төрөш керек да, балалуу-чакалуу, казан-аяктуу  болуп дегендей, - деди Бегайым эне.
 Бардыгы тынч угуп олтурушту.
- Биякта бардыгы башындагы магнитофондорго бир сөздү үзбөй жазып атышат, анан өзүнчө сүйлөшөлү Акмарал, - деди калган кыздарын карап Асылкан. 

Бул убакта Мантай да үйүндө болчу. Ал шаарда жумушта иштеп азыр эргүүдө(отпускада)  жүргөн убагы эле. Аламан байке жумуштан келип, заңгыраган эки этаж үйүнө кирип баласы менен учурашты. Аламан элүүлөргө жашы жеткен, башы чоң, семиз, курсактуу киши эле.
Анан чайдын үстүндө атасы кайра эле мурункудай сөздү баштап Мантайдан:
- Ай балам, сен ушинтип көчө шыпырып жүрө бересиңби, окууну теги бүттүң, жумушуң деле жакшы, эми үйлөнбөйсүңбү. Бир жылдан бери какшап эле айтам, эгер ушул жайда үйлөнбөсөң же колуңан келбесе, анда айылдагы кыздардан бирөөсүн алып берем, сен болсо жүрөсүн, кафе, ресторан, дискотекалап, жакшы кыздар андай жерлерге барбайт, үйлөрүндө олтурушат ата-энесинин жанында, - деп катуу айтып калды Аламан баласына.
- Атаке, анда мен эмне үймө-үй кыдырып издейимби, "жакшы кыздар барбы" деп, мен айтайын деп жүргөм, биздин айылдагы эле Бейшенбек байкенин чоң кызын жакшы көрүп калдым, алдына барып сүйлөшөсүңөрбү ата-энесине же алып качсамбы, кандай дейсиз? - деп күтүлбөгөндөн атасынан акыл сурады Мантай.
- Ээ, атасынын көрү, тигил ветврачтын кызыбы кароолчу, алып келе бер, аны сүйлөшүп отурабызбы, ал дагы бир анча-мынча оңой менен сөзгө келбеген неме, ошончо кыздан ошонун кызына туш келгенин, ээ мейли, алып кел "любой" убакта, ала бер ошону, шаарда окуган кызы да ээ, оп "молодес" десе, очойтуп той өткөрүп берем, - деп калды күлүп, ыраазы болуп Аламан. 
Мантай Аламандын жалгыз уулу болуп, бирок айылда жана шаарда да көп тентектик кылып, окуусун да жакшы окубай, атасы акчанын, тааныштарынын, чоң кызматтагы агаларынын  күчү менен эптеп окуусун бүтүрдү. Ар ким менен мушташып түшкөндө көп жолу милициядан чыгарды. Машинеси менен бирөөнү коюп кетип да араң калган соттолгондон. Айылда анын жоруктарынын көбү белгилүү болуп, кыздар аны жактырышчу эмес. Аны айылдагылардын жана  кыздардын көбү "көпкөн" Мантай деп билишчү эле.
Бир аздан кийин апасы Данакан Мантайды чакырып айтып калды:
- Ой балам, атаң сени тигил Бейшенбектин кызын алат экен деди го, айланайын аны эмне кыласын, ал жөнүндө теги эле эчтеке айтпайт элең го, сага мен тигил Табылдынын кызы Гүлжамалды чоттоп жүрсө, Бейшенбектин беш кызынан башка эчтекеси жок. Алардын ата-теги да белгисиз, Бейшенбектин апасы бир жактан күйөөдөн чыгып келип айылда туруп калган. Табылды байкеңи билесин, тоок фабриканы "приватташтырып", райондогу эң байлардын бири, республика боюнча жумурткаларын сатып жумуртка "королу" деген атка конгон, кызы Гүлжамал чет өлкөгө окуганы аткан экен го, билбейсинби? - деп калды Данакан.
- Апа, мен аны жакшы билем, Гүлжамал балдардын бардыгы менен ойноп-жыргап жүргөн кыз дешет, өзүн да бир эки жолу көргөм, мага да тийишип жабышкан, "түнкү клубга барып эс алып келбейлиби", деп, бир жакса өлөйүн, - деди Мантай.
- Эми ал эми азыр жаш да, а тигил Бейшенбектердин эчтекеси жок, өзү менен да аялы менен да бир да чогуу чай ичкен эмеспиз, Табылды менен илгертен алышып-беришип жүрөбүз, өткөндө Табылдынын аялы Маргүл өзү эле айткан, "кызыбызга куда түшсөңөр жок дебейбиз", деп,  - деди Данакан.
- Мен айттым го апа, мен өзүм билем да, же Акмаралга үйлөнөм же анда жакынкы убакта  үйлөнбөйм, - деп кескин айтты Мантай.
- Ой өзүң бил уулум, бирок билип кой, мен каршымын, кайдагы ата теги жок бирөөнүн кызын алганыңа, - деди Данакан.
 Мантай ата-энеси Акмаралдын ата-энесине барып сүйлөшпөсүнө көзү жетти да, досторун чакырып Акмаралды алып качууну чечти.
"Акмарал мени карагыдай эмес, же анын башка жигити бар, же мен өзүм ага анча жакпайм, бирок, кыздар айтты эле, "ал эч ким менен жүрбөйт", деп. Азыр айылда алып качпаса шаардан кыйын болуп калат. Атасы алып келе бер дебеди беле. Олтурат да, олтурбаганда эмне, башында бир аз каадаланат да анан тынчыйт да, күнүгө көлдүн жээгинде эле жүрөт кечке сууга түшүп, ошол жактан эле ала качабыз", деп да ойлоду Мантай.
Достору чогулуп баарлашып, анан жүз граммдан кийин бардыгы тез эле макул болушту.
- Ой энеси, анын эмнеси бар экен, "давно" алып качыш керек болчу досум, шаарда койкоюп моюн сунбаса, биз бул жерде анын койкойгонун тез эле сындырабыз, көрөбүз эмне кылып койкоёрун, - деп калды Мантайдын досу, айыл өкмөттүн баласы Урмат.
- Кокус милицияга айтып, чуу чыгарып сотко берсечи, - деди  чочуп дагы бир досу Маткерим.
- Андан коркпо, милициянын чоңу Аламан аяш атанын досу, а сот болсо өзү, дагы эмнеден коркобуз, Бейшенбек байке миң чатак чыгарса да эч нерсе кыла албайт, мага демектен ООНго жазса да, - деди Урмат.
Эртеси кечке жуук Акмарал көлдөн кайтканда алып качууну эп көрүштү.
Мантай ата-энесине да айтты: "даярданып тургула, келин алып качып келишим мүмкүн, телевизор көрүп жатып калбагыла уктап", -  деп.
- Мени укпадың балам, эми алып эле келчи көрөлү,  - деди апасы Данакан.
Эртеси Акмарал шашпай, күндөгүдөй үйдү жыйыштырып, түшкү тамак даярдап, анан үйдө ким болсо ага чоң энесин табыштап, анан бош сиңдисин алып көл жээгине жөнөдү.
Бул убакта Мантай достору менен чогулуп эки машине болуп, Акмаралдын көл жээгинен кайтаар убагын күтүп олтурушту.
Аламан болсо эрте жумуштан кайтып, бүт даярдык көрүшүп, болочок куда Бейшенбектер менен сүйлөшө турган кишилерди да даярдап турду.
Алып качуу операциясын Мантайдын досу Урмат баштамай болду. Ал Акмарал менен чогуу окуган эле, ошого ал шексиз барып Акмарал менен сүйлөшүп, кичине алаксытып, анан машиненин тушуна келгенде, берилген  белги менен балдар чыга калып Акмаралды машинеге тез салууну чечишти.
Операция пландагандай эле жакшы башталды, Урмат барып Акмарал жана анын сиңдиси Уулкан менен көпкө сүйлөшүп олтурду,  кумда олтурушуп.
- Машиненин ичинде сен Акмаралды акырын карма, бир жерин сындырып же көгөртө койбо, - деди  килтейген Токторбайды карап Мантай.
- Теппесе эле болду, тепкенди жаман көрөм, чыдабай уруп жиберишим мүмкүн, - деп күлдү жүз килограммдык базаркомдун баласы Токторбай .
- Тепмек турсун, тиштеп да жибериши мүмкүн, менимче жини катуу, - деди Мантай.
- Жинин уруп ойногонум жок анын, анда точно өзүмө өзүм жооп бере албайм, - деди Токторбай.
- Эмне эле эзилишип олтурат ай тигил Урмат, абысынындай болуп, эмне жөнүндө анекдот, ушак айтып бир саат сүйлөшүп олтурат. Акмаралдын мээсин жакшы чайкап, анан алып качалы деген го. Кеч кирип да калды го, ал кыз көрсө эле ошол, эртеңкиге калтырып коюшу да мүмкүн, "дагы жакшыраак бышырайын", деп жини келди,  чыдабай ары бери баскан Токторбай.
Бирок, анан бардыгы көз ачып жумгуча тез эле болуп өттү. Машинеге Акмаралды Токторбай Урмат экөө койдой эле тептирип атып салышты.  Арткы машинеде Мантай жөнөдү. Уулкан ыйлаган бойдон эле калып калды машиненин артынан чуркап. Акмарал кыйкырып, бошонойун деп аракет кылып кылып жатты. Бирок, салмагы эки эсе чоң Токторбай аны капшырта катуу кармап, тиштеттирбей,  Урмат анын колдорун бошотпой, Акмаралдан катуу деле үн чыкпады. Ал бул дегиче эле Аламандын үйүнө келгенде Акмарал эми акырына чейин түшүндү, кимге алып качышканын, ошондо катуу кыйкырыгыгы чыкты Токторбайдан бошогондон кийин.
Эки бала аны кайра койго окшотуп көтөрүп үйгө алып киришти, беш-алты аял басып эле жыгылып калышты талаадан алтын тапкансып. 
Акмарал эми өтө катуу кыйкырып аялдарды ары бери учура учура түртүп эшик жакка чыкканга умтулду.
- Коё бергиле мени, апаке, мен баары бир олтурбайм, коё бергиле, - деп кыйкырып жатты Акмарал токтобой.
Аялдар кайра-кайра Акмаралга ак жоолук кийгизе алышпай, аны сөзгө тартышканы жатышты:
- Эй, Акмарал мен Жумакан эжеңмин, уксаң, эми күйөөгө тийдиң, Мантайдай баланы, Аламандыкындай үй-бүлөнү кайдан табасын, токто эми, эсиң менен бол, - деп алдап жатты аны жакшы тааныган Аламандын эжеси.
- Коё бергиле, өлсөм да олтурбайм, тийбегиле, - деп кыйкырып жатты Акмарал.
Алышуу бир секундага да эч токтободу, Акмаралдын алы кетип тим болбой, дагы эле аялдардын колунан жулунганы жулунган.
Аркы үйдө болсо  молдо менен Аламандын агалары Акмаралдын тынчышын күтүп олтурушту, чай ичишип камырабай, шашпай саясатты сүйлөшүшүп, ойлорунда нике кыйсак болот эле эртерээк дешип.
Ошол эле убакта Уулкан чуркап ыйлаган бойдон үйгө келсе, атасы менен апасы коңшу айылга тойго кетишип, үйдө чоң эне менен эле кыздар бар экен. Уулкандын айтканын угуп бардыгы ыйлап кирсе, Бегайым эне аларды токтотту:
- Ой айланайындар, эмне эле ыйлайсыңар мен өлгөнсүп, мен өлгөндө ушундай ыйласаңар ыраазы болот элем тигил дүйнөдө, андан көрө тигил Шейшенбек абаңды чакыргыла, анан Мыскал эжеңерди чакыргыла, акылдашып чечели, атаңарга чалгыла, кызды ала качса эмне болуптур, балким өзү каалагандыр, -деп буйрук берди Бегайым эне.
Бир саамдан кийин чогулушуп, атасына кабар айтышып, сүйлөшө башташты.
- Ким алып качты дейсиңер, Урматпы, тиги айыл өкмөттүн баласы, "кытай темирби"? -  деп сурап калды Шейшенбек.
Урмат тегеректен бүт кытайларга темир топтоп сатып ошол атка конгон эле.
Шейшенбек Бегайымдын чоң уулу, ал  албеттүү, башында чачы азайган, мурду-бети да чоң киши эле эч бир шашпаган. Мурда совхоздо чабан болуп иштеп, азыр үйүндө бош эле.
- Жок, ага эмес го дейм, ал жөн эле жардам берип жүрөт окшойт, Аламан байкенин уулу Мантайга алып качышты окшойт, Акмарал эжем айткан, ошол Мантай айткан экен шаарда, баары бир сага үйлөнөм деп, - деди токтобой ыйлап Уулкан.
- Анда "көпкөн крутой" алып качыптыр да, азыр Бейшенбектер келсе анан баралы ошонукуна, - деди Шейшенбек.
- Айланайын, өздөрүнүн аттары жокпу, таанысам же түшүнсөм өлөйүн, - деди Бегайым эне.
- Ай апа, азыр жаштарды аты менен чакырбайт, бүт эле кошулма ат, "кликухалары" менен чакырат, - деди Шейшенбек.
- Эми аларды күтпөй эле, алар барса болмок беле, уят эмеспи, ата-энеси кууп келиптир деген, барып келгиле Мыскал менен кыздар болуп, сен да кирбегин уят болот, кирип алба кыйын болуп, - деди Бегайым эне.
- Эжемин көңүлү жок болгондон кийин, азыр эле барып алып келбейлиби, - деп калды чыдабай Аксанаа.
- Ой азыр сага берип коймок беле, "апей кызыңарды алып качтык эле келдиңерби, мегиле кайра алгыла", демек беле, Акмарал кетем десе да кетиришпейт да эми, барып билесиңер да жагдайды.
Мыскал сен дароо эле Акмаралды алып кетемин деп чатак сал, кирип эле макул болгонсуп унчукпай калбай, тигил күйөөңө кыйкыргандай эле коркпой кыйкыр, сотко берем, милийсага берем, прукурорго берем де, - деп акылын айтты Бегайым эне.
- Аламан байке сот болуп турса, анан кантип сотко берем дейм, прокуратурага берем дейин эч болбосо, - деди күлүп Мыскал.
-  Акмарал өзү кетем десе, мен аны сууруп эле чыгам, Аламандан коркконум жок, бир адамга жакшылыгы жок бул чоңдордун, ким барат, кеттик кыздар, ай Мыскал бас бол сен да, - деп күпүлдөдү Шейшенбек.
- Ай сен кирбегин, мушташа кетпей дароо эле, тигил сот дароо камап салбасын, акырын байкагын, кыздар кирип чыгып анан айтышаар сага, - деди Бегайым эне.
Мыскал алардын кичүү карындашы эле бул айылдагы. Ал тигил Аламандын аялы Данакандын сиңдисинин колунда иштечү, ошого бир аз тарткынчыктап турду барып катуу тополоң койгонго. Данакандын сиңдиси Сурмакандын чоң дүкөнүндө Мыскал сатуучу болуп иштеп аткан. Ал өзүнчө сар-санаа ойго батты, "эми Сурмакан менен Данакан суранса эмне дейм", деп.
Эх, эгер чындап тополоң койгондо, анда Мыскал Аламандын үйүн төрт көтөрмөк, акчаларын чогултмак, аны ойлоп ичи ачыша кетти, бирок жумушу жакшы эле дүкөндө. Отчетун берип коюп жакшы эле таап аткан.
"Калп болсо да, бир аз убакыт туруп, анан Акмаралды калганга үгүттөмүш болом го",  деп ойлоп калды Мыскал.
Бардыгы чууруп Аламандын үйүнө жөнөштү. Шейшенбек Аламанга эмне деп айтышты ойлонуп баратты.
"Адамча сүйлөшүп эле албайбы Мантайы, бир шаарда окушса, оттору күйүшпөсө, сүйбөгөнго сүйкөнбө кылбай алып качпай эле койбойбу деп айтам", "Аламандын тиги күркүл чоң агалары да келгендир, алар эми сындырышат ко, чакырды болуш керек биздин уруудан ортомчу аксакалдарды, анан олтургандыр Аламан айыл өкмөттү  кош кылып, область, республиканы төш кылып", деп да ойлоду Шейшенбек.
Бейшенбек менен Асылкан угушаары менен шашылып кайтышты тойду таштап.
- Аламандын үй-бүлөсү жакшы эле го дейм, биздин айылда алардан тың үй-бүлө санда эсе. Туугандарынын бардыгы жакшы кызматтарда, область десең областта, республика десең,  борбордо да олтурушат. Тигил кызыңдын Мантайга анчалык көңүлү жок имиш.  Кудаалашып калсак сонун эле болмок, - деди кайра Асылкан.
- Ой сен алардын кызматын эмне кыласын, чайга салып ичесинби, кызың каалабаса анда эмне, сүйүп-күйүп эле тийсе жакшы болмок эле го, - деди Бейшенбек.
- Азыркы заманды, балдардын келечегин ойлосоң, кантип жашашат, турмуштары эмне болот деп, өзүң болсо Союз таркагандан бери жакшы жумушуң жок жүрөсүн, - деп кейиди Асылкан.
- Ой, сен деле Бостондукуна отурбай койдуң эле го, керек болсо анын атасы ал убакта совхоздун директору болуп чириген бай эле го, - деди Бейшенбек.
- Ал эми башка убак болчу,  азыр заман эмне болуп жатканын көрбөй жатасыўбы, ошол Бостонду эле унутпады, азыр кай жерге барбагын акча, тааныш, акча, тааныш, же калп айтамбы, акчаң болсо сени баардыгы урматтайт, акчаң жок болсо азыр бир туугандарың да карап койбойт, туурабы? -  деп сурап калды Асылкан.
- Анан сен эмне Акмаралды олтуруп калсын деп жатасыў ал каалабаса да. Мантайды билем го мен, эртең эле токмоктоп жүрбөсүн кызыбызды, оозу-мурду көгөрүп ыйлап келсе эмне кыласыў?-  деп сурады Бейшенбек.
- Менин оюма койсо калтырып эле коймокмун, бирок кызымы билем го, каалабаса отурбай эле коёт ал, эми Мантай деле чоңойду, акыл-эс киргендир, аял кишиге кол көтөрбөс эми, - деди Асылкан.Їйдө жалгыз Бегайым эне отурган экен.
- Ой баардыгы кетишти, Шейшенбек, Мыскал болушуп, келише элек, отура тургула эми келип калышаар, мен эмне кылышты айттым, - деди Бегайым эне.
Шейшенбек баш болгон делегация Аламандыкына жетишти тез эле, Шейшенбек эшикте калып кирген жок, үйгө Мыскал баш болуп кыздар эле кирип кетишти. Данакан тарап аларды жылуу тосушуп бир бөлмөгө алып киришти.
Бегайым эне айткан сценарий Сурмакан пайда болоору менен бузулду, анан өзүнүн "чоңу" Сурмакандын суранганына жок дей албай Мыскал Акмарал менен өзү сүйлөшө турган болду, эч болбосо ата-энесине айтып көндүргөнгө макул болду. 
Акмарал өзү да, "бул Мантайдын жакшы эле го ага мамилеси, буга чейин андан башка эч ким Акмаралды сүйөм деген эмес болчу, эми Мантайдын тентектиги калат да эми, балдар бүт эле ичип-чегип эле жүрүшпөйбү, эрке бала болуп тайтайганы болбосо", - деп да ойлонуп калды.
"Эми ата-энем макул болсо кала берсемби" деп калды. Анан эсине кыздар менен жатаканада болгон сөздөр да кирди,  алар Мантайды абдан макташкан.
Мыскал чыдабай Асылканга телефон чалды:
- Ой жеңе келдиңерби, эми эмне кылалы, Акмарал жакшы эле жерге түштү, макул дей берелиби? -  деп сурады.
- Ооба, мен го макулмун, тигил Акмарал эмне дейт, сурабайсыўбы өзүнөн, - деп калды Асылкан Бейшенбекти карап.
Данаканга болочок келин жаккан эмес, ал укканда эле жактырбай аткан, анан Аламан, "балама жакса мейли" дегенинен унчукпай турган.
"Кетип калса экен олтурбай", -  деп да ойлоду Данакан. Болбосо, анан сыр билгизбей өзүнчө саясат жүргүзүүнү чечти.
Мыскал болсо, "эгер Акмарал макул болгон күндө да, кыйла убакка болочок кудалардын мээсин чайкаганды, эң чоң ролду  Мыскал ойноду" кылганды ишке ашырууга киришти.
Мыскал Акмарал менен көпкө сүйлөшүштү, алар бүткүчө Сурмакан он жолу сурады, "айланайын теги бүттүңөрбү?” деп чыдабай. Акыры Мыскал чыгып, "Акмаралды кєндїрдїм",  деп чыкты.
Мыскал Акмаралга билгендерин бүт жыйып, көп үгүттөө айтты:
- Эми жашың да өтүп баратат, Мантай жаман деле бала эмес, эми кичинесинде шок болду, "балам шок бол, шок болбосоң жок бол", дегендей, үй-бүлөөсү да жакшы, кийин тагдырың кандай болот, жакшы шанс берип жатат сага кудай акы, - деп.
- Эжеке, мен аны менен кантип жашаарымды да билбей жатам, анча жага да бербейт эле, башым маң болуп атат, кетип эле калайынчы? - деди Акмарал.
- Сени эстүү кыз деп жүрсө, эртең муну уккан жигиттер деле сүйлөшпөй калат сен менен, анан айылдын көбү Аламан байкелер менен жакшы, алар да бизди жаман көрө баштайт, араң батып жүргөндө бул элге, анда бизди четке чыгара башташат, кепке келбеген немелер деп, сен го кетип каласыў шаарыңа, биз эл менен кантебиз, эми болгон иш болду, жакпаса кийин деле кетип калаарсыў, - деди Мыскал.
Дагы көпкө сүйлөшүшүп, анан ары ойлонуп, бери ойлонуп, Акмарал түн бир оокумда макулдугун берди.
- Ой билбейм, башым маң болуп бүттү, эмне болот кийин билбей атам,  мен азыр кетип калсам, анда көп проблемалар азайбай кайра кошулат турбайбы, эжеке мен макул боло берсем окшойт? -  деди Акмарал.
Эзели жакшы жылуу учурашпаган  Сурмакан Мыскалды өөп да жиберди.
Ошентип, таң атаарда гана Акмарал менен Мантай баш кошушту.
"Кызым эми мындай бай, чойкоңдогон, көп элди тоготпогон үй-бүлөдө бакыт-таалай табар бекен?” деп Бейшенбек көп ойлонду.
Күн өткөн сайын ал кудалар менен жакын да болуп кеткен жок. Асылкан да ойлогонуна жетпей, эмнегедир Данакан менен жакын боло алган жок. Данакан теңситпей, көзүн ала качып эле, такыр бир ачылып чын дили менен сүйлөшпөдү Асылкан менен.
Данакан тез эле өзүнүн көздөгөн планын ишке ашырганга киришти да Акмаралды катуу кысымга алды. Теги эле анын жасаган жумушу, тамагы, эчтекеси жакпай койду Данаканга. Аламанга ал келинин күнүгө жамандады. Мантай болсо Акмарал экөө бактылуу эле болушуп башында жакшы эле жашап жатышты. Чогуу досторуна барышып, алар келип, той болоор күнүн да белгилешти.
 Данакан болсо кайда барса эле, ыңгайлуубу, ыўгайсызбы, бүт  жерлерде эле келинин жамандап жүрдү.
"Теги бир ата-теги белгисиз бир келинге туш болдук, тең теңи менен, тезек кабы менен деген чын экен ай, ата-эненин тарбиясын көрбөптүр, тамак жасаганды да жакшы билбейт экен, ата-энеси сеп деле бере албайт го бечаралар", - деп дагы жана башка сөздөрдү айтып жүрдү.
Бейшенбектердин атасы алыс бир райондогу белгисиз киши болуп, Бегайым эне күйөөсүнөн ажырашып, кайра өз жерине балдары менен келип жашап калган эле убагында.
Ошентип, Данакан менен Акмаралдын ортосунда тирешүү башталды. Кайнененин каары жөнүндө имиштерди көп уккан Акмарал башында жакшы чыдап эле жүрдү.
Шейшенбек кудасы Аламандын жардамы менен жумушка кирип иштеп калды.  Бейшенбек эч нерсе сураган да жок, Асылканды да баргызган жок.
- Бизге Акмарал бактылуу жашап кетсе болду, башка нерсенин кереги не, кудалар менен сый бололу, - деди  Бейшенбек.
 Мыскал болсо каалаганы айдан түшүп Сурмакандын дүкөнүн терметип калды.
Бул убакта Асылкан кызы Акмарал менен сүйлөшүп анын айткандарынын көбүн Бейшенбекке да айтып берип, көп сөздөрдү жашырып да жүрдү.
Бир күнү Асылкан тойдо олтуруп бир жерде аялдардан ушак угуп калды:
- Тигил Данакан келини менен урушуп атыптыр, тилдеп, болбогондун баарын айтып, аны жоготом деп жатыптыр, жакпай калган имиш алган келини, - деп Асылканга угуза айтышканын угуп калды.
Аны уккан Асылкан сарсанаа, жүрөгү бекзаада болду, үйүнө келип, "Бейшенбек менен биринчи сүйлөшөйүн, анан Акмаралдан тегинин сурайын", деп ойлонду.
Бейшенбектин экинчи кызы Аксанаа да Акмаралдан бир эле жаш кичүү болуп шаарда иштеп аткан. Аксанаа мектепте окуп жүргөндө эле айылдык Оморбай дегендин уулу Канат менен жакшы мамиледе болуп чоңоюшту. Канат Аксанаадан эки жаш улуу болчу, анан мектепти бүткөндөн кийин эле Россияга  эжеси чакырып ошол жакта иштеп калган. Айылда Оморбайдын атасы кемпири менен калган эле. Оморбай болсо эбак эле оорудан каза болгон. Анын аялы да Россияга кеткен бойдон кайра кайтып келбеди. Башка күйөөгө тийип иштеп жүрөт экен Россияда деп айтып калышчу. Канат болсо  ошентип чоң ата-энесинин колунда чоңойду. Мына эми чоң жигит болду, башынан аябай сөзгө чебер, тилинен чаң чыгып, кыздардын көбүнө жаккан. Россияда да адамдар менен тез тил табышып, бат эле көнүгүшүп, теңтуш балдардын, кыздардын арасында лидер болчу. Анын бир гана эжеси бар эле, ал Сибирдин бир шаарында соода кылып бутуна туруп калган.   Айылга кыска убакытка келгенде Канат Аксанаанын жанынан чыкчу эмес. Жакында эле жайкы эс алууга келген  Канат менен Аксанаа көлдүн жээгинде күнүгө жолугуп жүрүштү. Аксанаа да бойго жетип, акжуумал, кымчабел арык чырай, жылдыздуу кыз болуп чоңойду.
Бул жолу айылга баратканда Канатты эжеси айткан, "үйлөнүп анан ал келинди ташта айылга, чоң ата-энени багып карап турсун", - деп.
"Биз болсо Россиядан акча салып турабыз, ошого жашай беришет, анан сен да тез-тез барып турасыў", - деп айткан.
Жалгыз эжесинин айткан буйругун солдаттай аткарат эле Канат.
Келген күнүнөн тартып эле Канат Аксанааны сүйөм-күйөм деп, ошол эжеси чийген планды тезинен ишке ашырмай болду. Ошол максатта Аксанаага Россиядан көп белек-бечектерди ала келди. Алтын кулак сөйкө кийгизди, акыркы моделдеги чөнтөк телефондон алып берди. Аксанаа аябай ыраазы болду.
Аларды көргөн Асылкан Бейшенбекке:
- Ай ушул кызың соо эмес, тез эле күйөөгө тиет, дагы жакшы Акмарал тийип кетти, болбосо бул аны күтмөк эмес, тигил Канаты алып тынса экен бул кызды, - деди.
- Эми өзү билет да, анын мээси ордунда, - деди Бейшенбек.
- Теги эле атадай болуп кеңеш айтпайт ай, өзү билет дегениң эмне, бешиктен бели чыга элек кызды? -  деп кейиди Асылкан.
- Капырай 23-төгү кыз бешикти унуткан, ал бешик терметээр болуп калды, энесисиў сен сүйлөш, мен аларга дайыма эле айтам, каалаган күйөөгө тийгиле, мобуга же тигиге тий деп, же тийбе деп да айтпайм, өздөрүнүн арабасын өздөрү кыбыратышсын - деди шашпай Бейшенбек.
Канат болсо Аксанаанын макул болушуна көзү жетип турду, бирок ал чоң ата-энесин карап калышына күмөн санап жатты.
Канат жалгыз эжесин аябай жакшы көрчү. Эжеси күйөөгө тийип эки балалуу болуп, Россияда үй-жай, жарандык алган эле.
Асылкан Акмарал жөнүндө Бейшенбекке "уккандарын айтсамбы же айтпай коё турсамбы",  деп ойлоду. Тойго камданып жаткан учурда бул сөздөр катуу ойлонууга дуушар кылды.  Бейшенбек буларды укса, анда ал, "Акмаралды алып кел кыйнабай", демек, "балким жакшы болуп кетээр алардын мамилелери", деп да ойлоп, "айтпай коё турайын" деп чечти.
Акмарал да өзүнүн жүрөгүн өйкөп жүргөн маселени эч кимге айткан жок, бир гана Мантайга акыры чыдабай айтты. Мантай өзү деле сезип жүргөн болчу, апасы менен Акмаралдын оттору күйүшпөй жатканын. Данакандын максаты эмнеде экенин, бирок, апасынын мүнөзүн билип, ошого  катуу айта албай кыйналып жүрдү.  Учуру келип калганда апасына жумшак айтып да көрдү, анда Данакан дароо эле:
- Сага арызданып атабы келин, биз деле ошентип келин болгонбуз, чыдаса боло, теги эле сөз сүйлөбөсө, сени да өзүнө каратып моюн сундуруп алгысы бар окшойт, -деп жини келди.
Мантай эки оттун ортосунда калгандай болуп, кантип муну чечишти ойлонуп жүрдү.
Бир күнү Акмарал да чыдабай:  
- Ыңгайы келсе, башка бөлүнүп жашабайлыбы? деп  көрдү.
- Жумушум башталса анда борборго барып өзүнчө жашайбыз, чыдап тур, - деди Мантай.
Акмарал чыдабады, оюнда "Данакан аны өмүр бою ушинтип кемсинткидей болсо, бул турган шаарга жетпей калмак беле, анда кантип жашайм, андан көрө эртерээк эле өзүмүн бактымды башка жактан издесемби?"  деп да ойлоду. Өмүр бою аны апасынан коргооруна Мантайга да жакшы ишене бербеди. Ал өзүнїн Мантайды сүйөөрүнө да күмөн санай баштады. Бышпаган сүйүү, бири-бирин жакшы билбегендик, ата-энелердин ортосундагы татаал мамилелери  эмнеге алып келээрин Акмарал катуу ойлоно турган болду. 
Мантай жаны калбай жакшы мамиле жасап, сүйүп эле жатты.  Бирок, эртели кечпи Данакан тынч жашатпай, ал Мантайды өзү каалаган кызга үйлөнтчї максатына жеткенге аракетин таштабай турганына да көзү жете баштады.
Өткөндө Акмарал угуп калды эле Данакандын Аламанга айтканын:
- Бул келиндин эчтекеси жок сууга түшүп жүргөн жеринен жылаңач  келди эле, эми кийинип алып эле койкоёт, Мантай аны өтө эле эркелетип жатат, -  деп.
- Өздөрү билсин, сен ушул Табылдынын кызын алып берет элем деп, жамандаганды токтотподуң Акмаралды, балдардын өзүнүн оюна кой эми, - деди Аламан.
Данакан Аламанды угумуш болуп, бирок ушуга окшогон сөздөр тез-тез айтыла турган болду. Буларды уккан сайын Акмаралдын маанайы түшүп, тымызын даярдана баштады, алыс жакка качып кетишке. Кайда барышты да пландаштыра баштады. Ата-энесинин үйүнө кайтыш оюна да келген жок, айылда такыр калгысы, эч кимге көрүнгүсү да келбеди. Мантайга бардыгы даяр болгондо айтайын деп чечти.
 Канат болгону бир айга келген эле, ошондуктан шашыла баштады. Бир күнү ал Аксанаага өзүнүн оюн айтты:
- Аксанаам менин, сени аябай сүйөм, сен мага күйөөгө чыгасыўбы, азыр макул десең, азыр эле үйлөнөм жаным, - деп жиберди Канат.
Аксанаа аябай өзүнүн оюн бербеген кыз эле, чечимди чечкиндүү кабыл алып  бир сүйлөчү.  Аксанаа шаарда канча балдар менен таанышса да, Канатты унута албады, аны эч кимге алмаштыргысы келген жок.
Аны качан келет деп чыдамсыздык менен дайыма күтчү.
- Ай-ий, ашыкпа сен, мен да сүйөм, кечээ эле эжем күйөөгө тийсе, бүгүн мен тием десем, анда эл мени араң эле жүргөн экен го эжесин күтүп дебейби, эч болбосо жарым жыл өтсүн, деп -  күлдү Аксанаа. 
 - Россияда кошуналар бири-бири менен иши жок, бизде ушул эл эмне дейт деген сөзгө эле таң калам, ар кимдин өзүнүн турмушу бар да, - деди Канат.
- Силер эми Россияга кетип иштеп, жашап, орус боло баштадыңар да, балдарыңар оп-орус болушат ко эми, кыргыздын салтын да унутуп, тилди айтпай эле коёюн, - деди Аксанаа.
 - Мен мына тилди унута элекмин, туура айтасыў, балдарыбыз тилди билбей калат ко, арга жок, эми алар Россияда окуш керек болот да, - деди Канат.
- Ий, ошон үчүн Кыргызстанга келиш керек, турмуш оңолоор эми бул жакта, революциялар токтоор, эл да тажап бүттү го, бирин шайлап, анан аны жайлап атып, -деп калды Аксанаа.
- Мен ала качты кылсам, сен жөнүндө  эл эчтеке дебейт ко дейм, Канат сүйгөнүнө чыдабай ала качты болуп калат да элге, эгер эл эмне дейт десең, - деди чыдабай сөздү буруп Канат.
- Ой, ушул  сен чын эле катуу киришкени турат окшойсуў, ай акырында, аста-секин, шашпа эми, тормозду баса турбайсыўбы биртке, мен сени жакшы көрөм, биртке күтсөк болмок,  ий, макул алып качтың дейли, анан эмне болот? -  деп сурап калды Аксанаа.
- Анан мен Россияга барып, аркы-беркини даярдап, анан сен барат элең, чогуу жашап иштей бермекпиз акча таап, же болбосо мен кайтып келип биякта деле жашамакбыз, эми ар кандай варианттар болот да турмушта, - деди Канат.
- Вариант-сариант дебей эле, барып кел сен, тим эле жарга такабай, анан келгениңде көрө жатарбыз, - деди Аксанаа.
- Ой ушул сени бирөө жарым алып качып кетпесе эле болду, ошондон корком,  кийинки келгенимде деле ушул да, же башкача болуп кетеби? - деп таң калгансыды Канат, эмнеси болсо да Аксанааны макул кылганы.
- Ооба, жигиттер карап күтүп турушат кезек-кезек болуп, мен алам, сен аласыў болуп, качан Аксанааны алып качсак экен деп, -  күлдү Аксанаа.
Эжесинин айтканын угуп, жаңы инструкцияларды алды эле, эми алып качып келсем эптеп көнөөр, андан көрө биягын даярдай берейин деп, акырын туугундарына айтып, досторуна кабарлап, Канат тымызын катуу даярдыкты жасай баштады.
Бир эки күндүн ичинде даярдыкты бүтүрүп, ала турганды алып, бүт даярдыкты көрүп чыгышты достору менен. Акмат чоң ата менен Жаңыл чоң энеге айтпай турушту, алар укса дароо эле айылдын баарына жетмек. Жаңыл чоң эне эч бир сыр жашырганды билбейт эле, дароо эле кошуна кемпирлерге айтып жеткирет. Айтпагыла десе болбой, айына Россиядан неберелери канча акча салганын да төкпөй чачпай, жада калса  көбөйтүп айтып жиберчү. Элдин баары билет экен, ал аз келгенсип, бир жолу Канатты бир жакын тууганы токтотуп алып, чал-кемпирге мынча көп акча саласыңар, бизге да жардам берсеңер боло деп айтты.
Бардык даярдыкты бүтүргөндөн кийин Канат достору менен Аксанааны алып качканы анын үйүнө жөнөштү.
Асылкан кызын көрүп аябай капа болду. 
- Ой эмне азып кеткенсиў күчүгүм? -  деп баштады Асылкан.
- Эми ошончо чоң үйгө келин болуш кыйын да, башында кыйналып анан көнүп кетесиў, мен бир боз үйдү жыйнагыча эле күн кечкирип шайым оочу, Аламандын килтейген сарайларын жыйнаш эле канча? -  деп айтты көңүлүн көтөрөйүн деп Бегайым эне.
Асылкандын жүрөгү Акмарал эмнеден кыйналганын сезип турду.
- Кайненең менен мамилең жакшы элеби, ал элдерге генералдай команда берип кыйкырганды аябай жакшы көрөт деп уккам, - деди Асылкан.
- Эми кайненелик кылып жатат да, азырынча түзүк эле, апа, мен бир аз кийимдеримен алып кетейинчи, өзүмдүн кийимдеримен өтөрү жок эке? - деди Акмарал.
- Алагой, мен эч кимге бербей койгом, Аксанаа кийем десе да, өзү кийем деп калабы деп, эмне керек болсо айт уялбай, биз колубуздан келгенин жасайбыз, эч нерсени жашырба, - деди  Асылкан.
Акмарал өзүнүн оюндагыларын азырынча тышка чыгарбады.
Бейшенбек келгенде Бегайым эне дароо эле өзүнүн оюн айтып жиберди ага:
- Ай ушул Акмарал кыйналып калгансыйт, сурасам айтпады, сезип турам, бирдемкени жашырып айткысы келбей турат? - деп.
- Мен башынан эле каршы болбодум беле, анан эми жаштар бири бирин жактырып калышса, жакшы турмуш куруп кетишээр дегем, мен кудалар менен жакшы мамиле түзө албадым, Асылкан жакшы эле киришти эле, бирок аны да жолотушпай коюшту окшойт, бактылуу эле болуп жашап кетсе экен кызым, - деп сарсанаа болду Бейшенбек.
Аксанаа Канаттын алып качам, үйлөнөм деген сөздөрүнө анча маани берген жок, ал сөздөргө ишенген да жок. Кадимкидей эле жүрдү, эс алып, көлгө түшүп. Канат экөө эки күндөн бери жолукпай, телефондо эле сүйлөшүп, Канат үйүндө жумуштарын бүтүрүп, анан бир туугандарыныкына кетип эми келмек.  Канат болсо, тымызын үйлөнүүгө даярдыкты бүт бүтүрдү. Аксанаанын ата-энесин алдына барып, алдын ала деле сүйлөшсө болмок, бирок Канат, "эми ким барат сүйлөшкөнгө, карыган чоң ата, чоң энесиби, албетте жок.  Тээ алыстагы таякелериби, же коңшу айылдагы атасынын туугандарыбы?" деп ойлоду. 
Алардын бардыгы менен мамилелери жакшы эмес болуп, аларга айткысы келген жок. Ошентип, бир эле жолу калды, бул капыстан ала качып үйлөнүү. Аксанаа өзү олтурса эле, анда анын ата-энеси макул болооруна көзү жетип турду.
Аксанаанын ата-энеси такыр ойлонушпады эле, Акмаралдан кийин дароо эле Аксанааны да алып качышат деп.
Канат Аксанаага жолугуп, кечке бирге болушуп, анан кечинде ал өзүнүн оюн айтты:
- Жаным, мен чыдай албай калдым, кел эми үйлөнүп эле алалы, мынча катуу турдуң, эл эмне десе ошол десин, антсең деле, минтсең деле, баары бир кеп кылышат, - деп.
- Аииий, ушул тоту кушка окшоп дагы эле кайталайынбы эми, коё туралы, бир аз убакыт өтсүн, эл эмне дейт, ата-энем эмне дейт?  деп Аксанаа баягы эле кебин айтты.
- Болбосо мен сени алып качам ай бүгүн, тобокелге салып, - деди  Канат.
- Иий, буга эмне болгон, алып качсаң анда такыр сүйлөшпөй таарынам, өзүң эле жаман болосун, - деп  Аксанаа Канатка таарынды.
 Ошентип экөө урушуп таарынышып келатканда Канаттын достору "жолукту", алардын баарын Аксанаа тааныйт эле. Аркы беркини айтып тамашалашып сүйлөшүп турушту бир аз. Заматта эле балдар аны кармашып, көтөргөн бойдон машинеге салышты да, кыйкырып бакырганына карабай Канаттын үйүнө алып жөнөштү. Кыз көпкө чейин макул болбоду, анан чарчаганда Канат менен дагы бир ирет сүйлөшкөнгө макул болду.
Аксанаа ошондон кийин тынчып, унчукпай калды. Канат болсо аны Россияга чогуу кетебиз деп алдады. 
Бирок, Аксанаа өзү Канатты аябай сүйчү, кээде ал башка кыздарга сүйлөп койсо эле кызганчу. Дайыма анын жанында болгусу келген. Аксанаа оюнда, "мен эми туура эле кылып жатам, эми башка жигитим болбосо, башка жигиттер теги эле жакпады мага. Мына, дайыма эңсеп жүргөн сүйгөнүнө жетип олтурат, башкача болсо болмок, эми Канат түшүндїрбөдүбү эмне үчүн ата-энеме бара алышпаганын", - деп ойлоду.
"Мен азыр макул болбой койсом, кийин кандай болот, Канаттын шагы катуу сынып калбайбы",  - деп да ойлоду.
Аңгыча Бейшенбектин үйүнө кабар жиберишти. Муну укканда Бегайым эне менен Асылкан нес эле болуп калышты. Аксанаадан мындай жаңылыкты түш көрсө да күтүшкөн эмес болушчу.
- Айланайын, кечээ эле урушуп аттык эле, качан күйөөгө тиесиңер деп, айтпай эле койбой, бул эмне деген шумдук, шатырап эле тие башташты го, кокуй тигил Уулканды коё тур де, ал дагы качып кетпесин мына силерге деп, - деп күлдү Бегайым эне.
- Аксанаа  араң эле Акмаралды күтүп жүргөн го, мага теги эле эчтеке айтчу эмес. Унчукпай жүрүп жасаганын. Ай, элдер айтып атпайбы, сенин кызың Канат менен соо эмес десе, мен акмак, "жок, алар мындай эле дос болуп жүрүшөт" деп Аксанаанын сөзүн сүйлөчүмүн. Азыр апа, ушундай болуп калган го, дос болуп жүрүп эле, анан бир күнү шып эле ала качышабы. Ата-энеден уруксат алыш деген жок го дейм азыр, чоңоюп алышып сурап эмне кылышат эми, баардыгын өздөрү билип калбадыбы? -  деп өкүндү ыйламсырап Асылкан.
- Бейшенбек келсе эмне дейт экен эми, тиги бай Аламанга каршы болуп атты эле, эми Канаттын карыган чоң ата-энесинен башка бул жерде эч кими жок, ага эмне дээр экен? -  деди Бегайым эне.
- Ал Канат Россияны чаңытып жүргөн бала деп айтышат, Аксанааны алып кетет да эми биз макул болсок, ой бирок, бизден сурап коюшаарын ит билет эми, биз эми эмне дейбиз? - деп кобурады  Асылкан.
- Ай-ий, жай бүткүчөңдү эки жезделүү болуп калат турбайбызбы, Аксанаа эжем ошол Канатка эле чыкмак өзү, көптөн бери сүйүп жүрөт, күнүгө Россия менен эле "смс" жазышып эле олтурчу уктабай, төшөктү жамынып уктамыш болуп, - деп күлдү Уулкан.

- Тигил Мыскал эжеңи чакыр, эми Канаттыкына барып келгиле, Аксанаа эмне десе ошондой болсун, кийин айтпасын, "мен каалагандай болгондо башкача болмок эле, ошондо мен кыйын болмокмун", деп бизди күнөөлөбөсүн, - деди Асылкан.
Акмаралдын бай үй-бүлөдө жашаганын көрүп,  Асылкан эми өздөрү билсин балдар деп калды.
Мыскал келди, ал да күлдү:
- Азыр барып келип анан кетпей турайынчы, балким Уулкан да качып кетээр, дароо эле ага да бара калайын, -  деп.
- Мен алдын ала айтып анан тием, качсам да айтып анан качам, - деди күлүп Уулкан.
- Эми өткөндө Акмаралга барганда катуу айта албадым эле биринчи жолу болуп, азыр эчтекеден коркпой эле кыйкырып барам, бул эмне кылганыңар, кызыбызды бергиле алып кетем деп эле кирем, - деп күпүлдөдү Мыскал.
- Ой  ботом, сен Аксанаа менен сүйлөш да, балким ал өзү чечип макул болуп эле калгандыр, эгер жок кетем десе, анда мага чала кой, эми сен ал жерде кимге кыйкырасыў, карыган чоң ата-энесинен башка ким бар болду экен, достору эле бар болуш керек, алар сени угушпайт ко, Аксанаа өзү эле калды бир сонун болуп эле, аны сезип эле турам, - деди Асылкан.
Мыскал менен кыздар кеткенден кийин Бейшенбек келди. Аксанааны алып качып кетишкенин угуп эмне дешин билбей кыйла унчукпай олтуруп ой басып.
- Сен кыздарды күйөөгө тийбей каласыңар деп коркутуп атып мына эми биринин артынан бири шашылып тие башташты го? -  деди Бейшенбек Асылканды карап.
- Мен эми буларга күйөө таап койду деп атасыўбы, өздөрү эле качып атышпайбы, эми ага да мен күнөөлүїмүнбү, деп актанды Асылкан Бегайымды карап.
- Буюрганы болуп жатат да эми, буга сүйүнүш керек,  тийбей калышса эмне болмок, - деди Бегайым эне.
Мыскал болсо жакшы эле чаң салды:
- Ай бул эмне кылганыңар, теги бир басып келип адамча сүйлөшпөй эле ала качкан бул эмне, бас ай Аксанаа алдыма түш, эртең милицияга, прокурорго барбасак, - деп коркутту.
Канат эң шум досу Марленге акча берип:
- Марлен, эми сен чеченсиў да, акылдуусуў да, Мыскал эже менен сүйлөшүп, аны көндүргөнгө сен эле жарайсыў,  - деди.
- Жаш кыз болсо го, анда беш секундада башын айлантмакмын, бул эжекени билбейм эми, сен үчүн аракет кылам да, - деди кыйын болуп Марлен.
- Беш секунд эмес, беш саат болсо да эптеп көндүр, соодалашкын, сураганын бере албайм, - деди Канат.
Марлен Мыскал менен көпкө  баарлашышты, Канат өзүн коерго жер таппай ары-бери басып жатты. Аксанааны болсо достору менен алардын кээ бирөөлөрүнүн аялдары тегеректеп чыгарбай турушту.
Мыскал колуна акча тийип, анан Аксанаа менен сүйлөшкөндөн кийин Асылканга телефон чалды:
- Ай жеңе, Аксанаа калам деди, ою түз эле окшойт, мейли эми эки жаш бактылуу болсун, батаңызды бериңиз, - деп.
Ошентип, Аксанаа Канатка турмушка чыкты. Акмарал бул кабарды угуп капа болду. Анткени, ал Канатты жактыра берчү эмес, сөзүндө турбаган, алдамчы, арамза бала деп билчү эле. Асылканга чалып Канаттын ошол жактарын айтып Асылканды да ойго салды.
- Эми сүйөм эле дейт ай, бизге эми жакшы жашап кетсе болду да, Россияга кетишет имиш, ой билбейм, мынча эмне шашылды, - деди Асылкан.
- Убакыты аз имиш, эми дагы качан келет, ошого тез үйлөнүшүп аркы жумада кетишет экен, Канатты көп уктум эле жаман жактарын, бирок, Аксанаа ага моюн бербейт, сиңдими билем го, оңой эмес, балким, жакшы эле болот бардыгы, - деди апасынын көңүлүн бир аз көтөрүп Акмарал.
- Аксанааны эми билесиў сөз бербейт, силер сүйөм- күйөм деп айтпайсыңар, ал тим эле тигил Канатына чаң жугузбайт, "мен сүйөм, тием, кетем деп", - деди  Асылкан. 
Акмарал дагы бир күнү Мантай үйдө жок кезде, Данаканга бир досу келип калганда, капыстан кайненесинин баягы эле сөздөрүн угуп калды өзү жөнүндө.
Мантай келгенде ага дагы бир жолу айтты.
- Эми эмне кылайын, апамды урайынбы, айттым болбоду, - деп кайра кекетти ал Акмаралды.
Бул абал түп тамыры менен эч качан оңолооруна ишенбей, ошол эле күнү Мантайдын чөнтөгүнөн болгон акчасын алды да, Акмарал борбор шаар Бишкекке жөнөп кетти. Шаарда Мира деген досу иштеп жүргөн, ошонукуна барып жашап калды, өзү жашап жүргөн жерге барбай, изин жаап, эч кимге көрүнбөй эс алгысы келди бир аз.
Ошол эле күнү кечинде Мантай Акмаралга чалып таба албай, Бейшенбектикине келип, ал жерде да жок экенин билип, кайда барып издээрин билбей олтуруп калды.
Асылкан да ары-бери чалып издеп атканда, Акмарал өзү чалды:
- Апаке, мен Бишкектемин, менден кабатыр болбогула, эч кимди күнөөлөбөйм, Мантай менен жашай албайт окшойм, азырынча Мира мененмин, эч кимге айтпай эле койгула, бир жумуш таап иштеп турууну чечтим, анан келип кетем, бардыгыңарды өбөм, - деди Акмарал.
- Балам эми өзүң бил, кайненеге чыдаш кыйын болду окшойт сага, кийин өкүнбөсөң эле болду, - деди Асылкан.
Акмарал Мира менен кафеге жумушка кирип иштеп калды, мурдагы иштеп жүргөн жеринен бошонуп алды.
Мантай шаарга келип достору менен сайрандап, анан Акмаралды издеди. Мирага да жолукту, бирок ал Акмарал жөнүндө айтпады.
Данакан ичинен аябай сүйүндү Акмаралдын кеткенине, бирок Аламанга сыр билгизбей калпы эле издемиш болду,  ал түгүл Асылканга да чалды эзели чалбаган.
- Ай ушул келин көп нерсени көрсөтөт окшойт бизге,  эч кимге айтпай шаарга кетип калыптыр, айылдын таксисттери айтышты, балам шаарда куурап аны эми издеп жүрөт,-  деп капа болумуш болду Данакан.
- Жактырбай эле аттың  эле, эчтеке деген жок белең? -  деп сурады ишенбей Аламан.
- Мантай ага сөз тийгизбей калсын, жок ай, эчтеке деп айткан жокмун, - деп актанды Данакан.
Канат болсо ойлогон максатына жетти, Аксанаа макул болуп, нике кыйылды. Бир жумадан кийин эле, эми бирге үй-бүлө болуп жашап баштаганда Канат Россияга камдана баштады.
- Мен барып жумуштарымы ары-бери кылып, бошоп,  тез эле кайтып келейин, сен чал-кемпирди карап тур бир-эки жума, - деп алдап кирди Канат.
- Мен да барып келсем болбойбу сени менен, баары бир бошмун да азыр, - деп сурап калды Аксанаа.
- Жаным,барып келишке өзүң деле билесиў көп акча керек болот да, анан мен тез эле келем да, чыдап тур бир аз, - деди Канат.
Ошентип, эки жумага жетпей чогуу жашагандан кийин эле Канат Россияга жөнөп кетти. Аксанаа болсо ишенип, чал-кемпирди карап, тамагын жасап олтуруп калды.
- Ай айтып коеюн, тез кел, болбосо мен да жетип барам артыңан, Россияда мен деле иштейм, - деп калды Аксанаа.
Канат Россияга келээри менен эжеси дагы акча салып жиберди Аксанаага. Канат болсо иштей баштады, мурдагыдай эле сотка менен сүйлөшүп турушту. Бир күнү жумуштан кийин Канат ошол жердеги достору менен жолугушканда, аны  мурдатан жактырып жүргөн Элиза аттуу кыз да келип калды. Эжеси башка шаарга убактылуу жумуштап кетип, жездеси балдары менен Кыргызстанга кетип, Канат жалгыз калган эле. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элизаны мейманга чакырды  эжесинин үйүнө. Элиза да көптөн бери Канатты аябай жактырып жүргөн. Ал апасы экөө турчу.  Канат Кыргызстанга барып үйлөнгөнү жөнүндө эч кимге айткан жок. 
Канат эмнегедир Аксанааны унута түшкөндөй болду аны көрүп. Канча жолу жолукканда дайыма эле Элиза менен чогуу бийлеп, кээде өздөрүнчө да жолугушкан.
Канаттын эжеси бул өтө эле заманбап кийинген, чачтарын да акыркы мода менен кыркып, жалаң орусча сүйлөгөн Элизаны жактырбаган. Канат болсо, Элиза менен убактылуу көңүл ачып, өзү жалгыз турганча, аны менен чогуу болушту чечти.
- Мен жалгызмын, эч ким жок зеригип тажадым, келбейсиўби, пиво ичип, музыка угуп көңүлдүү убакыт өткөрөлү, - деп чакырды Канат.
- Ой эмне унчукпай жүрөсүў, конечно келем, апам жооп берсе экен, мен да ушул жашоодон алаксыгым келип атат, а то күнүгө "базар-үй", "үй-базар" болуп атып, - деп кейиди Элиза.
Апасына болсо, "бир досум жалгыз калып коркуп атыптыр, жанында бир аз убакыт  жашап турайын",  - деп алдап суранды.
Аксанаа бир ай өткөндөн кийин тынчсыздана баштады, Акмарал да чалып, "сен көп Канатка ишенбегин", -  деп айтканы кулагынан кетпей турду.
Анан телефондо Канат  менен сүйлөшкөндө катуу талап койду:
- Эгерде бир-эки жумада келбесең, анда мен шаарга кетем, жумушуман такыр бошоп кала турган болдум, тез эле келем дебедиң беле? - деди Аксанаа.
- Мен аракет кылам, чыдай тур жаным, күзгү сезон келип соода жакшы болуп жатат, эжем да, "кетпей тур, кышка акча жасап ал",  - деп атат деп дагы алдады Канат.
Акыркы убакта ал Кыргызстанга кайткысы келбей келаткан.
"Элиза жаныман чыкпайт, жашай турган жер бар, жумуш бар, акча бар, Аксанаа  эптеп чыдаса кышка жакын барып келем",  - деп ойлоду Канат.
Акмарал өзүнө жакпаса да болбой эптеп кафеде жумушка иштеп, Миранын колдоосу менен акырын өзүнө келе баштады, күнүгө нервди кайнаткан кайнене да жок болуп. Бир жолу Мира Акмаралга Мантай жумушка келип кеткенин айтты.  Буга чейин эле чайналып бушайман жеген Акмарал көпкө чейин ойлонуп билбей жатты, "кандай кылсам деп, жолуксанбы же жолукпай эле койсомбу Мантайга", деп.
Бир жагынан жолуккусу да келди, анын кебин угуп, үйүндө эмне деп айтышканын билгиси келди. Бир жактан жолуккусу да келген жок, "эми эмне өзгөрмөк эле, убактылуу  тынчыганы менен кайненеси өзүнүн эски ырын тез эле ырдай баштайт" деп да ойлоду. Мантай айтышы мүмкүн, "апам менен сүйлөштүм, эми андай сөздөрдү экинчи көтөрбөйт",  деп.
Ал эми кайненесин көрмөк турсун, уккусу да келген жок. Ушунчалык көңүлү калган экен, кээде түшүнө да кайненеси аны кемсинтип атканы кирип жүрдү. Бирок Мантай бир күнү аны таап келерине эч шек санаган жок. Ошол күндү күтүп, чечип бир экөөнүн турмушуна чекит койгусу келди. Эң башкысы, "жолукканда деле анын үйүнө кайтпайм"  деп чечти.
"Кааласа мени менен шаарда жашап калсын, каалабаса анда мен өзүм эле жашайм Мантайсыз, мен сүйбөйт деле окшойм аны, эмнегедир тез эле унута баштадым", - деп ойлоду.
Асылкан кечинде чай ичип олтуруп Бейшенбекке айтып калды:
- Ушул Акмарал кайненесинин сөздөрүнө чыдабай эле кетип калды окшойт, аябай ушул  кызым намыскөй, акыйкатчыл, чынчыл ай, - деди.
- Ал эмне менден да катуу бекен, мени деле келиндерим башында жактырчу эмес,-  деп күлдү Асылканды карап Бегайым эне.
- Ой, жок ой, апа сиз жумушка эле катуу элеңиз, башка быкы-чыкы сөздөрдү айтчу эмессиз бизге, - деди Асылкан.
- Анан Данакан көп сүйлөгөн неме окшойт, дагы эмне деп тантыраптыр байдын аялы болуп, ия? -  деп сурады Бегайым эне.
- Ой, ар кандай сөз айтып балдардын жашоосуна кийлигишкен го, - деп чындыкты айтпады кайненесине Асылкан.
- Мен келиндерди азыраак уктап, көбүрөөк жумуш кылгыла дегенден башка айтчу эмесмин, - деп калды Бегайым эне.
- Туура, келиндерин башка жерде мактап эле турчу, - деди апасын колдоп Бейшенбек.
- Койчу апам такыр мактачу эмес, "ий шүгүр, келиндерим түзүк эле", деп койчу, - деди күлүп Асылкан.
- Акмарал телефондон мен Мантай менен жашабайм деп атат, - деди Асылкан.
- Эми маңдайына жазганды көрөөр, өзү билсин, башында эле мен каршы элем, колдон келген жардамды беребиз да, - деди Бейшенбек.
- Эми тийгенден кийин чыдап эле жашай бербейби, кайненесине, "ии апа,  сеники туура",  деп коюп эле оокатын кыла бербейби. Мени кайненем жаш чагында жини келсе союл менен деле чаап жиберчү, ыйламыш болуп анан эле ары карап күлүп жүрө берчибиз, абысындарым менен, "ушул кемпир өлбөдү", - деп күлүп калды Бегайым эне.
- Аксанаа да тынчымды алды, үйгө келип кетти, "эртең келип жатып кетем"  деди, тигил күйөө бала Россиядан келем деген бойдон жок имиш, чал-кемпир болсо, "Канат бизди жыргатты катын алып, түйшүгүбүз азайды" деп кемпирлерге мактаныптыр Канаттын энеси Жаңыл.
- Анын жумушу эмне болуптур, чыга бербейби жумушуна, чалы-кемпир эчтеке болбойт, кудай албайт да, өздөрү жашап эле жүрүшкөн, - деди Бейшенбек.
- Аркы жумада чыгам деди, эгерде Канат келбесе, - деди  Асылкан.

Акмарал Мира экөө айылдык дагы бир кыздын туулган күнүнө барып келишти. Акмарал барбайм дегенине болбой, Мира аны сүйрөп барды. Кафеде олтуруп,  Акмарал бир жаман ушак укту.
"Аксанаанын күйөөсү Канаттын Россияда да аялы бар экен"  деп айтышты.
Кадимкидей үй-бүлө болуп жашашат экен, өз көздөрү менен көрүшүптүр.
"Айылдагы дагы бир ушактыр", деп ойлойун дейт, бирок Канат жөнүндө мурда угуп жүргөндөрүн эстесе, анда, "Канат ошондой нерсени жасай турган жигиттей көрүнөт, бул сөздөр чын болушу мүмкүн" деген жыйынтыкка келди.
Мындай сөздөрдү укканда Акмарал өтө жаман болду, кеченин аягына чейин олтурбай кетип калды. "Аксанаага же апама айтсамбы же айтпасамбы"  деп ойлонуп кечке жүрдү. Эртерээк айтып Канаттын жүзү каралыгынын бетин ачкысы келди, бирок Аксанаанын шагын сындыргысы келген жок.  Өзүнүн турмушундагы проблемалар аз болгонсуп, эми Аксанааныкы да кошулду. Бул ойлор Акмаралды катуу бушайманга алды. Күйөөгө тийбей эле, жай башталганда сонун эле жүрдүк эле, күзгө жаңы проблемалар менен келип калдык"  деп ойлоду.
Арадан көп убакыт өтпөй Мира жумуштан келгенде артынан Мантай кирип келсе болобу., Ал Мираны тымызын ээрчип таап келгенин Акмарал дароо түшүндү. Бирок, Акмарал күтүп эле жүргөн Мантайды, "качан пайда болот экен" деп.   Оозун ачып, же кир дей албай, же салам айта албай,  карап эле туруп калды Акмарал.
Данакан көздөгөн планы ишке ашып, келининин кеткенине аябай сүйүнүп жүрдү.
Бирок, Аламан баласынын Акмарал кетип калгандан бери өзгөргөнүн байкады, ал эч ким менен сүйлөшпөй да калды, мунун баарын сезип ал баласынан бир күнү мындай деп сурады:
- Сен балам тигил келинди таба албадыңбы? -  деп.
- Атаке, ал өзүнчө жашайлы деп суранган, шаардан издеп атам, апам экөө эле тил табыша алышпады, ошого эле кайткысы жокко, - деди Мантай.
- Эгер балам көңүлүң болсо алып кел, же шаарда үй алып берейин жашагыла, - деди Аламан.
Анан, Данаканга айтты:
- Балам айтат ко, сен күнөөлүсүў деп, мен деле айтпадым беле, келинге өтө эле катуу мамиле кылып атасыў деп, мына эми кетип калды, табаң кандыбы, ал келинди балам аябай жакшы көрчү, экөөңүн ортосунда балам чайналды окшойт, таптырып алып келдирем, - деди жини келип Аламан.
- Ой мен эмне депмин, дайыма эле мени күнөөлөйсүў да сен, жакпаса эмне кылайын, теги унчукпаш керекпи ээ, ал баламын төбөсүнө чыгып ала турган неме экен, - деди Данакан.
- Кудалардын бетин кантип карайбыз, сени укпай өзүм эле ошолор менен да жакшы байланыш түзсөм болмок экен, - деп өкүндү Аламан.
- Эми деле барып келели анда аларга, - деди Данакан.
- Ай мээң ордундабы каапыр аай, кызыңарды кетирип жибердик эле, келген жокпу деп баралыбы, бет да керек да, эл укса эмне дейт? -  деди Аламан.
- Сен качан эле эл деп калгансың, ушунча жыл бирге жашаган меники туурабы же кече эле пайда болгон, ата теги белгисиз жаш келиндики туурабы? -  деп калды таарынып Данакан.
- Болду эми оттонбо, балам кыйналып жатпайбы? -  деди Аламан.
- Эмнеге кыйналат, керек болсо башка кыздар толуп атат, ышкырсаң эле жетип келишет Мантайдай уулума, ушул келиндики өттү, келе албай атып эле таарынып, кааласа кетип калып, - деп жинденди Данакан.
- Ай өзүң билчи, айткан сөздү укпай калгансың го, балам жакшы көрүп атса, алып келиш керек келинди, ал деле эми бирөөнүн баласы да, алып качып алып, анан талаага таштабай, - деди Аламан.
- Балаң экөөңөр эмне эле бооруңар ооруду ошол келинге, мага боор оруган киши жок, мен жөнүндө жаман ушактарды айтат экен, - деп алдады Данакан.
Мира Мантайдын артынан кирип келгенин көрүп таң калды.
- Апеей да, кайдан сен, эмне артыман аңдып келдиңби, Акмарал мен ээрчитип келгеним жок, кудай урсун! -  деп актанып туруп калды экөөнүн ортосунда.
- Ий келдиңби, эми эмне дейсин, аракет кылбай эле кой, мен эч жакка барбайм, - деди Акмарал.
- Мен сени эч жакка жүр дегеним жок го, жөн эле көрүшкөнү келдим, - деди Мантай.
- Бери чыкчы, экөөбүз сүйлөшөлү, - деди Мираны карап Мантай.
- Мен сенин апаң менен бир үйдө жашай албайт экем, өзүнчө жашасак анда мен дагы ойлонмокмун, башкача болсо анда мен өзүмүн бактымы башка жерден издейин, сага байланбай, сени да кыйнабай, апаңы да кыйнабай, - деди Акмарал ыйлап.
- Мен үйгө барып эми сүйлөшөм, атам шаардан үй алып берем чогуу жашасаңар деди,  сен кыйналган жоксунбу, акча-пакчаң барбы? -  деп сурады Мантай.
- Өзүмө жетишет, мага жардамдын кереги жок,  сен тезирээк чечип келсең кел, болбосо жакында бул жерден кетем, анан изими табалбай каласын, - деди Акмарал.

Канат кээде телефонун да өчүрө турган болду Аксанаа менен сүйлөшкөндөн качып.  Айрыкча ушундай  күндөрү Аксанаанын санаасы тынч албай турган болду.
Канат Элиза экөөнүн жумушу бир базарда  болгондуктан чогуу эле жүрүштү.
Бир күнү Элиза Канатка көптөн бери айта албай жүргөн кабарды айтты:
- Билесиңби жаным, мен кош бойлуу болуп калдым окшойт, кудай буюрса биз перзенттүү болобуз, ошону ойлонбойлубу, мен ата-энеме да айтпасам кеч болуп калат ко анан? - деди.
Элизанын апасы көп жылдардан бери Россияда болуп бутуна туруп калган  эле. Аны ошол шаардагы кыргыздардын ичинен байларынын бири деп билишчү. Ошондуктан, аны менен тирешкен Канат үчүн кыйын болмок. Эжесине кантип айтышты да ойлоп калды. Бардыгын эжесинин командасы менен жасап жүргөн Канат Элизага эмне деп жооп беришти да билбеди.
- Мен да эжем менен сүйлөшөйүн, -  деди Канат.
- Ооба, эртелетип чечели, ээ алтыным, мен сени сүйөм, - деди Элиза.
Канат эмне кыларын билбей олтуруп калды.
"Аксанаа болсо Кыргызстанда күтүп жатат, мен болсо биякта ата болот экем. Эжем эмне деп урушаар экен, кайра Кыргызстанга кетип калсамбы?" деген ойлор келди.
"Элизага айтсамбы, аборт жасап алдырып салалы, эгерде ал макул болсо, сонун болмок, ач кулактан, тынч кулак болуп, ага макул болбосочу, анда эмне кылам, эжеми күтөйүн, ал кандай десе ошондой болоор, көп болсо мени кайра жөнөтөөр",  - деп ойлонду Канат.
Аксанаа эмне кылаарын билбей, анан  үйгө барып кош айтышып шаарга барууну чечти.
- Мени жумушка чакырып жатышат, эмки жумада барбасам анда бошошум керек болот,-  деди Аксанаа.
- Канат келейин дедиби, эми өз жумушуңду кыла бер, кечке эле чоң ата-энесин карап олтурмак белең? -  деди Бегайым эне.
- Мен барып келсемби деп атам Россияга, балким мен да ошол жакта иштеп калам Канат менен -  деди Аксанаа.
- Бул жумушуң деле жакшы го, акырын иштей бербейсиўби, Канат эми келээр, балким чын эле колу бошобой аткандыр, жакшы эле акча салып жаткан турбайбы? - деди Асылкан Аксанаанын жаңы костюмун кармалап.
- Эки жумада келем деди эле, мына бир айдан да өттү, качан келери дагы эле белгисиз, эртең шаарга кетем, анан эмне болгонун айтып чалам, - деп кетти кайра Аксанаа.
Асылкан эмне деп айтаарын да билбей калды.
- Күйөөсү келип калаар, болбосо шаарга барып иштеп алаксып калаар, - деди Бегайым эне.

Данакан   болсо Аламандын башын каалагандай айлантып, Мантайга башка кыз алып берүүнү айта баштады.
- Ай, бул сага аял алып бериш башка байпак кийгендейби, жакпай калса эле ыргытып жиберип башкасын кийгендей, тигил кыздын тагдыры эмне болот, анын убалы кимге, балалуу болуп калышса кандай болот? -  деп кейиди Аламан.
- Эмне болмок эле, маңдайга жазганын көрөбүз да, бирок Мантайдын деле анчалык көңүлү жокко дейм Акмарал менен жашаганга, артынан барбай эле калды го? - деди Данакан.
Мантай болсо шаарга кетип Акмарал  менен жашайм деп чечти. Аламан да макул болду, бирок бир окуя Мантайдын пландарын бузду. Бир күнү Аламандын үйүнө Табылдынын үй-бүлөсү мейманга келип, Мантайды Гүлжамал менен тааныштырышты. Гүлжамалга Мантай аябай жакты. Данакан элдерге келиним кетип калган, балам бош бойдон, башка аял алып берем деп айтып жүргөн убак.
Мантайды Данакан да катуу үгүттөй баштады.
- Балам Акмаралды эмне кыласыў каадалантып, мына Гүлжамал сулуу десең сулуу, Акмаралдан кем калышпайт, кандай жакшы үй-бүлөнүн кызы, биз сүйлөштүк, экөөңөрдү тең чет мамлекетке  чогуу жиберебиз, ал окуйт, сен иштеп сонун эле болот, - деп үгүттөп атты Данакан.
Ал Мантайдын мээсинен Акмаралды такыр чыгарып жиберишти эңседи. Гүлжамал күнүгө өзүнүн машинеси менен келип Мантайды салып кете турган болду.  Күн өткөн сайын Мантай Акмаралды азыраак эстеп, кээде Гүлжамалга өзү да бара турган болду. Экөө тамекини ышкыртып, кафелерге барышты, акчалары көп, шапар тээп, дискотекалардын чаңын чыгарышты, пиво-шампанын кошуп. Анан ошондой күндөрдүн биринде,  бир жолу капысынан түштөнөөр убакта кафеден Акмаралга жолугуп калышты. Аны көргөндө Гүлжамал менен кучакташып шакылдап келаткан Мантай ордунан жылбай нес болуп эле туруп калды. Акмарал болсо баарын түшүндү, Данакандын Гүлжамал жөнүндө айткандарын да уккан эле. Мантайдын Акмаралды кууп жетип түшүндүрөйүн деген сөздөрүн да уккан жок. Эч бир сөз да айткан жок, ыйлаган бойдон жашаган жерине келди, Мантай эшикти канча такылдатса да ачкан жок. Мантай экөөнүн ортосундагы акыркы көпүрө күйгөнүн эми Акмарал сезди. Башка жакка көчүп, Мантай менен болгон жашоонун акыркы бетин жаап, жаңы турмуш жөнүндө ойлонуп, өзүнүн келечегин эч кимди укпай эми өзү гана чечишти ойлоду.

Аксанаа шаарга келип Акмаралга жолукту. Акмарал ары-бери ойлонуп, анан Канат жөнүндө Аксанаанын өзүнөн уккандан кийин, ага уккан ушактарын айтып берди. Экөө тагдырларына нааразы болушуп чогуу ыйлап да алышты. Аксанаа болсо жумушунан бошоп,  Россияга барып келүүнү чечти, эч кимге айтпай.  Эртеси эле тымызын жөнөп, үч күн дегенде Канат жашаган шаарга барды да, мейманканадан орун алып, анан мурда билген адреси менен Канат жашаган үйдү тапты. Эрте менен жашынып  байкап турганда, "подъездден" Канат менен Элиза ээрчишип кучакташып чыгышты да жумушуна жөнөштү. Ошол күнү Аксанаа кечке алардын артынан тымызын байкоо жүргүзүп шпиондой эле жүрдү. Биринчи аларды чогуу көргөндө жүрөгү оозуна тыгылып, кыжыры кайнап, чыга калып экөөнү тең чаап жибергиси келди. Аксанаа өзүн араң кармады, көзүнөн жаш агып ызаланса да, алардын артынан тымызын телефонуна сүрөткө тартып ээрчип отурду. Акырын Интернет-кафеге кирип чалып да көрдү, алар тамактанганы кафеге киришкенде.
- Ой мен обеддемин, аябай иштеп жатам, өзүм эле анан чалайынчы, - деп алдады көпкө чейин телефонду албай Канат.
Аксанаа Канаттын мындай эки жүздүүлүгүн билбегенине өкүндү.
"Аны жөн эле алдап жүргөн турбайбы, анын сүйүүсүн жөн эле пайдаланган турбайбы, элдер бекеринен сөз кылбаптыр Акмаралга"  деп ойлоду. Бир жагынан эрте билингени да жакшы болду, билбей жүрө берсе эмне болмок. Аксанаа эки сүйүшкөн жаштар жүргөндөй жүргөн Канат менен Элизаны көргүсү келбей эмне кылышты шашпай ойлонду. Дароо эле Канатты таштап мамилелерине балта чаппай, өзүнүн бактысы їчїн күрөшүүнү туура тапты.
"Мен кетип калып, бул экөө жыргайбы, эмне болсо да никелүүмүн, жок мен багынбайм, бир жыйынтык чыгарып анан кетейин, же ушул шаарда калып иштейин"  деп ойлоду.
Канат менен Элизанын  кафеде олтурушкан жерине Аксанаа кирип барды, аны көргөндө Канаттын колундагы кашыгы жерге түшүп кетти, көзүнө албарсты көрүнгөндөй болуп боп-боз болуп, оозундагы тамак же ары кетпей, же бери чыкпай туруп калды тамагында.
Уулкан да чоңоюп, институтту  сырттан окууга өтүп бир компанияга компьютерге оператор болуп жумушка иштеп жаткан. Шаарда дос кыздары менен жатаканада жашап жүрдү. Күнүгө компьютерде олтуруп, жумуштан бош убакта Интернетте кечке ар кимдер менен таанышып, "чаттарда" сүйлөшө турган болду. Курска барып англис тилин да жакшы өздөштүрүп калды. Чет элдиктер менен керек болсо англисче жазыша баштады. Уулкан мектепте жакшы окуганынан булардын бардыгын тез эле үйрөндү. Күндөрдүн биринде бир чет элдик жигит Германиядан "Фэйсбук" социалдык сайтында таанышканга сунуш жасады. Уулкан, "Ээ, бир немис экен, тааныша берейин"  деп дароо макулдугун берип жазып жиберди.
А  тигил немис жигит Уулканга  күнүгө жаза баштады. Анын аты Макс Магнер болчу, ал Франкфурт шаарында атасынын компаниясында иштейт экен. Башында анын Кыргызстан жөнүндө аябай көп сурап кызыккан суроолоруна жооп жазып коюп атты.  Макс велотуризмди жакшы көрөөрүн, Уулкан да велосипед тепкенди жакшы көрөөрүн, Германияда окугусу келгенин жазып, иши кылып алар күнүгө жазышмак турсун, Макс кийинчерээк телефон менен да чала баштады.
Комнатадагы кыздар да күлүп калышат эле:
- Ай ушул сен ошону сүйүп, анан күйөөгө тийет окшойсуў, Германия эле деп калдың, деп.
- Каяктагы Германия, биз жөн эле Интернет досбуз -  деп жооп берчү Уулкан.
Макс англисче да, орусча да бир аз сүйлөйт эле. Анын чоң ата-энеси мурда Кыргызстанда турушуп Таласта, кийин анан Германияга кетишкен экен. Уулкан да аябай көнүп, кээде Макс чалбай калса ойлонуп да кала турган болду, буга  эмне болду деп.
Асылкан Акмаралга чалып үйгө келип кетүүсүн суранды. Ал ага катуу кабатырланып, жүрөгү сыгылып  жүргөн эле.
- Ай ушул Акмарал кайненеси менен тил табыша албай калды окшойт, өткөндө Мантай барып жүр десе болбой коюптур, - деди Асылкан.
- Ал келбейт эми алардыкына, мен кызымын мүнөзүн билем го, - деди Бейшенбек.
- Ой бир ойлогонун бербейт, сени тарткан да, - деди Асылкан.
- Эми кайненеге чыдап жашай берсе эле болмок, эртең эле Данакан да алдан тайыганда жоошуп эле калат, - деди Бегайым эне.
- Бүгүн жолдо Аламан байкени көрдүм, мени көрүп шашылган бойдон качып жөнөдү эмнегедир, эгер сүзүшүп калсак сүйлөшөйүн дегем эркекче, эми Акмарал өзү билсин, бир жолу кийлигиштик эле эмне болду, -деди Бейшенбек.
- Данакан кудагый аялдарга Табылдынын кызын алып берем Акмарал келбесе деген имиш, телефондон Акмарал менен жакшы сүйлөшө албадым, ошого келсе жакшы болот эле, шашпай бардыгын сүйлөшмөкпүз да, - деди кейип Асылкан.
- Аксанаа Россияга кеткен бойдон жок го, сага чалбадыбы? -  деп сурады Бейшенбек.
- Жок чала элек ошол бойдон, тигил Канаттын телефонун сурасам бербей койгон, өзүм чалам деп, - деди Асылкан.
- Ой бул кыздар эмне эле болуп атышат, бири борборго кетип келбейт, экинчиси эми Россияга кетип? -  деп таң калды Бегайым эне.
- Аксанааны тим эле койдук, көрөлүчү эмне болоор экен, ал Россияда иштейм деп атпайбы, Бишкекте жарыткан акча таппайм, тиякка барып кыйын болом деген, - деди Асылкан.
- Иши кылып, бактыларын таап кетсе жакшы болот эле күчүктөрүм, - деп кейиди Бегайым эне.
- Биз эми жумушсуз калсак эмне болот десең, жаштар тигинтип башка жакка барып деле иштеп келсе болот, - деди Бейшенбек.
- Эл көргөндү биз да көрөбүз да эми өлбөсөк, пенсия көбөйсө болмок, - деди Бегайым эне.
Акмарал күнүгө ыйлай турган болду, ошол Мантайга күйөөгө тийгенге макул болгон күндү эстеп жини келип, "калбай кетип калсам болмок, эмнеге калып калдым, үйдө атам жакшы эле кабыл алмак, эгер мен калам үйдө десем анда атам жибермек эмес", -  деп ойлоду.
Мантай болсо ошол кеткен бойдон кайрылып келбеди. Ал апасынын сөзүнөн чыга албай калды. Анан Акмарал Гүлжамал экөөнү чогуу көргөндөн кийин кайра аны менен сүйлөшөөрүнө көзү жетпей атты.
Убакыт өткөн сайын Акмаралдын эсинен негедир Мантай чыга баштады, чындыгында аны сүйбөйт экем деп да ойлоду.  Кулагынан такыр Данакандын айткандары кетпей койду. Айылга да баргысы келген жок, элдердин сурагандарына эмне деп жооп берээрин да билбеди.
Айылда жолуккандар албетте сурашат, "кой, бул өзүнүн турмушу да сурабай эле коёюн", дешпейт. Кемпирлер аз келгенсип, теңтуш кыздар, айрыкча туугандар калбай сурашат. Ошондуктан, апасына макул барам дегени менен, буту тартпай турду, бир шылтоону айтып дагы барбай турууну чечти. Оюна Аксанаа да кирди, эмне болду экен ал Канат менен деп, анын тигил жакта да аялы бар экенин көрдү бекен, балким жөн эле ушактыр деп да ойлоду.
Аксанаанын жаңы жумушунда Акбар деген, кара тору, келбеттүү, чоң жигит иштечү эле, негедир ошол жигит акыркы убакта Акмаралдын эсинен кетпей, жумушка барганда да, ошол Акбарды көрсө сүрдөп жүрөгү дүкүлдөп кете турган болду.
Акбар да күнүгө жанына келип сүйлөшө турган болду. Жумушта бардыгы Акмаралды күйөөсү бар деп билишчү. Акбар ага көңүл бурбады, Акмаралды аябай жактырчу, күйөөсү бир да жолу келбегенине таң калып, "ушул сен калп эле балдар тийишпесин деп күйөөм бар дейсиў"-  деп айтат эле. Бүгүн Акбар адатынча келип Акмаралды киного барып келбейлиби деп чакырды. Эмнегедир Акмарал жок дей алган жок, эртең дем алыш күн болгондуктан макул болду.
... Аксанаа аларга жакын келип Канатка карап, кечээ эле бирге болуп, кайра азыр эле көрүшкөндөй мамиле кылып:
- Эмне болду, жалгыз тамактанган болбойт да, туура, тамагыңар таттуу болсун, мен да тамак ичип алайын, - деди.
Акыры бир саамдан кийин өзүнө келип, Канат Элизага карап:
- Элиза сен бара бересиўби, мен анан жумушка барам, - деди Канат.
- Ой ал тоскоол болбойт, бир үй-бүлө болуп олтура берели, -  деди Аксанаа.
Элиза эчтекени түшүнбөй, бир Канатты карап, бир Аксанааны карап, же дароо туруп кете албай, Канатты карап туруп калды.
- Сен бара бер, мен анан келем, -деп дагы бир жолу айтты Канат.
- Сен буга кимиси болосуў, сүйгөнүңбү? - деп сурады Канаттан Аксанаа.
- Бирге иштейбиз, обедке бирге чыктык эле... -  деди Канат актанып.
- Ий анан эрте менен да бирге тамак ичет турбайсыңарбы, кечинде да бирге тамак ичесиңерби, жакшы экен үч маал чогуу тамак ичип? - деп сурап калды Аксанаа.
- Сен качан келип калдың биякка? -  деп сурады Канат.
- Мейли анда экөөбүз сүйлөшөлү, Элиза дейсиўби, ий анда бул менен башка убакта сүйлөшөйүн, - деди Аксанаа .
Канат Элизаны узатып, көпкө жоголуп кетти. Ага  Аксанааны "Кыргызстандан келген турбайбы, туугандарыбыздын кызы чогуу өскөн"  деп алдады.
Элиза ишенген жок, "жок ай, ушул сенин бул кыз менен бир балээң бар, мейли анан сүйлөшөбүз" деди.
Канат келип олтургандан кийин, Аксанаа:
- Мен иштегени келдим, тигиниңи ары жогот, көзүм көрбөсүн да, сурабайын да -   деди.
- Макул, ал келбейт, - деп унчукпай калды башын ийкеп жерди карай Канат.
... Акмарал толкунданган бойдон кечти кїттї.  Акбар убагында келди, Мира жумушта болчу. Кино бүткөндөн кийин көп убакытка сейилдеп жүрүштү. Күндөн күн өткөн сайын Акмарал Мантайды унута баштады, Акбар экөө жумуштан кийин тез-тез жолуга турган болушту. Акбарга болгон сезимдер Акмаралда Мантайга такыр жок болчу. Акбарды күнүгө көргүсү келип, кээде аны өзү издеп барып жолугуп турат эле.
Мантай болсо Гүлжамал менен катуу чардашты, дагы эле кафе, ресторандардан чыкпай, дискотекаларда бийлешти. Бирок Мантай Гүлжамалды анча жакшы көрбөдү, ал тамеки тартып, арак ичип, көўүл ачкандан башканы билбейт эле.
Мантай Акмарал сымбат жагынан  да, интеллектуалдык деңгээли да андан кыйла жогору тураарын билет эле. Гүлжамал турмуштун ысык-суугун көрбөгөн эрке кыз болуп, анын максаты бир бай балага турмушка чыгуу эле болчу. Мантай өзүн такыр аны менен өмүрлүк жолун байлашты каалабады, жөн гана убакыт өткөрүп  жүрдү. Гүлжамал чет өлкөгө кеткенде Акмаралга барып жолугуп, аны дагы бир жолу үгүттөөнү чечти. Акмаралды көп эстей баштады.

Данакан болсо бир күнү картасын ачып, Мантайга биротоло ультиматум койду:
- Сен Гүлжамалга үйлөнсөң сенде баары болот, эгер үйлөнбөсөң башка кызды мен кабыл албайм, анда ошол менен үйдөн кетип өзүнчө жашай бер, - деп күпүлдөдү.
Аламанды да Данакан бурап атып акыры көндүрдү, ал да уулуна айта баштады.
- Эми болор иш болду, эгер каалабасаң Акмаралды тим эле кой, эми ал кыз өзүнүн бактысын башка жактан табаар, Гүлжамал жаман эмес кыздай, өзүң ойлонуп көр, - деп калды Аламан.
Ошентип күнүгө чардап жүрдү, бирок бир күнү күтүлбөгөндөй кайгылуу окуя болду,  Мантай менен Гүлжамал достору болуп дискотекадан түндөсү келе жатып Мантай катуу аварияга туш болуп каза болуп калды.
...Аксанаа Канат менен анын жумушун көрдү, кечинде жашаган батирине келишти.
Аксанаа Элизанын кийим-кечегин топтоп койду да:
- Эртең мобуларды тигиге берип кой, бул жерде турбасын, - деди Аксанаа.
Аксанааны мындай кылат деп  Канат такыр ойлогон эмес болчу, анан мүнөзү да башкача болуп, катуу айткандарына эмне дешин билбей макул болуп жүрдү. Аксанаа Канаттын жанында туруп соода кыла баштады базарда. Элиза болсо тымызын Канатка жолугуп аны катуу суракка алды:
- Бул ким өзү, аялыңбы айылдагы, эмне менден жашырып жүрдүң беле жаныңды жеп, мен эми эмне кылам, акчаңды камда, мен аборт жасатам да алдырам боюмдан, сага окшогон алдамчынын тукумун, мен апама айтып бердим, ал сенин намазыңды окутам деди, - деп коркутуп кетти.
Канат анан Аксанаа жөнүндө бардыгын Элизага айтканга мажбур болду. Элиза Аксанааага жолугуп сүйлөшкөндөн коркту. Аксанаа ага караганда бою узун, сөөктүү да болчу.
...Макс Уулканга Кыргызстанга келип мен сага үйлөнөм, сени сүйөм деп тамашалап, кийин чын эле айта баштады көрө электе эле. Макс мындай сулуу, акылдуу, тыкан, орусча, англисче сүйлөгөн кызды Кыргызстандан табам деп такыр ойлогон эмес эле. Көп эле кыздар менен дос болуп жүргөн Макс эмнегедир Уулканды унута албады. Уулкан да Макска айтпай немис тилин үйрөнө баштады интернеттен. Жумушта элдер кеткенден кийин көпкө олтуруп Макс менен сүйлөшчү интернеттен. Уулкан Макстын жашоосун, жумушун да  бүт көрүп чыкты.  Макс болсо отпускага чыгып эки-үч ай велосипед менен кыдырып келе турган болду.  Уулканды да үгүттөй баштады бирге кыдырганды.
Уулкандын иштеп тапкан айлыгына таң калды, анткени ал бир айда тапкан акчаны, Макс жарым күнгө жетпей табат экен. Уулкан аны араң түшүндүрдү. Аны уккан Макс күлдү, жумушуңду ташта, Германияга келип иштейсиў же окуйсуў деп айтты.
Уулкан Макс чын айттыбы, же тамашаладыбы, түшүнбөдү. Акыры анын келе турган күнү жакындап бир жума калганда Уулкан үйгө айылга барып апасына айтууну чечти.
Уулкандын Макс жөнүндө айтканын  угуп Асылкан чалкасынан кетти.
- Ой бул эмне деген шумдук, бир көрбөй туруп мен аны менен велосипед тээп жер кыдырам деген, бир көрбөй туруп күйөөгө тийишим мүмкүн немиске дегениң эмне, биз сени жакшы эле тарбиялагандай болдук эле, атаңа айтсам эмне деер экен, - деп күлдү Асылкан.
- Ой айланайын бир жакыныраак жерден бирөө калбай калгансып, эми немис калды беле? - деди Бегайым эне.
- Быйыл аябай кызык окуяларга бай жыл болгону турат, Акмарал күйөөгө чыгып, күйөөсүнөн ажырап,  Аксанаа Россияда жүрөт күйөөөм ушул жакта эле деп, эми сен Германиядан келген менен велосипед тееп кетем дейсиў, берки калган кичүү экөө эмне дешет экен, кокуй аларга угузба, алар да жөнөшпөсүн,-  деп күлдү Асылкан.
Кечинде Бейшенбек келип Уулкандын жаңылыгын угуп ал айтты:
- Мейли барса бара берсин, эл көрөт, жер көрөт, тил үйрөнөт, немис эми кыргызга окшоп алып качпайт, үйлөнсө ал нормалдуу үйлөнөт, мен каршы эмесмин деп, ал бардыгын таң калтырды.
- Ал балким мени, Кыргызстанды көрүп анан жөн эле кетээр, мен тамашалап койдум, биз үйлөнөбүз деп эчтекени чече элекпиз, биринчи чогуу велосипед тээп көрөлүчү, андан кийин көрө жатарбыз, - деп күлдү Уулкан. 
- Ой мен сезип турам, ошол жакка күйөөгө тийип кетесиў, алыстыгы канча экен? деп сурап калды, айрыкча кыздардын ичинен Уулканды катуу жакшы көргөн Бегайым эне.
- Ай эне, самолет менен 6 саат экен, а мен Чаткалга же Чоң-Алайга күйөөгө тийсем он саатта да жетмек эмессиз, машинеде тоолуу жаман жолдордо мээңиз чайпалып, көрдүңүзбү жакын эле, - деп күлдү Уулкан.
- Ооба, эми мен самолетко олтуруп алып кудага барат экем да, -  күлдү Бегайым эне.
- Макс мага кайсы күнү кайдан жолугаарыбызды да айтты, аны айтсам ишенбейсиңер, күлөсүңөр, - деди Уулкан.
- Ай анан аның үйгө да келеби, эгер келсе, анда үйдү ремонт кылыш керек, эшик-эликти жыйнаш керек, алар тазалыкты жакшы көрүшөт, ата-энесине мактап баргандай болсун, -деди Асылкан.
- Биякта эмес, биз жолдо жолуган турган болдук, Бишкек-Ош жолунун 160- километринде "Парижде" жолуга турган болдук. Ал мага велосипед ала келет экен, анан биякка келебиз, - деди Уулкан.
- Германиядан сага велосипед ала келет бекен, велосипедди эмне кылат элең, бир жолу машина эле ала келсин, д- еп күлдү Асылкан.
- Ал өзүнчө тоодо жүрө турган велосипед экен, баасы машиненин баасындай  экен, биз тепкен велосипеддер тоого чыга албайт имиш, мен азыр машыгып атам велосипед тепкенге, -деди Уулкан.
- Велосипедди тээп да машыгат бекен, биздин орус аялдар машыкпай эле ышкыртып жүрүшөт ко, балдарын учкаштырып, товарын ташып, -деп күлдү Бегайым эне.
- Шумдугуң кургур десе, анан жолдо туруп күтөт бекенсиў, анда келет турбайбы биз жакка, апиий, эртең сен үйлөрдү акиле, кой даярдык көрөлү, шерменде болбойлу чет жерден келген конокко, - деди Асылкан.
- Мен бир кой даярдап коёюн, келгенде союп берем конокко, бешбармак жеп кетсин, - деди Бейшенбек.
- Алар койдун этин жебейт деп уктум эле, - деди Асылкан.
- Конок койдон жоош болуп жей берет да, ага эмне эми бука соймок белек, сен аныгын айт, балким тамашалап койгондур, -деди Бейшенбек.
 - Менин билишимче немис келем десе, значит келет, алар биздин кээ бир кыкеўдерден айырмасы, айтканын жасайт, -деди Уулкан.
Ошентип, Бейшенбектин үйүндө даярдык көрүлө баштады конок тосконго. Уулкан шаарга келип Макстын келишин күткөнү Суусамырга  "Парижге" жөнөп кетти. Мени дароо эле тааныйт болуш керек, канча жолу сүйлөштүк, мен аны дароо эле тааныйм деп ойлоду. "Парижде" кафеде лтуруп көпкө олтуруп калды жолду карап. Кафеде иштеген аял көпкө көчөнү караган кыздан сурап калды:
 - Ий айланайын, кечке эле эшикти карайсыў, бирөөнү карап күтүп жатасынбы?
- Ооба, Ош жактан бирөөлөр өтмөк, ошону карап олтурам, - деди Уулкан.
Белгиленген убакыттан Макс кечиге баштаганда ойлоно баштады, "балким ал жөн эле тамашалап койгондур дос кыздар айткандай, мен эмне эле ишенип алып олтурам эми бул жерде, бир немис келет эле Суусамырга"деп, атасынын айтканын да эстеди.
"Чын эле велосипед тепсе башка жакка деле тебет да, дагы бир саат күтөйүн, кеч болуп кете электе кайра кетип калайын"  деп ойлоду.
Арадан көп убакыт өтпөй бир көп жүгү менен үйдөй рюкзак артыган, велосипедчен сакалдары өскөн киши келип токтоп, элдерден бирдемени сурап атканын көрдү. Ал сакалчанды жакшылап карап Макс экенин түшүндү. "Эшикке чыгып карап турайын, мени тааныр бекен" деп туруп калды. Макс аны көрөөрү менен таанып чуркап келип кучактап эле калды. Көчөдө тургандар таң калып эле карап калышты экөөнө. Уулкан уялып Макстын кучагынан бошогонго аракет кылды.
- Кечирип кой кечигип калдым, силердин тоолор мен ойлогондон татаалыраак экен, аягында машинеге түшүп араң жетип келдим, - деди Макс.
...Акмаралга Мантайдын каза болгону боюнча кабар келди, айылга барып аялы катары бүт бардык өлүмдөгү аза күтүүдө болуп, үйдө ата-энесине жолугуп анан кайра шаарга келди. Кетээрде гана Данакан Акмаралдан кечирим сурап, "кийлигишпей эле койсом болмок экен"  деп аттиң болду.
 Аламан да кечирим сурап, Мантай Акмарал менен жашайм деп айтып жүргөнүн, аны ал өмүр бою сүйгөнүн айтып ыйлады. 
Акмарал кайра жумушунда иштей баштады. Ала качуудан жашоо турмушу башкача болуп, күйөөсү о дүйнө салып, үй-бүлөлүк турмушу болбой калганын эстеп кыйла убакытка ыйлап жүрдү. Акмарал эми жаңы турмушту баштап, бирок күйөөгө тийип жашагандан чочуп калды.
...Аксанаа Канат менен иштеп калды. Бир күнү Элизанын апасы келип чаң-тополоң салып кетти:
- Сен менин кызымды алдап, үйлөнөм, сүйөм деп, боюнда болтуруп, эми башка кызга өттүңбү,  же үйлөнөсүў, же мен сени сотко берем, туугандарым сенин сазайыңды колуңа карматат,  ойлон бир жума  деп.
Канат Аксанаага мындайча актанып жатты:
- Элиза өзү эле күнүгө келип жабышты да калды, жумушка келип, анан үйгө келе баштады, - деп.
- Ооба, сен унчукпай эле жүрдүң, мени Элиза зордуктады деп милицияга бербей белең, эмне унчукпадың, жыргап жүрдүң да, тиякта Аксанаа айылдагыларды карап күтүп жүрөт, биякта болсо Элиза даяр, проблема жок жашоодо, жыргал эле сеники болгон тура, аалам сага Гулистан болуп, тапкан экенсиў май башты,  - деди Аксанаа.
 Канат эмне кылышты, же эмне дешти билбей бушайман жеп кыйналып, чайналып жүрдү. Айрыкча ал эжесинен коркуп жатты, билсе эмне болот эми деп.
Канат Аксанаадан кечирим сурап, "экинчи мындай иштерге барбайм" деп убада берди.
- Сени эле сүйөм, мага сенден башка эч кимдин кереги жок, өмүр бою сени менен жашайм, деп эле атты актанып Канат.
Аксанаа жагдайды билип, Канатка "айылга барып жашап туралычы, бияк бир аз тынчыгандан кийин кайра келебиз" деп өзү Канаттын эжеси менен сүйлөшүп, анан  айылга келишти.
Айылда Канаттын чоң ата энеси, Аксанаанын да ата-энеси сүйүнүп эле калышты.
Аксанаа сыр билгизбеди, эч кимге Канаттын Россиядагы турмушун айтпады. 
Россияда Канаттын эжеси Элизанын апасы, туугандары менен тытышып урушуп, Элизага акча берип араң аборт кылып курсактагы баласын алдырды. Канаттын эжесин Элизанын туугандары сабап да кетишти, "иниңди бизге таап бербесең өлтүрөбүз"  деп.
Эжеси Канатка чалып өлө урушуп, "Россияга экинчи келбей,  айылда иштеп чоң атамдарды баккыла аялың экөөң"  деди.
Ошентип, Канатка Россияга жол убактылуу жабылды.
Канат менен Аксанаа шаарда Акмаралга жолугушту, анан ал аларды Акбар менен тааныштырды.
Уулкан Макс экөө Суусамырда "Парижде" кофе ичип көпкө сүйлөшүштү, Макс Уулкандан 10 жаш улуу эле, немисче, англисче орусча сүйлөшүп жатышты.
Макс алып келген велосипедди тээп көрдү, аябай ыңгайлуу, жөнөкөй тоо велосипеди экен. Анан Макс Уулканга велосипед тепкенге ыңгайлуу атайын спорт костюм белек кылды. Ал жактан антип-минтип Чүй өрөөнүнө түшкөндө күн кеч кирип калды да, жолдогу биринчи айылда жолдун боюндагы кафе болгон боз үйдө түнөп калууну чечишти.
Макс биякта караңгыда жолдо велосипедчен жүрүү коркунучтуу экен деди. Велосипеддерди боз үйгө жөлөп коюп анан түн бир оокумуна чейин сүйлөшүп олтурушту. Эрте менен ойгонуп карашса эле велосипеддери жок. Боз үйдүн кожоюну да көрбөптүр ким алганын. Макс таң калды, бул тоого мине турган велосипеддер кимге керек болду экен деп.  "Ошондой эле керек болсо сурап алышса болмок"  деп кейиди.
- Мындай велосипеддер бизде жок да, аларды көргөн бир жаш балдар алып кетишти, тезирээк милицияга кабар бербесе кеч болуп калат, дагы сатып жиберишпесин базарга жеткирип, бул велосипеддер кымбат тураарын да билишпейт да, - деди Уулкан.
Бурулкан да чоңоюп иштеп калды, ал окууну анан окуйм, быйылча иштейин деп, шаарда кийим тигүүчү болуп иштеп калды. Бурулкан Бейшенбектин кыздарынын ичинен эң бир унчукпаган, токтоо, сөздү аз сүйлөгөн кыз болду.
Ал шаарга келгенден бери Асылкандын бир туугандарынын үйүндө жашап жүрдү. Башка кыздарга караганда Бурулкан эле макул болду да, таежеси менен туруп калды.
Жумушу жакшы болгондо апасына акча да жиберип турду.  Бурулкан иштеген ишкананын ээсинин баласы Ильяс кээде келип атасына жардам берип калчу. Ал университетти бүтүп өкмөттүк бир жакшы жумушта иштеп жүргөн. Иштеген кыздар ага аябай ашык болушуп, Бурулкан да аны көрүп жактырат эле.
Бир жолу Бурулкан эшикте түштөнүүдөн келе жатып Ильяс менен дарбазадан жолугуп калышты.
- Сиз кимге барасыз? -  деп сурады Ильяс.
- Мен биякта иштейм, - деди Бурулкан.
- Ий, атыңыз ким, мен көргөндөй болуп атам, бирок атыңызды билбейт экем? -деди Ильяс.
 - Менин атым Бурул, мен сизди тааныйм, - деди Бурулкан.
Ильяска Бурулкан катуу жагып калды, түштөн кийин ал дагы эки жолу кирип Бурулкандын иштеп жатканын көрүп кетти.
Ошол күндөн баштап, Ильяс күнүгө келе турган болду. Бир күнү ал Бурулканды түшкү тамакты чогуу ичишке чакырды. Дагы бир күнү дискотекага чакырды, ошентип күндөн күнгө мамилелери жакшы болуп сүйүүнүн отуна батышып калганда, Ильяс атасына бул жөнүндө айтты. Атасы да Бурулканды жакшы кыз экенин билип көрүп жүрчү. Эч ким менен урушпай, жумушту жакшы иштеген кыз деп билчү. Атасы "Бурулкандын макулдугун алсаң анан ата-энесине куда түшүп барып сүйлөшүп келели"  деди.
Көп убакыт өтпөй Ильяс Бурулканга өзүнүн сунушун айтты:
- Бурулкан мен сени аябай сүйөм, мага турмушка чыкчы, деп сунуш кылды Ильяс.
- Экөөбүз дос эле болуп жүрөлүчү азырынча, менин эки эжем турмушка чыгышты жакында, дагы бир эжем бар чыга элек, ошого мен шашылбайм, али мага эрте, ата-энем макул болбойт, убакыт дагы көрсөтөөр,  - деп макул болбой койду Бурулкан.
- Ай анда мен баары бир сени алып качып кетем, ошондо ата-энең да мажбур макул болушат, - деди эле Ильяс.
- Эгерде сен алып качсаң, мен отурбайм, шашпачы, деп - Бурулкан коркутту.
- Шашпачы, эжем күйөөгө тийсин, ата-энеме барбагыла, - деди.
- Ой, балким ал эжең отузга барып тийээр? - деди Ильяс.
- Бир жыл убакыт бер, коё туралы, - деди Бурулкан.
Акыры Бурулкан Ильяска көнбөй койду, ошентип ал, "бул суроону бир жыл убакытка көтөрбөөнү" суранды.
Дагы бир Бурулкандын ойлонгону, анын  жакшы көргөн классташы бар болчу. Анын аты Суранбек болчу, ал Астанада Казахстанда иштейт эле. Мектепти бүтөрү менен кетип ошол жакта  эле. Мектеп учурунда Бурулкан менен Суранбек аябай бири бирин сүйүп, кийинчерээк Казахстандан да тынбай чалып турчу. Бири-бирин күткөнгө ант берип коштошушкан эле.
Суранбек болсо, "эс алууга келгенде мен сени алып кетем " дечї  эле. Бурулкан Суранбек жөнүндө Ильяска айтчу эмес, акыры Ильяска ал өзүнүн сүйгөнү жөнүндө айтып берди. Бирок, бул Ильясты токтотпой, ал кайра мурдагыдан да ого бетер Бурулканды сүйүп, кантип  ага жетсем деп ойлонуп жүрдү.
Бурулкан өзүнүн сезимдери менен алышып, Ильяс менен Суранбекти теңеп, кимин тандап алышты билбей атты, Суранбек Ильяска караганда көбүрөөк жаккандай,  Суранбек экөө бири бирине  берген сөздөрүн унута элек болчу. Күн өткөн сайын, анан Аксанаа эжесинин сүйүүсүнүн тарыхын уккандан кийин,  ал көпкө чалбай калса да ар кандай ой кетип, эмнегедир Суранбектен акырын күмөн санай баштады.
Асылкан дайыма айтат эле:
- Эркек балдарыбыз жок болгону менен, ушул Бурулум эле бизди багат ко, - деп.
- Калгандары унчукпайт тымпыйышып, Бурул эле бизди багып атат, окуп чокубай эле, - деп айтчу Асылкан.
- Эми шашпа, буттарына туруп алышса бардыгы эле жакшы кыздарым, эмне ачка калып атат белек? - деди Бейшенбек.
- Акмарал бир жигит менен жүрөт имиш чогуу иштеген, - деди Асылкан.
- Ой ушул сен кайдан эле угасыў, тим эле көргөндөй айтасыў, - деп сурады Бейшенбек.
- Ай азыр мобул сотка деген ушакчы неме бардыгын жеткирип атат тез эле, менин досторум тим эле "смс" дегенди тымбай жазышат, анан "Агент" деген балээ ушакчы чыккан, ал тигил Россияда эмне болуп аткан ушактардан бери айтып турат, - деди Асылкан.
- Ошол эле колуңан түшпөйт, эмне эле десе, ушак угуп жазып жүргөн турбайсыўбы? - деп күлдү Бегайым эне.
- Акмаралды шаардан менин досум көрүптүр базардан, тим эле болбойт дейт, өзүнө келе баштаптыр дейт, жакшы кийиниптир. Дос кызы Мира айтыптыр, жүргөн баласы чогуу иштеген бала деп, мына сүрөтү да келди, мен көрүп сүйүнүп калдым, - деди Асылкан.
- Шумдугуң кургур, дароо сүрөткө да тартып жибериптирби? - деди Бегайым эне.
- Жашыруун тартып алдым дейт, көздөрүнө көрүнбөй, - деди Асылкан.
Телефондогу сүрөттү карашып кыйла талкуулашты.
- Мен ушул телефонго көнө албадым, дайыма эле үйдө калат, кыздарым, айрыкча телефон алып берген Бурул таарынат, деги эле сиз менен сүйлөшө албайбыз деп -   күлдү Бейшенбек.
- Мектепте мугалимдер, окуучулар телефон менен эле байланышып калганбыз, окуучуларды керек болсо "Агент" менен 5 минутта чогултам, кээде тапшырманы ошол аркылуу эле жиберип жиберем, - деди Асылкан.
Заматта телефону ойноп Асылкан кайра угуп эле калды:
- Ий анан, ий бетим десе, кимди урдады, сени урдадыбы, а-аа, велосипеддериңерди уурдап кетишиптирби,  жүрөгүм түшпөдүбү сени да уурдаптыр деп, ий анан, табылаар эми, - деди Асылкан.
- Тигил, Макстын велосипеддерин уурдап кетишиптир бирөөлөр жолдо, Уулкан чалды, уят болуп атам деп, - деди Асылкан.
Бардыгы таң калышып, Бегайым эне эчтекени түшүнбөй эле калды, кимди ким уурдаганын.
Уулкан менен Макс велосипеддерди табышпай, анан Уулкан  милицияга чалды. Милиция келип, чет өлкөлүктүн эки велосипедин уурдап кеткенин айтышканда, алар болсо, "албетте издейбиз, көрөбүз, табабыз",  деп протокол жазып кетип калышты. Булар издебесин билген Уулкан  облустун милициясына чалып айткандан кийин анан милиция кыймылдай баштады.
- Мен бул немистин котормочусумун, республикага барып арызданам, Интернетке берем деп атат, - деп коркутту.
Аны уккан облустун милициясы:
- Ошол айылды жаап, бүт тинткиле ар бир үйдү, бир күндүн ичинде тапкыла, антпесек бул немис Интернет менен бүт дүйнөгө шерменде кылат бизди, райондун милициясынын начальнигин велосипеддерди таппасаң жумуштан алам, - деп буйрук берди.
Эки машине милиция келип айылдын төрт тарабын жабышты. Эч кимди текшерүүсүз чыгарбай жана киргизбей атышты. Милициянын айылды каптаганын көрүп Макс таң калды.
"О-оо,  силерде милиция катуу иштейт экен" деди.
Макс менен Уулкан конгон боз үйдүн ээсин милиция кыйла төпөстөштү окшойт, "сен эле алдың айт",  деп.
Бечара, ал элүүлөргө барып калган кишини катуу кылышты, кечке кармашты, анан районго милицияга алып барып. Кеч киргенде араң келди сөгүнүп, дүйнөлүк согуштан бери Германияны андай сөгө элек болсо керек бир да киши. Анын сөгүнгөндөрүн Уулкан Макска которо алган жок, бирок ал котормосуз эле түшүндү окшойт.
Бир эки күндүн ичинде айылда көп кылмыштардын бети ачылды, райондун милициясынын начальнигин биринчи жолу тирүү көргөн эл ага болгонун болгондой кылып көп нерсени айтып беришти. Ошол бир эки күндүн ичинде дагы бир уурдалган жөнөкөй кытайдын велосипеди табылды, уурдалган бир торпок, үч кой, бир казан, бир шаты табылды.  Бул уурдалган фактылар айыл ичинде эле болуп, эч ким арызданбай, билинбеген уурулуктар болуп чыкты.  Айыл дуу-дуу болуп эле жатып калды, бири бири менен тытышып.
Бирок тигил эки тоого жүргөн  велосипеддер табылбады. Айылда канча киши ошол күнү арак ичип, кайда барышканы, ким менен ичишкени анык болду, бир мушташуу болгону билинди. Үч күн дегенде араң табылды, көрсө велосипеддерди эрте менен уй айдаган эки жаш мектепте окуган бала алышып, анан ары жактагы жыйылган чөптүн арасына катып коюшуптур, "кийин келип тебебиз" деп. Милиция издей баштаганда коркушуп айтпай, анан үчүнчү күнү жашыруун алышкан жерине таштап эч кимге көрүнбөй кайра качып кетишкен экен.
Асылкан менен Бейшенбек Макстын келгенин угуп, катуу даярдык көрө башташты. Аксанаа менен Канат келип жардам беришип, үйлөр акталды, короо тазаланды. Айрыкча идиш, казан-аяктар катуу тазаланды. Төшөктөр, пардалар тездик менен жаўыланды.
- Дайыма эле ушундай жашасак болмок, карагылачы кандай, бүт бардыгы  күлүп эле калды, - деди Асылкан.
- Президент үйүңө келе тургансып даярдандың го, ал немиси келеби десең, - деди Бегайым эне.
- Ой келмек турсун, биякта эс алат экен беш күн, – деди Асылкан.
- Апеей да, анан беш күн немис менен бир үйдө жашайт бекенбиз, - деди Бегайым эне.
- Ал орусча сүйлөйт экен, жөнөкөй имиш, биз жегенди жеп жүрө берет экен,-  деди Аксанаа.
- Беш күнгө башка башка тамак жасап берели, көрсүн эми, даам татысын, - деди Асылкан.
- Анан койго бата сурабай эле сойгула, немиске көрсөтпөй  деп айтты Уулкан.
- Келе жатабыз дегенде эле апамын батасы менен союп коет турбайбызбы,- деди Бейшенбек.
- Айланайын, мен немиске кантип бата бермек элем, - деп күлдү Бегайым эне.
...Акмарал менен Акбар жакшы эле жашап, анан Акбар ата-энесине Акмаралды таныштыргысы келди. Акмарал ага, "шашпайлычы, мен эч жакка качпайм, андан көрө жакшы акча таап шаардан сырткары жерден болсо да чакан үй сатып алганга аракет кылалы, үйлөнүү качпайт",  - деп айтты. Бир жолу шаарда жумуштан келе жатып кокустан эле Аламанга жолугуп калды. Аламан Акмаралга Мантайдын соткасындагы сүрөттөрдү, жазган "смс" каттарын  көрсөтүп ыйламсырады, анын көбү эле Акмаралдын сүрөттөрү жана ага жазган "смс”тер экен.
Аламан Акмаралга:
- Эмне жардам берели, уялбай айткын? -  деп сурады.
Телефон номурун берип, "бирдемке болсо чалгын" деп сурады.
Акмарал, "мага эчтеке жардам кереги жок, өзүңөр аман болгула", - деди.
  ...Аксанаа менен Канат айылга тез-тез барып турушту, эми жумушка киришип иштей башташты шаарда. Элиза көпкө чейин чалып жүрдү. Бирок Канат ошентип Аксанаа менен эле жашап калды. Элизанын апасы Канаттар жокто айылга келип алардын үйүн араң таап, чоң ата-энесине жолукту.
- Канат балаңар Россияда жүрүп менин кызым менен жїрїп, анан кызым боюнда болуп калып, биякта аялы бар болгонуна карабай алдаптыр, - деди Элизанын апасы Канаттын чоң энесине.
- Ой кызым, сен өз кызыңа жакшы тарбия бербепсиў, ал эмне аялы бар үйлөнгөн жаш баланын койнуна кирет, башка жигиттерге эле барбайбы? - деди Жаңыл эне.
- Шаарда турган дарегин бергиле, мен барып өзүм сүйлөшөйүн, - деди Элизанын апасы.
- Айланайын, биздин баланы тим эле кой, ал эми эркектик кылып коюптур, кой сен кызыңды тый, Канаттын дарегин мен кайдан билейин, айтса да эстеп калмак эмесмин, - деди Жаңыл эне.
 Канаттын кошуналары аларга  "Канат аялы менен шаарда иштешет, айылга кээде эле келип кетишет"деп айтышты. Элизанын апасы эмне кылышты билбей ошентип таба албай кетти. Бирок ага Канаттын турган жери, үй-жайы, туугандары  жаккан да жок.
Кайра Россияга келгенден кийин иштеп жаткан жеринен Канаттын эжесин кууп чыгышты туугандары менен, ошентип өчүн алышты.
Уулкан Макс менен Бишкекке келишип бир күн кыдырышып, анан көлгө жөнөштү. Бейшенбек коюн союп, Асылкан тамак даярдашып, жакшы тосуп алышты. Макска көл аябай жакты. Германияга атасына чалып, көлдү катуу мактап, сүрөттөрүн интернет менен көргөздү.  Атасы да аябай таң калып, "сөзсүз келип көрөм" деди көлдү.
Айылда болсо Бейшенбектин кызы немис менен дүйнө жүзүн велосипед тээп кыдырат экен деп чыгарып жиберишиптир ушактарды. Велосипеддерин көргөнү бүт айыл көчүп келип көрүштү.  Макс Уулканды Германияга алып кетем деди, "ошол жакта окуйт кааласа" деп айтты. Мындайды уга албай турган Уулкан Германияга даярдана баштады. Бегайым энеден башкасы бүт эле сүйүнүштү.
- Чет өлкөгө барып жакшы билим алып келген кандай сонун! - деди ыраазы болуп Асылкан.
- Бишкекте эле окуса болбойбу, чоң атаң биздин ата-бабаларыбыз менен урушуп жеңип чыккан деп урушуп кууп жибербесин, ал жөнүндө эч кимге айтпагын, анан телевизордон уктум СПИД, дагы бир чочко, куш тумоолору болот имиш, чочко, кушка жолобо, ошолордон алыс бол,  - деп күмөн санап сар-санаа болду небересинен Бегайым эне.
- Ой кудай сактасын, элдер окуп эле жүрүшпөйбү жакшынакай эле, анан сен эмне Макска күйөөгө чыгасынбы? -  деп сурады Асылкан.
- Эми көрөбүз да, велосипедди жакшы тебе албасам тийбей калам го, - деп күлдү Уулкан.
...Бурулкандын айтканына, "сүйгөн жигитим бар" дегенине анча ишенбеди Ильяс. Бирок ошол жигитине аны ыраа көрбөдү, меники болсо экен деп кызганып Бурулканды башка бирөөгө жолуктургусу, алмаштыргысы келбеди. Ал Бурулканды алып качып болсо да үйлөнүүнү ойлой баштады. Ильяс ата-энесин да аны  алып качканга макул кылды.
- Ата-энесине барып эле, жакшы сүйлөшүп алса болбойбу? -  деди Ильястын атасы.
- Бурулкан барбагыла, эжелерим жакында күйөөгө тийишти, дагы бир эжем күйөөгө тие элек деп атат, анан бир классташын да жакшы көрөт экен, - деди Ильяс.
- Канча бир тууган экен, ата-энеси ким экен? - деп сурады  апасы Жыпар.
- Булар беш кыз экен, атасы жөнөкөй эле жумушчу экен бир пансионатта, апасы мугалим экен, анан чоң энеси бар экен бирге турган, - деди Ильяс.
- Ай ата десе, болочок куда бир короо тооктун жалгыз корозу турбайбы? - деп күлдү атасы.
- Бурулкан төртүнчү экен, бешинчи болгондо эрке болмок экен да, төрт кайынэжең болуп,- деди Жыпар.
- Эми эмне кылайын сүйүп калсам, канча кайненем, кайнэжем болсо да мен Бурулканга үйлөнөм, - деди Ильяс.
- Балким эжелери азыраак бирөөнү табабыз, эмне мынча шашылдың уулум, менин цехимде 50-60 кыз иштеп жүрөт, дагы канчасы келип, канчасы кетип атат, чекесинен чертип тандап аласын, - деди тамашалап атасы.
Ильяс жана анын достору кыз алып качып көнгөн тажрыйбалуу балдар эле. "Ой, биз жайлайбыз тез эле, сен бизге көрсөтүп эле кой ким экенин" дешти. Ильястын апасы Жыпар болсо келин тосконго "команда" чогултту. Алардын ар биринин ролун бекитти. Машыгуу өткөрүшүп катуу даярданышты. Ильястын ата-энеси аябай бай болушчу, шаардын ичинде чоң үйдө турушчу. Акыры белгиленген күнү Бурулканды базардан материал тандаганы алып чыгышты да, андан ары Ильястын достору алып качышты. Дароо эле Бурулкандын үйүнө кабар беришти.
Асылкан Бурулканды алып качканын укканда катуу айтып таң калды:
- Бул эмне  болгон  шумдук ай, менин кыздарымын бардыгын эле алып качышып, бизге келип сүйлөшсө болбойт экен да, ушул Бейшенбектин мүнөзүнөн көп адам чочуйт ай, жакпаса дароо бетке айтып кууп чыгат деп, ошого эле бирөө да куда түшүп коркуп басып келбейт, деп.
- Ой мен эмне туура эмес жумуш жасап атса да, ии туура сеники деп эле отура берейинби, өзүмү токтото албайм, бирок дайыма айтам өзүмө, токто, айтпа деп, бирок тормоз жакшы кармабай ооз деген немеден дароо чыгып кетет, билесин го, ал тормоз башынан эле начар иштейт, - деди Бейшенбек.
- Мээнин ичи бүт эле суу дейт, ошо суудан тормоз жагына азыраак куюлуп калган да сеникине, - деди тамашалап Асылкан.
- Ооба да, сеники көбүрөөк куюлган башка жагына, токтосоң да жөн токтобой сүзүп токтойсуў, - деп күлдү Бейшенбек.
Ойлонушуп, ким барат эми деп, баягы эле Мыскал баш болгон делегация бара турган болду шаарга.
- Эми карап көр, өзү менен жакшылап сүйлөш, дароо эле, "кала бер эми, маңдайыңа жазган ушул", дебей, кудалардын бергендерин шыпырып алып жетип келбей, - деп айтты Бегайым эне.
- Үчүнчү жолу баратам кыз кууп, мурунку каталарды оңдоп жакшы кууйм эми, - деп Мыскал менен  дагы төртөө болуп жөнөп кетишти.
Бурулкан болсо жакшы эле аракет кылды кетем деп. Жоолукту такыр кийбей койду, колдору тытылды.  Эч нерсе жардам бербей, бардык аракеттер текке кеткенде, тажырыйбалуу Жыпар акыркы куралды колдонууну чечти.
"Эгерде, бул да болбосо, анда Ильяска айтайын, жеткирип эле койгула, каалабаса эмне кылалы", - деп ойлоду Жыпар.
Акыры бир чоң кемпир, Жыпардын апасы,  эшиктин астанасына  жатып алып, "эми мени аттасаң, анда каргышка каласыў, өмүр бою күйөөсүз каласыў",  дегенде Акмарал жана Аксанаа эжекелерин эстеп калып калды ойлонуп.
Бурулкан  Ильяс менен такыр сүйлөшкүсү  келген жок. Ильяс да жолобой качып жүрдү, тымпыйып иштин бардыгын жасап коюп.
Ильястын туугандары келген делегацияны аябай жакшы тосуп алышты. Жебегенди жедиришти, ичпегенди ичиришти, кийбегенди кийгизишти, бербегенди беришти. Үй-жайын, туугандарын көрүшүп аябай ыраазы болуп кайтышты. Мыскал баш болуп,  Бурулканды, "Сонун кудалар экен, бала да жакшы,  калып эле жакшы жаша",  деп үгүттөштү.
Айтпайлы, билгизбейли дешсе деле, Макс үйдөгү тополоң-тозду көрүп, анан бирөөдөн билип алды эмне болгонун. Макс угуп таң калды, ушундай да болот экен деп.
Эмне дешин билбей, Уулкан аны дагы жумшак кылып айтып берди, бирок Макс Интернеттен дароо кыргыздардагы кыз ала качууну көрө коюп оозу ачылды.
- Эмнеге кыздарды сүйүп, артынан чуркап, анан ата-энесине айтып эле үйлөнүшсө болбойбу, эгер бизде мындай кыла турган болсоң дароо соттолосуў, - деди Макс.
- Биздин кээ бир жигиттер чыдашпайт, алардын убакыты жок, кыз сүйбөйт, деги толгон токой себептер бар, соттолушпайт деле, ата-энелер, туугандар тааныш-билиш, акча менен жаап коюшат, - деди Уулкан.
- Анда мен сени алып качып кетсем болот турбайбы?-  деди Макс.
- Мен анда Германиянын сотуна кайрылам, - деди Уулкан.
- Антпей калайын, тамаша, анда мени бүт Германияга ит кылышат, бул кызды эркинен ажыраткан зөөкүр деп, - күлдү Макс.
 Бейшенбектин эң кенже кызы Токтокан да чоңоюп мектепти бүтүп калды.
Ал кенже кыз болуп аябай эрке чоңойду.
Бейшенбек айтып калчу:
- Айнанайын, сени алып качса өзүм эле барып алып келем, - деп.
- Ии,  жан сакчылары  киргизбей койсо кантесиңер, мени бир чоңдун баласы алып качса,-  деп күлчү Токтокан. 
Кээде Токтокан:
- Мени карате же дзю-дого бергиле, алып качам дегендерге көрсөтөм, - деп да айтчу.  
Эң кичүүсү деп атасы аны, "шаарга окууга барбай эле койбойсуўбу",  деп да айтып көрдү.
Мектепте балдар Токтокандын артынан көп чуркашты. Ал мектепти бүтөөрү менен эле ойлонбой Ички иштер министрлигинин академиясына юридикалык факультетке өттү. Анткени ал кичинесинен эле юрист болсом дечү. Дайыма акыйкаттыкты жакшы көрүп, адам укугун баалап чоңойду.
Асылкан ага дайыма айтчу:
- Кийин турмушта кыйын болот ко сага, анткени акыйкатты издей берсең элдер да жаман көрүшү мүмкүн, анткени кимде бийлик, акча, күч болсо акыйкат ошолор тарапта болушу мүмкүн  деп.
 Бурулкан менен Ильяска той өткөрүп беришти, тойго келген Бурулкандын туугандары таң калышты. Эмнегедир дасторкондун мааниси жок болду, кудалар да өтө көңүлсүз болду. Биринчи Ильястын үйүнө келгендер,  мурунку келгендердин айткандары калп го деп ойлошту. Анткени биринчи кууп баргандар аябай ыраазы болуп кайтышкан эле. Анан акыры билинди эмнеге мындай болгонун, бир жыл мурда Ильяс бир кызды ошол эле атасынын ишканасынан алып качып, анан аябай той беришип, белектерди укмуш берип, септи септей кылып, тим эле укмуш ресторанда той беришип анан бир ай өтпөй тигил кыздын сүйгөнү келип аны кайра алып качып кетиптир.
 Эми дагы ошондой болбосун деп кайра чочуп, ошого этияттык кылып,  " дагы катуу чыгым болбойлу" деп атышты эле.  Бурулкандын туугандары таарынышып, "биз кетейли, кызыбызды бергиле" дешкенде гана Ильястын ата-энеси менен сүйлөшүшкөндөн кийин, анан той оңолуп тойго окшоп бүттү.
...Токтокан  кыз ала качуу боюнча университетте көп нерсени окуду. Анткени, эжелерин бүт эле алып качышып, ушул маселени бир изилдеп көрөйүн деди.
Ал бир агайынын жардамы менен изилдеп, көп тарыхый булактарды окуп агайы менен мындай жыйынтыктарга келди:
"Кыз ала качуу деген кыргызда мурдатан эле болгон, бирок сейрек учураган. Көбүнчө кыргыздар уруу уруу болуп жашагандыктан, кан аралашыш керек деп, башка башка уруунун кыздарына үйлөнүшкөн. Үйлөнөөрдөн алдын уруунун аксакалдары кыздын ата-тегин билишип сүйлөшүшүп макулдашкан. Кээде эле сейрек учураган кыз ала качуу болгондо уруулар ортосунда согуш чыгып  кеткен учурлар болгон.
Кийин союз убагында да кыз ала качуу фактылары болгон, бирок азыркыдай кєлємдє болгон эмес, кээде кыз алып качкандар соттолгон учурлар болгон" деген маалыматтарды чогултту.
Токтокан өзүнүн агайы менен бирдикте кыз ала качууну: макулдашып ала качуу, зордуктап ала качуу, деп экиге бөлүштү.
Көпкө чейин бүт катталган фактыларды анализ жасап, тарыхый материалдарды окуп, кыз ала качууларды квалификациялады.
Анан агайына Токтокан алдын ала макулдашып ала качууга төмөндөгү учурлар кирээрин жазды:
- Жигит менен кыз бири бирин жактырышкан, бирок акча каражаты тартыш болуп, калың, сеп, той дегендерди өткөргөнгө, ошого экөө сүйлөшүп, ата-энелери менен макулдашып эле ала качуу менен үйлөнүшкөн;
- Кокустан кыз боюнда болуп калып, эки жаш бири бирин сүйүшөт, анан шашылыш болуп, ата-энелери макулдашып ала качуу менен тез-арада үйлөнүшкөн;
- Жигит же кыз башка жактан келип, бири бирин сүйүп, бирок убакыттары тар болгондуктан ала качуу менен тез үйлөнүшкөн;
- Жигит же кыз материалдык жактан бай же кедей үй-бүлөлөрдөн, же жигиттин же кыздын ата-энеси чоң кызматта болуп, карама-каршылыктар болуп, бирок жигит менен кыз бири бирин сүйүп, анан жигит кыздын  макулдугу менен ала качкан;
- Кыз жигит бири бирин сүйүп, бирок кыздын улуу эжеси күйөөгө тие элек себептїї жол бошобой, анан ата-энелер макулдашып кызды качырышкан.
Ал эми зордуктап кыз ала качууга Токтокан төмөнкүлөрдү айтты:
- Кыз жигитти жактырбаса, жакшы тааныбаса деле жигит жактырып калып, кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабай мына сага жакпасам деп ала качышкан;
- Жигит ата-энесине өзүм үйлөнөм деп сөз берип, бирок сүйгөн кызы жок болгондуктан, же жакшы көргөн кызы турмушка  башка бирөогө чыгып кетсе, анда мына сага деп биринчи эле жаккан кызды ала качышкан;
- Жигиттин  намысына кыз тийип койгон, же ал достору менен пари ойноп, мен ушул кызга үйлөнөм деп ала качкан;
- Жигит башка өлкөдө жумушта же окууда болуп, колу бошобой, кыргыз кыздар менен таанышып жактырганга шарт да, убакыт да жок, ошого Кыргызстанга аз убакытка келгенде тезирээк ала качып үйлөнүшкөн.
Мына ушундай квалификациялагандан кийин, анан айрыкча зордуктап ала качууну жоюш үчүн сунуштарды иштеп чыгышты:
- зордуктап ала качкандарды катуу сот жобосуна тартуу, мындай ала качууга катышкандардын бардыгына жаза берүү, ошол жардам берген жигиттин досторуна, жигиттин үйүндө кызды күйөөгө тийүүгө үгүттөгөн аял-кемпирлерге, жигиттин ата-энесине, нике кыйган молдого ж.б. жаза колдонуу зарылдыгы;
- үйлөнүү той-топурларга кеткен обосуз каражаттарды, чыгымдарды азайтуу жана тыюу салуу;
- башка өлкөлөрдүн органдары менен тыкыс байланышып,  келишимдерди түзүп зордуктап кыз ала качкандарды кайтаруу жана жазалоо;
- зордоп кыз ала качуу терс көрүнүш, кылмыш экенин, бул кыргыздын адаты эмес экенин далилдеген фильмдерди тартуу, телеберүүлөрдө, гезиттерде, Интернетте жазуу ж.б. їгїт материалдарды чыгаруу.
Токтокан айылга барып, бул жумуштары жөнүндө айтып бергенде үйдө чоң талкуу болду.
- Эң туура айтасыў, мына ушул Акмаралды алсак, Мантайдын ата-энеси адамдай келип сүйлөшүп, анан Мантай Акмарал менен да жакшы бири бирин жакшы билип, эгер бири-бирин сүйүшсө, Данакан өзүнүн куру амбицияларын койгондо, балким жакшы үй-бүлө болуп кетээр беле? - деди Бейшенбек.
- Эмнегедир мурдагыга караганда кыз ала качуу азыр чын эле аябай көбөйдү окшойт, туура, бул илгертен калган адат эмес, көбүнчөсү азыркы социалдык абалдан чыккан кылмыш эле болуп калды, - деди Асылкан.
- Күйөөгө тийбей калгыча, ала качса тие эле беришсин да жаштары өтүп баратса, - деди Бегайым эне.
- Азыр жаштар кеч үй-бүлө куруп жатышпайбы, мурда 22-23 жаш кеч болчу, азыр 26-28 ге чейин жүрүшөт, бирок ошого жеткирбей жап-жаш 18 ге жаңы чыккан кыздарды алып качып жатышпайбы? -  деди Асылкан.
- Өткөндө бир жигит айтып атпайбы, азыр үйлөнүү үчүн көп чыгым кетип атат, мисалы, той өткөрүүгө ресторанды ижарага алыш керек, эч болбосо 200-300 киши чакырыш керек экен, тай союп, ичимдигин берип, анан үйлөнгөндөрдү лимузин жалдап ЗАГСка чыгарыш керек, калыңын берип, иши кылып анча каражат табуу көп үй-бүлөгө кыйын болуп калды, ошого ала качып эле, анан  кыздын ата-энесинин алдына бара коюп эле бүттү, бүттү болгону жакшы, чыгым аз кетип жана тез болот деп? -  деди Токтокан.
- Айылдагылар азыр колунда бары ресторанда той берип калышты, райондун же облустун борборуна барып, анан ага айылдагылар бир чоң унаа жалдашып топурап барып келишип атат, "ой сонун болду, баланча деген "крутой" ресторанда отурдук" дешип шарактап, аны көргөн башкалары ошондой той берсек деп калышат? -  деди Бейшенбек.
- Анан болгон малын сатышып, жетпегенине банктан кредит алышып эптеп жеткиришип, кийин банктан кутула албай карызга батып жүргөндөр канча? - деди Асылкан.
- Акмарал эми күйөөгө тиет бекен? -  деп сурады Бегайым эне.
- Тийбейм дейт, дагы кандай кайын эне туш болот,  эми коркуп калды, - деди Асылкан.
- Кайын-энени кайнатып ичмек беле чайга окшотуп, айтканын жасап жашай берсе болот да, анда бир жетимди табыш керек, же апасы өлгөн жигитке тийсин, - деди Бегайым эне.
- Аксанаа келбей калды го, ал күйөөсү менен жашап жүрөт бекен? -  деди Бегайым эне.
- Ой алар Россияга кеткен атышат, чоң ата-энеси уруксат бериптир, - деди Асылкан.
-  Ай жаштар кетип эле атышат, каякка эле батып атышат, деги кыргызды кудай сактай көр, аман эле болсок экен, - деди Бегайым эне.
- Уулкан Макс экөө велосипед менен көлдү кыдырып, андан ары Казахстан, Россия менен Германияга кетишиптир. Макс Германиядагы университетке окууга чакыруу кагаз алып бериптир  Уулканга. Эми ошол жакта окуйт имиш, - деди Асылкан.
- Шумдугуң кургур, велосипед тээп эле кетип калса болот экен да немистерге тообо, илгери төрт жылда араң жетишти эле Берлинге, - деди Бегайым эне.
- Ии баса, Бурулкандын кайындары келет экен жакында биздикине, эшик-төрдү көргөнү, - деди Асылкан.
- Эртерээк айтып койсун, качан жана канча киши болуп келишээрин, биз даярданышыбыз керек да, - деди Бейшенбек.
Аксанаа менен Канат болсо Москвага кетишти, "Авиамоторная" метростанциясынын жанынан бир тааныштары батирге батырып алышты. Эки комнат батирде 16 киши жашап калышты. Канаттын эжесинин досунун кызы Толгонай ал жерде батир башчы болот экен. 16 киши эки миң рублдан чогултат экен бир айга.   Канат короо шыпыргыч болуп калды, Аксанаа кафеге официант болуп орношту.
Толгонай батирдеги тартипти катуу кармайт экен.
"Ким ал тартипти бузса кууп чыгам", деп коркутат.
Москвада мындай метронун жанынан батир табыш кыйын болгондуктан бардыгы коркушчу Толгонайдан. Ал ошентип келген кыргыздарды батирге киргизип, орустар менен батир издеген кыргыздардын ортомчусу экен.
Анан бул батирдин бөлмөлөрү, кухнясы, балкондору  да чоң болчу. Эркек балдар бир бөлмөдө, кыздар башка бөлмөдө укташчу. Жаңы келгендерди Толгонай тартип менен тааныштырып, анан колдорун койдуруп макулдугун алчу.
-  Жуунганда сууну ченемдеп, ысык сууну аз үнөмдө, өзүңүн номуруңдагы тиш щетканы, самыныңы пайдалан;
- Газплитада өзүңө бөлүнгөн көзүн гана пайдалан, төрт кишиге бир көз номурдалган;
- Чай ичкенге, тамак бышырганга өзүңүн гана идиш аягыңы колдон;
- Чайды, тамакты кухня бош болбосо башка бөлмөдө тынч бурчта ичсе болот;
- Телевизорду кухняда гана көрсө болот;
- Өзүңө бөлүнгөн жерде гана уктоо;
- Балконго жайында официалдуу үйлөнгөндөр гана уктайт;
- Кирди балконго гана илүү;
- Таштандыларды кезек менен алып чыгуу;
- Уюлдук телефонду ванна, балкон, кухняда гана колдонуу;
- Ваннага кезек менен түшүү, туалетте өзүңүн кагазыңы колдонуу;
- Ким коңурук тартса кухняда уктайт эл жаткандан кийин;
Батирде үй-бүлө болуп жашаш кыйын эле болду. Ошондуктан Аксанаа менен Канат эс алуу күндөрү бир жатаканага  бир саатка барып келишчү;
Кетишкенде "биз  үй-бүлө ойноп келебиз" деп күлүшчү. Батирде экөө гана калган  күндөр болбойт эле.
Ошентип Аксанаа менен Канат Москва көз жашка ишенбейт болуп, жашап иштеп калышты.
Уулкан болсо Германияда окуп  калды, жарым жыл тил үйрөндү, анан Макс менен иштеп жүрдү. Ал башынан эле Макстын үйүндө жашап калды.
Бир аз убакыт өткөн соң, тилешкендей эле Макс менен Уулкан үйлөнүүнү чечишти.
Макстын ата-энеси "үйлөнүү той кылып беребиз" дешти, үйлөнүү үлпөтүнө кыргыз куда тараптан беш кишиге жолун төлөп "жаткан  жери жана тамагы бекер болот" дешти.
Уулкандын сунушу боюнча Бегайым эне, атасы, апасы бекер келишмек болду, калган эки путевкага катуу салгылашуу башталды.
Шейшенбек тойго баруудан баш тартты, анын паспорту жана башка документтери убагында көчүп атып жоголуп кеткен эле.
 Мыскал сөзсүз бара турган болду. Анын күйөөсү Чоро менен Шейшенбектин аялы Сайкал акыркы путевканы талашышты.
-  Эми биз эмне алып барабыз, кудалар кимдер экен, Уулкан эмне дейт? - деп сурады Бейшенбек.
- Уулкан, "Бегайым энем менен апам, атам келишсин, чет өлкө кандай болорун көрүп кетишсин" деп атат, кийим кереги жок, калыңдын ордуна беш кишиге путевка берип жатышыптыр кудалар бир жумага, же калың беришсин деп айталы да барбай эле коёлубу? -  деп күлдү Асылкан.
- Чет өлкөнү телевизордон деле көрүп атпайбызбы, мен карыганда барбай эле койойун, ашка жүк болбой, силер барып келгиле, дагы эми качан барасыңар, калыңдын  чын эле кереги жок, немистен калың алыптыр деп эл сөз кылат, - деди Бегайым эне.
- "Энем келбесе той болбойт"  деп атат Уулкан, - деди Асылкан.
- Немистер, "бул эмне кыргыздар карыган кемпирди кыйнап ээрчитип алышкан деп күлүшпөйбү?” -  деди Бегайым эне.
- Паспортторду алмаштырып, чет өлкөгө бара турган паспорт алыш керек экен, эми аны да күтүш керек болуп жатат, "тезирээк бүтүрүп билет алгыла, акча салабыз же билеттерди салабыз"  дейт Уулкан.
- Шейшенбек акемдин документтери жок экен, ага көп убакыт керек экен, ал барбай калды, -  деди Асылкан.
- Эми ким ким болдук, дагы эле эки киши белгисизби? -  деди Бейшенбек.
- Оой тытыш эми башталды, биринчи Шейшенбек акемин ордуна теги эле биз менен иши жок Сайкал жеңе барам дептир. 
Мыскал айтты, бешинчи путевкага болсо, анын күйөөсү Чоро мен барам, "силерге  Сайкал жеңе эмне кылып койду, анан бир эски таарынычтарды козгоп таарынып жатыптыр"  деди Асылкан.
- Чын эле Сайкал эми ойгонуптурбу, буту басып келбейт да, эми тойго барат бекен, ушул турган мага жете албай, эми Германияга жетип калыптырбы, ал барса мен барбайм -  деди таарынып келинине Бегайым эне.
Бир тойдо таарынган болчу Сайкал Асылканга, ошондон кийин келбей калды эле алардыкына, абысындар дайыма бири-бири менен "ынтымак" болушчу.
- Апа, эми ал улуу да, аны албай Чоро барса уят го, бир үйдөн бирөө барса болду да, -деди Бейшенбек.
- Уулканды ойлонолу биякта тытышпай, сурайлы андан ал кандай кааласа ошондой болбойбу, эч ким таарынбайт да, айтабыз, кызыбыз ушуну каалады деп? -  деди Асылкан.
- Ооба, качан ошого ишенишет эле, көрсө менен көрсүн, мени айткыла айтты деп,  Уулканга сөз тийгизбей, таарынышса мага таарынышсын, - деди Бегайым эне.
- Анда ким-ким барат бизден башка? -  деп сурады Бейшенбек.
- Эми Шейшенбек барбаса койсун, ал аялынан коркуп ошол барсын деп  атат, Мыскал менен Чоро барсын, эгер бирөөсү барбаса, анда Акмарал же Аксанаа барсын, мен барбай эле койсом болот эле, кыздар барып келсин, - деди Бегайым эне.
- Жаштар эми көрө жатаар сиздин куракка жеткенге чейин, Уулкан айтты, "эгер жолго акча табышса келе беришсин, жата турган жер табам"  деп жатат, - деди Асылкан.
- Бурулкан эжем барат экен, Акмарал эжем бара албайм дептир, Аксанаа эжем дагы барбайм дептир, мен барат элем, бирок акча бербейсиңер да, - деди күлүп Токтокан.
- Эми сен дагы бараарсың кийинчерээк, азыр тезирээк бергиле ким барат деп жатат, анткени виза деген балээ бар экен, балким көп кишиге бербей коюшу да мүмкүн экен,- деди Асылкан.
- Анысы эмине, тойго киргизбей коёт бекен? -  деди Бегайым эне.
-  Чек арадан самолетко киргизбей коёт экен, паспортко виза койбосо? -  деди Асылкан.
- Апей, кызымын тоюна барам десе да киргизбейт бекен? -  деди Бегайым эне.
Мына ушундай сөздөр болуп жатканда күтпөгөн жерден Шейшенбек аялы Сайкал экөө кирип келишти.
Акмарал менен Акбар өзүнчө бизнес ачабыз деп аракет кыла башташты. Акбар атасынан акча алып, кийим тигүү боюнча бизнес баштай турган болду.  Бул жагынан Акбар үч жыл  иштеп көп тажрыйба алса, Акмарал кийим моделдерин бычканды үйрөнүп алган болчу. Акбардын Россияга кеткен таякесинин үйүнө чакан тигүүчү цех ача турган болушту. 
Биринчи иретте кийим тигүүчү төрт машине, жаздалдоого утюг сатып алышты. Акбар машинелерди орнотуп, бычканга чоң стол да койду. Дагы башка майда-чүйдөлөрүн (кайчылар, лекало, метр ж.б.) да алышты. Анан мурунку иштеген жеринен билишти, азыр эмнеге заказ көп болуп атканын. "Мадина" базарынан керектүү материалдарын сатып алышты. Башында Акмарал өзү бычып, анан Мира экөө тиге турган болду. Алгачкы он аялдын көйнөгүн тигип, анан Акбар Акмарал экөө "Дордой" базарынан алып келген биркалар менен атайын пакеттерге салышты. Анан ошол базардын "Самопошив" деген катарында турган сатуучулардан сатып берүүнү суранышып, араң калтырышты.  Заказ бере тургандарды издешип такыр таппай коюшту. Дагы мурдагы жумушунан көйнөктөрдүн башка түрүн алышып жаңы партияны тигишти. Мына ошентип көпкө чейин чыгымдар көбөйгөндөн көбөйдү. Акбар дагы карыз алды бир досунан, аны да башка партияны тиккенге коротушту. Анан акырын заказ бере тургандар табылды, биринчи акчалар кайта баштады. Ошентип, бир жылдай чыгымдарды кайтара албай кыйналышты. Кийинки жылы гана биринчи чоң заказдар келип, дагы төрт машине алышты.
Бурулкан иштеп жүрсө бирөө чакырып калды. Чыкса Казахстандан келген мектептеги сүйгөнү Суранбек экен. Бурулкандын жүрөгү болк эле дей түштү. Саламдашканда да эмнегедир араң эле үнү чыкты.
- Кандайсын Буря? -  деп учурашты Суранбек.
- Ии жакшы? -  деп жооп берди Бурулкан.
- Эмне болгон сага,  суз салам айтасың го, таарындыңбы мага, кечирип койчу келе албай аттым жумуштан бошобой, - деди Суранбек.
- Биякка келбей эле койчу, телефонуң барбы мен өзүм чалайын, азыр бош эмесмин, - деди Бурулкан.
- Телефонум мындай, бошогондо чалып кой, мен келип алып кетейин, - деди Суранбек.
Суранбек мурдагыдан бир аз толуп, келишкен сулуу жигит болуптур, алар көрүшпөгөнүнө эки жылдай болуптур. 
Бир эки сааттан кийин Бурулкан өзү Суранбекке телефон чалды.
- Менин айтайын дегеним, жарым жылдай болуп калды турмушка чыгып кеткениме, кечирип кой, сен келбедиң, мени унутту го деп ойлодум, - деди Бурулкан.
- Мен экөөбүз сүйлөшкөндөй эле сөзүмө туруп келдим,  жолугуп сүйлөшөйүн дегем, эгер мүмкүн болсо бир жолукпайлыбы, ала качып кетишиптир сени деп уккам? -  деп сурады Суранбек.
- Жолуга албайм го, күйөөм көрсө эмне дейт? - деди Бурулкан.
Бирок, Бурулкандын эсинен да, көзүнөн да,  Суранбек такыр кетпей койду. Суранбек да күн алыс күндүзү чалып турду. Бурулкан мындай кыйналып көпкө жүрө албасын билип жолугууну чечти. Ал Ильяс менен да сүйлөшпөй калды, таптакыр маанайы пас болуп, эчтекеге  көңүлү да жок болуп калды. 
Шейшенбек менен Сайкал келгенде дуу-дуу болуп сүйлөшүп аткандар бардыгы унчукпай калышты. Акырын бардыгы саламдашышты. Бегайым эне Сайкал менен суз саламдашты.
- Ии, келип калыпсыңар, тынчтыкпы? -  деп сурады Бегайым эне.
- Амандыгыңарды сурап коёлу деп эле келдик, - деди Шейшенбек.
- Силер сурабасаңар деле кудайга шүгүр, түзүкпүз, - деди Бегайым эне.
Дагы аркы-беркини сурашкандан кийин, Шейшенбек эң негизги темага өттү.
- Уулкандын тоюна даярдык жакшыбы? -  деп сурады Шейшенбек.
- Сиздин документтериңиз болбой аткан турбайбы, барсаңыз эле болмок, - деди Асылкан.
- Мен бара албай калдым, эми менин ордума Сайкал барып келсин, - деди Шейшенбек.
- Биз үчөөбүз, анан Чоро менен  Мыскал барат, аларга мен айтып койгом, силер өзүңөр жок болуп кеттиңер го, башында силерден бирөө барат деп ойлогом, - деди Бегайым эне.
- Бир үйдөн бир киши барса болот да эми, бизден да бирөө барсын, -деди Шейшенбек.
- Чоро күйөө баланы кантип барба дейм, карачечекей күйөө балам менин айтканымы эки кылбайт, мен айттым болду, - деди Бегайым эне.
- Сен өзүң ооруп калбайсыўбы, кыйналып каласың го, биякта Бишкекке барганда канча кыйналат элең, - деди Шейшенбек Бегайымга.
-  Сага эмне бар карыганда деп, айта албай жатасыўбы, ордума таба коёюн дедиң беле, өтө баргыңар келсе жол акчасын таба койгула, эми сенде жокпу, малдарыңын бир-экөөнү сата кой, - деди Бегайым эне.
- Сатканга жараганы жок болуп атпайбы, - деди Шейшенбек Сайкалды карап.
- Ии ботом, ошончо малыңан табылбаса, анда анын эмне кереги бар сандатып, Уулкандын эки досу деле баратыптыр жолго акча таап эле, - деди Бегайым эне.
- Мейли эми мени чыгарып салдыңарбы катардан? - деп таарынды Шейшенбек.
- Ай мени кара, башында эле уккансың, андан бери эмне кылып жүрдүңөр, оозуңарга салып бериш керекпи эми, эң чоңу болуп туруп сурап да койбойт да,эми түштөн кийин келип таарыңганың эмне? -  деди Бегайым эне.
Ошентип, алар таарынышып кеткенден кийин Мыскал менен Чоро келишти. Мыскал ал-жайды сурагандан кийин эле дароо сурады:
- Ким-ким бара турган болду тойго?   -  деп.
- Азыр эле Шейшенбек аваң менен жеңеңе жок дедим, эгер силер нормалдуу болбосоңор силерди да чийип салам, - деди Бегайым эне.
- Алар барбай калса, анда Шейшенбек акем мени жейт ко, Сайкал жеңем го мурда эле мени "жакшы" көрчү эле, - деди Мыскал.
-  Бир басып келбей коюшту го, той, чет өлкө десе пайда боло калышканын, тигил келиндин жасаганы бул, эми баламын дагы башын оорутат го, оорукчан кылып салды ай ошону,  - деди Бегайым эне.
 Алар кеткенден кийин сүйлөшүп алгансып Асылкандын таякеси аялы менен, кийинчерээк иниси келип кетти.
- Мен тарапты айтпай эле коёюн апамын жинин келтирбей, бирок биз тараптан да бирөө барса жакшы болот эле, төркүнүмө жүзүм жарык болуп, - деди Асылкан Бейшенбекти карап.
- Апама айтайынбы, кийин сен мени жебе, айткан жоксун  деп? -  деди Бейшенбек.
- Жок ай, айтпай эле кой, аны укса апам чалкасынан кетип, такыр барбай койбосун Уулканды ыйлатып, - деди Асылкан.
Анан, өзүнүн туугандарына да Асылкан айтты, "жолго акча тапкыла барып келели тойго" деп.
Ошентип, көп жолку талаш-тартыш, таарыныч, кубанычтан кийин делегациянын составы белгилүү болду, Чоронун ордуна Асылкандын таякеси Карабек бара турган болду.  Карабек райондо жер боюнча бөлүмдүн башчысы болчу. Асылкан Бейшенбек менен Бегайым энени үгүттөп атышып акыры көндүрүштү.
Муну уккан Чоро менен Мыскал уруша кетишип, араң токтошту.
Уулкандын бир эле досу бара турган болду. Эмне алып барабыз деп катуу ойлонушту. Уулкан "эч нерсе албагыла, бул жакта бары жок табылат", деди.
Кудаларга гана кыргыз кийим белек алышты. Ооз тийгизгени чучук, боорсок жасап  алууну чечишти.
...Эми буттарына туруп келатканда, Акмарал менен Акбардын бизнесине көз арткандар пайда боло башташты. Биринчи болуп участковый милиционер пайда болду. Ал кайдан билген же бирөө айтканбы.
Келип эле, "Кана уруксат кагазыңар жок, патентиңер жок иштейсиңер, мен айтып жаптырам", - деп кирди.
Акмарал аны аке-жакелеп суранды.
Бир аздан кийин ал жоошуп:
- Силер эмне тигесиңер? -  деп сурады.
Акмарал ага бир шым тигип бере турган болду. Размери да кычагансып 54 размер экен. 
Кийинки болуп электрик келди, "оо, өндүрүш турбайбы, ошол тариф менен төлөйсүңөр" деп.
Акмарал аны да акелеп-жакелеп анан ал да сурады, "бир шым тигип бергиле"  деп. 
Бир жумадан кийин салык кызматкери келди, "менден патент алгыла", деп. Акмарал аны да аябай суранып, тиккенибиз 10 шым болсо, эч болбосо эки ай күтө туруңуз деп, аны эки шымга көндүрдү.
Ошентип, мамлекет органдарынын мүчөлөрүнө айына төрт шым кете турган болду. Анан кийинчерээк бул салыктар дагы көбөйдү.
...Бурулкан Суранбек менен тымызын жолуга баштады. Ага жолукмай сайын санаасы тынбай, эч нерсеге көңүлү болбой калды. Суранбек такыр оюнан кетпей туруп алды. Бурулкан өзү да ойлоно баштады. Ильяска мындай сүйүү сезимдер жок болчу.
"Эми Суранбек кеткиче чыдай турайын, ал кеткенден кийин кайра мурунку турмуш ордуна келээр" -  деп жүрдү.
Бурулкан менен мурда Жийде деген кыз иштейт эле. Ал Ильясты аябай сүйүп жүрчү. Бурулкан Ильяска турмушка чыкканда анын ичи аябай күйдү эле. Мурда Бурулкандын досу катары болуп жүрчү. Бурулкан ага өзүнүн көп сырларын да айтып берчү. Бурулкан  Суранбек менен жолугуп жүргөнүн Жийде билип калган болчу.
Анан бир күнү Жийде Ильяска жолугуп, Бурулкан менен Суранбектин жолугуп жүргөнүн айтты.
Чын, төгүнүн билгени Ильяс акырын байкай баштады, кайсы убакта Бурулкан жолугуп жүргөнүн. Эмне болот экен деп, Ильяс Бурулканды тоодогу телефон кармабаган жерге бир шылтоо менен алып кетти.
Өзү болсо байкады, Бурулкан телефону кармабай бушайман жеп, нервин коротуп жатканын. Бурулкан биякка Ильяс атайын алып келгенин билген жок.  Кийин жеңесинен билди, ал Бурулканды боюнда болуп таза аба жутуп эс алсын деп сүйлөшкөнүн, анан аны  таштап шаарга жалгыз кайтты.
Жеңесине дайындап кетти, "Бурулкан кетпесин, өзүм келип алып кетем бир жумадан кийин",  деди.
Өзү Жийдеден, кароолчулардан сурап билип турду, ким Бурулканды сурап келгенин.  Анан тез эле билди, ким келип жүргөнүн, анан дагы бир информация келди, Суранбек бир жумадан кийин Казахстанга кетээри тууралуу.
...Уулкан менен Макс тосуп алышты туугандарды аэропорттон.
Бегайым эне самолеттун учканын өмүрүндө биринчи жолу көрүп оозу ачылды.
- Ой мунуңар канаты бар автобус экен да, башкача деп ойлопмун, куштарга окшоп, адамдар ичинде жатып алып учат ко деп, ичинде тынч эле олтурса болот экен да? - деп таң калды.
Кудалар бири бири менен таанышып, Уулкан котормочу болуп жатты, ал чыгып кеткенде орусча чала була сүйлөшүп жатышты.
- Уля, "кудалар жолдон чарчашты, ваннага түшүп алышсын",  - деди Макстын апасы фрау Эльза Уулканды карап.
Килтейген эки этаж үйдө эки ванна бар болчу.
- Айланайын кир деле эмеспиз, -  деди Бегайым эне.
"Кой,  эч ким түшпөй койду дебесин", - деп Асылкан менен Мыскал сууга түшүп чыгышты. 
Бейшенбек менен Карабек уялып түшүшкөн жок. Бардыгынан туалет маселеси кыйын болду. Уулкан Бегайым энени араң көндүрдү.
"Эшикке эле барам", - деп аябай кыйналды.
Кудаларды Уулкандын кеңеши боюнча, "таарынып калышбасын" деп үйүнө жайгаштырышты.
Тамактарына да таң калышты, чөп-чар көптүгүнө, үйүндөгү жүргөн итине. Ити каппайт десе деле болбой, бардыгы чочуп жатышты чоң иттен. Немистердин овчарка породасынын итинин аты  "Амфибия" болчу.
Анын атын Бегайым такыр айтпай койду, "кой, ай уят сөз экен" деп.
- Ушул ит менен беш күн чогуу жашайт экенбиз, - деди Карабек.
Иттен коркуп түнү туалетке барбай укташты.
Кыргызстандан алып барган өрүк как, мейизди үчүнчү күнү эртең менен "Амфибия" жеп отурганын көрүп Бегайым аябай капа болду.
"Ошончо жерден алып келсек итине салып берет",  деп.
Анын жаман көрүп карап турганын көрүп Макстын атасы:
- "Амфибия" ушул жемиштерди аябай жакшы көрүп калды, күнүгө жеп атат, -  деди.
Уулкан араң жошутту таарынган Бегайым энени, "буларда ушундай,  итин баласындай көрүшөт", деп атып. 
Анан меймандардын суранычы менен мейманканага көчүштү, үйгө тура албай коюшту.
Тойдо болсо тостту Асылкан менен эле Бейшенбек сүйлөдү. Карабек менен Мыскал сүйлөшкөн жок, тостторду катуу даярдашты эле. Макска жана ата-энесине кыргыз улуттук кийимдерин белек кылып кийгизишти. Той белгиленген убакытта башталып тез эле бүтүп калды.
- Мен эми күүлөндүм эле, тост да беришкен жок, саат ондо эле бүтүп калды го, - деди Карабек.
- Тамак эле жей беришет экен, ырдашпайт экен, бий да аз экен, эч ким мас болбой пиво эле иче беришет экен, тост айтышпайт экен, - деди Бейшенбек.
Уулкан Акмарал  менен досун ошол жакта окуган кыргыз кыз менен тургузуп койду.
Беш күн көз ачып жумгуча өттү. Бегайым эне катуу шашылды кеткенге, күнүгө сурап жатты, "качан кетебиз" деп. Ал өтө жүдөп какады, намазын да жакшы окуй албады, итине да жини келди.
Макстын ата-энеси кайтаарда көп белектерди беришти. Кудалар болсо,аларды, "Кыргызстанга келип кеткиле" деп чакырышты.
Иши кылып аябай ыраазы болуп эле кайтышты. Уулкандын досу болсо Макстын жардамы менен калып калды, "окуп параллельно иштейм", деп.
Айылга кайтышып, Бегайым эне жана башка баргандар элдерге немистердин жакшы жактарын айтып, ит жөнүндө айтышкан жок. 
...Аксанаа менен Канат жакшы эле иштеп жүрүштү. Канат "Плюшкин" деген атка конду. Анткени ал "дворник" болгондуктан, бүт үч үйдө жашагандардын таштаган бүтүн, иштеген нерселерин чогулта баштады. Эскирээк, бирок иштеген утюг, тигүүчү машине, кир жуугуч машине, микроволновка, телевизор ж.б. буюмдарды чогултуп айылына жиберип турду. Айылда чоң ата-энеси, Бейшенбектер  жыргашты, бүт тиричилик эмеректер болуп.  
 Алар тоюп айтышты, "эми башка жибербе, бүт баардыгы жетиштүү",  деп.
Аксанаа боюнда болуп, анан ичиндеги пайда болуп келаткан баланы, " аборт жасатып алдырабыз" деп чечишти, "дагы бир эки жыл күтө туралы", шарт болгондо балалуу бололу  дешип.
Ооруканада аборт кылыш үчүн  Москвада катталышы керек экен.
Чогуу жашаган кыздар айтышты:
- "Бир кыргыз эже бар, врач акушер-гинеколог,  ошого барышың керек" деп, адресин беришти.
Аксанаа ал эжени тапты.
- "Ии, ким менен ойноп жүргөнүңдү сурабай эле коеюн,  теги кыргызбы, бияктагы кыздар тажик, өзбек, кавказдыктар менен ойноп калышкан, кыргыз балдар болсо орус кыздарды зордуктап түрмөгө түшүп жүрүшөт, кээ бир кыздар Кыргызстандагы күйөөм билбейт, ушундай болуп калды" деп  айтышат, - деди врач эже.
- Жок, күйөөм кыргыз эле, ал жанымда биякта, - деди Аксанаа.
- "Бардыгы эле кыргыз дейт, анан карасаң эле башка болуп чыгат, ии анда мейли, давай биринчи бок-сийдигиңди, каныңды тапшыр анан көрөбүз, дагы өлтүрүп албайын сени, арык да экенсиў, ай бир тамак жегилечи, акча деп эле байкуштар тирмийип ийне жегенсип, гемоглобин деген нөл ай", - деди эже.
- Канча   акча болорун айтсаңыз, мен күйөөм менен акылдашайын, - деди Аксанаа.
- Көп айтсам жасатпай коёсуўбу, ой каяктагы бирөөлөргө жасатпай биякка эле келгин, азыр УЗИге түшүп анан кет, - деди врач эже.
Бул кыргыз врач эжеге кезекте олтургандар бүт кыргыз кыздар экен. 
...Бурулкан шашылып кайтып келди. Ильяс жеңесин ойготуп сурап жатыптыр.
- Ий, кашайып уктап калган турбайынбы, Бурул биякта эле жүргөн, - деди жеңеси.
- Мына мен бияктамын, - деди шашылып буулуккан Бурулкан.
- Ой сен эмне мынча энтигип, кайда бардың эле? -  деди жеңеси.
- Сени чыгып кетти дешти го ылдый жакка, бир орунда турбайт экенсиў, - деп уруша кетти Ильяс.
- Ооба, тигил, үйгө чалайын дегем, түшүмө апам кирди эле, - деп алдады Бурулкан.
Ильяс билди алдап атканын, бирок сыр берген жок.
Анан жеңесине  катуу дайындап кетейин деп атканда Бурулкан сурап калды:
- Мен врачка көрүнүшүм керек болчу, сени менен кетейин, анан эртең кайра алып келип кой,  - деди Бурулкан.
Бурулкан ойлоду эле, Ильяс жумушка кеткенде Суранбек менен сүйлөшөм деп.
Эртеси шаарда жумушуна да барбай Бурулканды Ильяс өзү врачка алып барып келди.
... Акмарал Германиядан келгиче жумушу тим эле  үйүлүп калыптыр. Ал көп мода журналдарын алып келди жаңы. Мира экөө кайсыларын тигишти ойлонушуп талкуулашты.
- Кытайлардан эмнебиз кем, ушуларды карап эле бычып тиксе болгудай жаңы моделдерди, түрктөр ушуларды бизге сатып эле атышат "Дордойдо", -  деди Акмарал.
- Туура, бирок материалдарын таба алабызбы? -  деди Мира.
- Ой кытайлар бөдөнөнүн сүтү керек акчага десең аны да таап, же жасап келишет, - деп күлдү Акмарал.
Акбар шпиондукту улантып сурамжылап жүрүптүр мурдагы иштеген цехтеги кыздардан, эми алар акчага сата баштаптыр, мурда бекер эле беришчү.
Кааласаң сатып ал, каалабасаң өзүң бил болуптур.
- Бербесе коюшсун, мына эми туп-туура Германиядан алып турабыз эми журналдарды,ошолордон көрүп эле тигебиз, - деди Акмарал.
...Токтокан болсо, юракадемияда кыз ала качуу темасы боюнча изилдөөлөрүн бир жаш агайы менен жакшы даярдап,  студенттердин илимий конференциясында "Кыз ала качуу бул илгертен адатпы, же кылмышбы?", деген доклад жасап, анан чоң талкуу болду.
Конференциядагы студенттер, мугалимдер, профессор, доценттер Токтокандын изилдөөлөрүнө жакшы баа беришти, ошол эле убакта кээ бирлери  анын сунуштарына каршы чыгышты.
Мисалы, күчкө салып кыздарды ала качкан жигиттерди узак мөөнөткө соттош керек дегенди туура эле көрүштү, бирок аларды уурдалган кыздын жашына карата жазалаш керек деген сунуштар айтылды.
Эгер кыздын жашы 17 ден 25 жашка чейин болсо жаза өтө катуу максималдуу болуш керек, ал эми 25 жаштан кийин жаза мөөнөтү азайса пропорционалдуу деген сунуш болду.
"Кээ бирөөлөр 25 жаш эмес 22 жаштан баштап жаза мөөнөтү азайыш керек"  дешти.
"Анан ала качып келинген кыздарга алардын макулдугу жок нике кыйган молдолорго да чара көрүлсө" деген сунуш болду.
"Молдого гана эмес, башка бүт негизги роль ойногондорго чара көрүлсө", деген сунуш да болду. Бирок, алардын бардыгын документтештирүү, күбөлөрдүн айкындагандарын жазуу жана башка далилдөөлөрдү чогултса гана мүмкүн болмок, бул аябай тим эле такыр аткарылбай турган жумуш болчу.
Биз бардыгыбыз билебиз, кыргыздар бардыгы бири-бирине тууган, анан бири-бирин күнөөлөп жазып берүү айылдаштарына, уруулаштарына бул күтүлбөгөн нерсе десе да болот.
Анан турмуштан көп мисалдар келтирилди, кыз ала качуусуз болбой турган, чечилбей турган жагдайлар жөнүндө да айтылды.
 Эгерде кыз ала качуу болбосо:
- тоодогу койчу бала кайсы кызга үйлөнөт?
- кээ бир ырайы суук кыздар кантип күйөөгө тийишет?
- сүрдөнгөн коркок жигиттер кантип үйлөнөт?
- эрке өскөн же  аябай уялчаак жигиттер кантип үйлөнөт, ошондой кыздар кантип күйөөгө тиет?
- таанышууга же кыздар менен жолугуп сүйлөшкөнгө убакыты жоктор  кантип үйлөнөт?
- жашы өтүп кеткен, кара далылар кантип күйөөгө тиет?
- ата энеси катуу кармаган, жигиттер менен сүйлөшпөгөн кыздар кантип күйөөгө тиет?
- жигиттер кокустан жолуккан, түшүнөн чыкпаган сулуу кыздарга кантип жетишет?
- мени ала качса деп эңсеген кыздар эмне болот?
- милиция, сот, молдолор кантип оокат кылат?
Бул тизмени дагы көп улантса болот, эгерде турмушта боло турган жагдайлардын баарын келтирсе.
"Анан эми кыздар жигиттерди шантажга ала турган болот"  деп да айтышты. "Жигиттер алып качам десе биринчи макул болуп, кийин бир нерсе жакпай калса анан кайра доо коюп “кетем” деп, же "сотко берем", деп, же "жигит каалабаса да үйлөнөсүў болбосо", дешти кээ бир бир жагдайларда.
Жазолоонун мөөнөтүн көбөйтүүдө башка дагы жаңы проблемалар пайда болоорун айтышты.
Талкуулар көпкө уланды, бул суроолорго жооп табыш кыйын, бирок акырындап чечүү зарыл экендигин айтышты.
...Бурулкан шаарга келери менен Суранбек чалды. Экөө жолукмай болушту. Бурулканга Ильястын кызганганы, эч жака бастырбаганы такыр жакпайт эле.
Дайым айтчу, "сен мени түрмөгө олтуруп койгондой эле болдуў, эч кимди көрбөйм ушул төрт дубал, кухня, телевизор, керебеттен башкасын"  дейт эле.
Суранбек кантип көңүл ачышаарын, кандай жерлерге барганын айтса, ошого аябай кызыгып ичи ачышты, эмнегедир турмуштун жарыгы тийбей, көлөкөдө, караңгыда калгандай болуп.
"Барсам, көрсөм, элдер менен түртүшүп жүрсөм", деп эңсейт эле.
Ильястын үйүндө бүт нерсе болгону менен, эмнегедир дайыма бир нерсе жетпегендей болуп, көңүлү күндөн күнгө негедир чөгүп эле баратты.
 Ойлонуп, ойлонуп Бурулкан, "Суранбек кандай мамиле жасайт анан, же ал деле Ильястай эле болуп калабы, же андай болбой ал айткандай, эмне кааласам ошол болобу. Азыр макул дегени менен бала төрөлгөндөн кийин кандай болот ага мамилеси"  деп да ойлонду.
Ильяс болсо дайыма, Бурулкан айткан сураныч же болбосо көйгөйлөргө, "ооба, макул", дегени менен, бирок дайыма Бурулкандын өзүн жалгыз эч жакка жиберчү эмес, дайыма жанында эле жүрчү, же бирөөнү кошуп берет эле.
Бурулкан Суранбек кетишине  бир күн калганда чечим кабыл алды.
Анан Суранбек менен шаарда жолуга турган болду ооруканага баргандан кийин, Ильяс үйгө таштап кеткенден кийин.
Ильяс болсо Бурулканды таштап, бирок машинесин коңшу көчөгө калтырып, Бурулкан эмне кылат экен деп көнгөн адаты боюнча аңдыды.
Чын эле Бурулкан бир аздан кийин көчөгө чыкты да таксиге олтуруп жөнөдү. Ильяс бир машине кармай коюп артынан жөнөдү. Суранбек аны бир менчик мейманканада күтүп аткан болчу.
Суранбек бүгүн Бурулканды акыры кеткенге көндүргөнгө даярданып жатты. Бурулкан келээри менен экөө биринчи этаждагы кафеден чай ичкенге олтурушту.
Мына ушул моментте эми олтурушуп сүйлөшө башташканда Ильяс кирип келди...
...Асылкан Токтокандын жумушу жөнүндө айтып калды:
- Кыз ала качуу боюнча кыйын маселени изилдеп  атыпсыў, башка эле нерсени  алсаң болмок, - деди.
- Ой ошондой да болмок беле дегениң эмне, жаза берсин, биздин эле үч кызды алып качышты, ошону жазсаң эле канча, - деди Бегайым эне.
- Эжелерин жазмак беле, ал илимий иш жазат да, - деди Бейшенбек.
- Оо илгери, кыз ала качуу чанда болчу, эч бир башка мүмкүнчүлүк калбаганда гана алып качышчу кыздын макулдугу менен, элдин бардыгы билчү, тигил тигини алып качат дешип. Азыр болсо тааныйбы, тааныбайбы баары бир экен, койдой машинеге жүктөп, көптөп алып качышат экен, ошол да болмок беле, эми анын эмнеси илимий иш болот экен, атын айтпай эжелериңи деле жаза бер көбүрөөк болот, - деди Бегайым эне.
-  Ой апа, ошол күчкө салып көптөп алып качкандарга кандай чара көрүш керек, кандай жазалаш керек, себептери кандай, кантип алдын ала билсе болот, дагы көптөгөн маселелерди изилдейт экен Токтокан, - деди Бейшенбек.
- Ай мунун жарасы жеңил эле, ким күчкө салып уурдаса же алып качса, анда ошол жигиттин бир жерин кесиш керек, ошондо гана токтойт, болбосо милийсаң деле, сотуң деле акчасын алып эле көзүн жумуп коюшат, - деди Бегайым эне.
- Биз эми бардыгына мейли деп эле койбодукпу, кыргызбыз да, болгон иш болду деп, мына Акмаралды алып качкан Мантай эмне болду. Аксанааны алып качкан Канат деле өзүнө келе албай аткан го, Бурулкан менен Ильяс деле жакшы жашап кетише элек ко дейм Бурулкандын сөздөрүнө караганда, - деди Асылкан.
- Токтокан илимий  иш жазганы жакшы, эми өзүн алып качышпаса эле болду, анан өзүнүн мисалын да ишине жазып жүрбөсүн, - деди Бейшенбек.
- Аксанаадан башкасын билген деле жокпуз кимге тийишээрин, күтүүсүздөн эле тийип кетишти, - деди Асылкан.

...Акмарал күн өткөн сайын ойлоно баштады. Эгер Акбарга быйыл күйөөгө тийбесе, анда кийин күйөөгө тийиш кыйын болорун, Акбар дагы көп жыл күтпөөрүн да ойлонду.
Акбар бул маселени көтөргөн сайын ар кандай себептерди айтып жылдырып келе жаткан.
Дагы жылдыра берсе чексиз, анда  Акбар ата-энесинин басымына көпкө чыдай албай тургандыгын да  ойлонду.
Бирок, Акбардын ата-энеси Акмаралдын ата-энесинин алдына барып сүйлөшүшсө деле болмок, аны Акмарал өзү каалабады. Анткени, Акмарал өзүнүн  күйөөгө тийип чыкканын Акбардын ата-энесине билдиргиси келген жок.
 Ошого Акмарал план түздү, "Акбар эгерде алып качып барды болсо, анан убакытыбыз жок деп бир күн туруп эле эртеси кайтып кетсек, анан созуп созуп, балким балалуу болуп, же бир эки жылдан кийин айылга барсам болду"  деп ойлонду.
Акмарал Акбарга болгонун болгондой кылып планын айтып берди. Ага Акбар макул болду, ошентип  экөө жайында кийим тигүү сезону тыным алганда үйлөнө турган болушту.

...Москвада болсо Аксанаа жумушун улантты. Элиза да Москвага келип иштеп калды эле, бир жолу көлдүк кыргыздар менен жолугушуп, күтүлбөгөн жерден Канаттын жердештери менен жолугуп калды да, алардан анын телефон номерин, жашаган жеринин адресин билип алды.
Элиза Канаттан өчүн алайын деп чечип, өзү тааныган бир бандит кыргыз балдарга акча берип Канатты ургузуп, турмушун жана ден соолугун бузушту ойлоду.
- Өлтүрүп койбогула, анан милиция "таскать" этпесин, болбосо силерден чоңдоруна барам, - деди Элиза.
- Мындай заказдарды аткарып эле жүрөбүз, буттарын сындырабыз, белине жана бетине тийбейбиз, ич органдарын бир аз эзебиз, "пойдет?” -  деди бир бандит.
- Ким заказ бергенин ал билсин, менин атымды шыбырап койгула оңбогурга, сүрөткө тартып келгиле токмоктогондон кийин, анан калганын аласыңар, - деп Элиза бандиттерге акча карматты.

... Бурулкан Ильясты көргөндө үрөйү уча түштү.
- Мен силерге тоскоол болдум окшойт, Бурулкан жүр сен машинеге олтур, мен бул жигит менен сүйлөшөйүн, - деди Ильяс.
- Сен беш мүнөт күтө тур, мен азыр Суранбекке бир нерсе айтып коштошойун, - деди Бурулкан.
- Мен эмне деп атам, бас дегенде баскының деп жулкулдатып Бурулканды билектен алып эшикке сүйрөп жөнөдү Ильяс.
- Эй бул эмне кылганың, беш мүнөттө чыгам дебедиби, - деп Бурулканды кармап калды Суранбек.
- Мен мыйзамдуу күйөөсүмүн, а сен кимсиң, коё бер деп атам,  азыр коё бербесең көрөсүн,-  деп коркутту Ильяс.
- Колум ооруп кетти, коё берчи, чын айтам, беш мүнөттө чыгам, - деди Бурулкан.
Ильяс жини кайнаган бойдон, Бурулканды бир муштап томолото койду, анан  барып Суранбекти чаап калды да, экөө мушташа кетишти.
Бурулкан эптеп тура калып эшикке чуркап чыгып, арыраак далдоого бекинип калды.
Бир аздан кийин мушташкандарды ажыратышышты да, Ильяс Бурулканды таппай, машинесине олтуруп үйүнө жөнөдү.
Бурулкан колу ооруп, эми Ильястан көңүлү калды,  көрөйүн деген көзү жок калды.
Кан жалаган бетин кармап Суранбек чыкканда, аны тазалап, жөлөп, анан таксиге олтургузуп Суранбекти туугандарынын үйүнө жеткиргени алып кетти.
Ильяс Суранбекке караганда чоң албеттүү, күчтүү, бокс менен машыккан спортсмен да болчу.
Жолдо баратып экөө сүйлөшүштү:
- Эң башкысы, мен жакында төрөйм, анан кандай болот, башым маң болуп атат, көчөдө калбаймынбы бала менен? -  деп сурады Бурулкан.
- Сенин балаң, менин да балам, эмне эле деп жатасын, эгерде сен мага ишенбесең, мен өзүм берген сөзгө туруп, сени сүйгөнүм үчүн, бардыгына кайыл болууга даярмын, эгер сен антип ойлобосоң,  анда азыр эле чечип, калсаң анда калгын, - деди Суранбек.
- Жок, мен калбайм, сени менен кетем, убагында эркиме каршы ала качып кетишти эле, эми мен да сөзүмө турам, кетем сени менен, - деди Бурулкан.
 Бурулкан үйүнө барбай турган болду.  Экөө Суранбектин буюмдарын алып, Астанага чыга турган болушту.

... Акмарал Акбар экөө жай келип, Баткенге жөнөштү, "кыз алып качты",болуп, Мира жана Акбардын бир досу болуп бир машинеге, дагы үч досу экинчи машине болуп шашпай чыгышты. Жолдо көп жерге токтоп сүрөттөргө, видеого  түшүшүп дегендей. Суусамыр, "Париж", Чычкан, Токтогул суу сактагычы, Жалал-Абат, Ошко, Кызыл-Кыяга токтоп, жолдон осман, форель, палоо жешип барышты.
Баткенде Акбардын үйүнө жакындаганда эле жоолуктарды кийишип, буттарын, колдорун  жабышып калышты кыздар. Акмарал аябай толкунданып, жүрөгү лакылдап батпай атты.
Акбардын ата-энесинин үйүндө бардыгы даяр болуп турушуптур, машинеден чыкканда эле инструкция боюнча Акмаралды эки жагынан эки досу кармап алып киришейин дегенде, аларды токтотушуп, оттон секиртишти. Шиш така менен Акмарал араң эле өттү.. Анын артынан Акбар секирди.
Анан аялдар Акмаралга жоолук салышып, кимиси ким экени деле билинбей, Акмарал көзүнүн учу менен кимиси менин кайненем экен деп караса да тааныбады, мурда Акбардын сүрөттөрүн эстеп. Бардыгы эле өөп, "кудай жалгасын" эле деп атышты.
Анан үйгө кирээрде бир аял эле токтотуп, чоң жоолук кийгизип, оозуна бир кашык сары майды салды:
- Кешиктүү бол, бала-чакалуу бол, кудай жалгасын, деп айтканда билди, ушул аял кайненеси боло турганын.
Бою кичинекей, арык чырай, тез-тез сүйлөгөн, көздөрү күдүндөгөн, шум аялдай көрүндү.
Алып киришип эле көшөгөнүн артына олтургузушту.  Акмаралдын оозундагы сары май же ары кетпеди, же бери чыгарганга мүмкүнчүлүк болбой, ээрип акырындап өтүп атты тамактан. 
Акмарал мурда эле сары май менен "мамилеси" анча эмес болчу. Көөнү айланып, ичи аңтарылгандай болуп, окшуп кусуп жиберди бир жоолуктун учуна.
Аялдар кыйкырып эле калышты:
- Эйй, көрө менен лаганды алып келгиле тез, деп.
Бул эмнеси деп Акмарал таң калды чочуп. Көрсө, чөгүн менен чара экен.
Анан эптеп токтоп, форель, османдар чыгып бүттү.
- Иэ, бул келиндин боюнда бар окшойт, кусуп атат, - деп аялдардын сүйлөшкөнүн угуп калды Акмарал.
- Майли эми, шаарда жүрүшкөн да, төрөп алсын, сулуу кыз экен аа, - дешип шыбырашып атышты.
Акмарал ойлонуп калды, "чын эле боюмда бар окшойт, эмнегедир акыркы убакта көңүлүм иренжилегени көбөйдү"  деп.
Акбардын досторун башка бир бөлмөгө алып киришип, чай беришти. Анан нике кыйылып, антип минткиче бир оокум болду.
Союлган койдун этин тартышты. Уяттуу алыстан келгендер деп, Акбардын досторуна эки чара эт келди койдун башы менен.
Эртеси той болуп, айылдагы аялдар "келин көрдү" кылышып, болуп жаткан салтанаттар Акмаралга жана алар менен келгендерге жагып, дагы бир күн турушуп андан кийин кайтышты кайра.

...Москвада Канатты бир жолу бир балдар көчөдө кармап сабап кетишти, "Элизадан сага салам" деп. Анын буту сынып, анан бир ай жатты ооруканада. Канаттын эжеси кабар алганы келип, Аксанаага жардам берип Канатты карады, анан аларды өзүнчө бир бөлмөлүү батирге чыгарып кетти.
- Жакшы эле мени токмоктоп кетишиптир тообо, мына өзүнчө батирлүү да болдук, - деп күлдү Канат.
- Эски жараттарың ырбап дегендей, сенин эски сүйүүң өзүн билдирип, эстетип  кетти го,- деп күлдү Аксанаа.
- Кыргыздар жөн жүрбөйбүз теги, эми жакшы болуп келатканда, моминтип кана кайра артка тартып кетишти, канча акчабыз кетти ай, эжем болбосо куурамакпыз, - деди Канат.
- Эми бул жерде деле баягы Кыргызстандай эле рэкети, бандити бар турбайбы, бүт бардыгы билишет экен, кадимкидей "разборщиктери" бар имиш, "смотрящийи" кабар алып турат экен колунда бар кыргыздардан, - деди Аксанаа.
- Мен уктум, жаңы Москвага келген кыргыздарга жата турган жай таап бергендерди, аларды "общагалар", анан жумуш таап бергендерди, аларды "отдел кадр", деп коюшат экен. "Казан" вокзалында иштешет экен алар көбүнчө, аларга алдангандар да бар экен. Эми биякта кыргыздар көбөйүп, элчиликтин колунан эчтеке келбей, элдер ошол шылуундарга торго түшүп кыйналышат экен башында, - деди Канат.

... Уулкан болсо Макс экөө жайда Ысык-Көлдө эс алабыз деп чечишти, анан Макстын ата-энеси "кудаларга бир жумага келип кетебиз" дешти.
Бул жөнүндө уккан Бейшенбек:
- Алар кайда жатат ай, бизде алардыкындай үйүбүздүн ичинде ванная, туалет жок болсо, эшикке баргыла туалетке деп кантип айтабыз? -  деди Бейшенбек.
- Ай тигил аты укмуш уят ити келбей бекен? -  деп сурады Бегайым эне.
- Жок келбейт ко, ити самолет менен учмак беле? -  деди Асылкан.
- Ой мен кинодо көргөм, ит-пити менен кошо эле учуп жүрүшөт, - деди Бейшенбек.
- Кокуй ай, биздин "Киреше" итибизди бир эле сугунуп коет ко ал, анда мени менен "Кирешени" Мыскалдыкына алып барып койгула, ошол жакта тура туралы, немистер келип кеткиче, - деди Бегайым эне.
Бейшенбектин короосунда дайыма бош эле "Киреше" аттуу кичинекей "дворняжка" ити бар болчу.
- Уулкан ыйлайт ко, "энеми эмне көчүрдүңөр", деп бир ооз сурайлы, - деди Бейшенбек.
- Тигил сен иштеген пансионатка эле жайгаштырбайлыбы, экөө эле келет да, Макс ко көнгөн, ал биз менен эле тура берет, - деди Асылкан.
- Сен андан көрө Карабек таякеңе айтпайсыўнбы, эки путевка алып берсин бир жумага, ошондо арзан болот, биз деле төлөп коймокпуз, -  деди Бейшенбек.
- Чын эле, ал Германияга ит бекер барып, ичип-жеп  эле келди го, эми ошол жегенин куссун, -деди Бегайым эне.
Асылкан дароо таякесине чалды.
- Таяке, кандайсыз, тажеңем, балдар жакшыбы?
- Ии жакшы олтурабыз, өзүңөр кандай, тынчылыкпы? -  деп жооп берди Карабек.
- Баягы немис кудалар келишет экен, тигил пансионатка путевка болсо жакшы болгон турат, бир жума туруп кетишет экен, анан үйдө мейман кылып,  ары-бери жерлерди көргөзүп койсок болду, - деди Асылкан.
- Таак, менден эмне жардам? -  деп сурады Карабек.
- Ошол путевка маселеси, калганын өзүбүз эле чечебиз таяке, - деди Асылкан.
- Макул анда, Бейшенбек экөөңөргө алып берейин путевка, числосун айткыла мага? -  деди Карабек.
- Ой рахмат таяке, макул айтабыз, жакшы туруңуз, - деди Асылкан.
- Өзүм иштеген жерге эми мен эс аламбы, уят эмеспи элден, - деди Бейшенбек.
- Ай эчтеке болбойт, алар бир жума турушат, сен сүйлөш, биздин атыбызга жазылган путевкаларга эле киришип жашап кетишет, анын айырмасы жок, деди Асылкан.
- Немистердин өзүнө эле жазбайбы? -  деди Бегайым эне.
- Апа, бул профсоюздук путевка деп коет, ошого арзан, немистер биздин профсоюз мүчөсү эмес да, - деди Бейшенбек.
- Жакшы болду, ити менен эмес, аты менен келсе да келсин, пансионатта тура беришет эми,  - деп күлдү Асылкан.

... Бурулкан менен Суранбек Астанага келишип, бир үй-бүлөөлүк жатаканадан бир комнатаны сүйлөшүшүп, ошол жакта туруп калышты. Суранбек курулушта иштеп, жакшы акча таап, Бурулкан болсо үйдө эле болуп иштеген жок.
Анан көп убакыт өтпөй Бурулкан уул төрөп, атын Эрбол коюшту. Суранбек менен акылдашып, Асылкандын айтканына макул болушуп,  эки ай өткөндөн кийин уулун айылга алып келип Асылканга таштап кетишти.  
Бейшенбек уул көрбөгөн неме, басып эле калды. Күнү-түнү Асылкан экөөнүн эрмеги болду.  Баланы Бейшенбек өзүнө жаздырып алмай болду.
Ильяс болсо Бурулкандын телефонун таап чалып экөө сүйлөшүштү. Официалдуу түрдө ажырашышты. Баланы Ильяс талашкан да жок, Бурулкан да ал проблеманы Ильяска көтөргөн да жок.

..Токтокан окуп, өзүнүн изилдөөлөрүн улантып, агайы Турат Абекович менен бир жумада жолугуп турду. Турат Абекович этнография кафедрасында иштейт эле. Ал жаңы аспирантураны бүтүп, кандидаттык диссертация даярдап жүргөн, кыргыздардын үрп-адаттары боюнча. Узун бойлуу, татынакай,  окууга аябай тыкан мамиле кылган, эмне тапшырма берилсе убагында толугу менен аткарган Токтокан ага аябай жакты. Турат үйлөнө элек болчу, акыркы убактарда колу да бошобой, жыл өткөн сайын кыздар деле негедир жакпай келаткан.
Убагында Жанара деген курсташ кызы менен катуу сүйүү болушуп, жакшы болуп келатканда ал бир бизнесмен күркүл бала менен чет өлкөгө качып кеткенден бери эч ким менен жакындап дос да боло элек болчу.
Жанара менен үч жылдай чогуу жүрүшүп, алдыга максаттарды чогуу түзүшүп, ата-энелерилеринен бери тааныштырып, үйлөнүүгө бир эле кадам калганда экөөнүн капыстан ажырашканы өзүнчө эле табышмак болуп эле калды аларды билгендерге.
Кээ бир билгендер, "Жанара тигил жигиттин чет өлкөдө Турцияда жашаганы, анын байлыгына кызыгып Туратты чанды",  дешсе, кээ бирөөлөрү, "ушул Турат созуп жиберди, мурда эле үйлөнүш керек эле"  дешти.
Турат өзү эч качан бул темага сүйлөшпөйт эле.
"Ай, болгон иш болду, эмне эле аны сүйлөйсүңөр" деп кутулчу эле.
Ошол болду, Турат кыздар менен сүйүшүп күйүшпөй эле жүрдү.
Токтокан пайда болгондо анча деле маани берген эмес, катардагы илимге умтулган кыздардай көрүп, жакшы мамиле жасап келди эле. Бара-бара эмнегедир канча жаш улуу болсо да, Токтокан менен тең жаштай болуп сүйлөшкүсү келди.
Токтокандын сымбаты, сүйлөгөнү, шакылдап ачык күлгөнү да жагат эле. Аны көргөндө тим эле жаш баладай толкунданып, апкаарып сөз таба албай да кала турган болду.
Токтокан болсо аны аябай урмат кылып, кыздарга аны "менин сүйүктүү мугалимим" деп айтчу.
Кээде күнүгө сабактан кийин калып бир маселелерди талкуулап, Турат ага көп түшүндүрмөлөрдү берет эле. Токтокандын оюнда сүйүү деген сезим жок болчу, ал дайыма айтаар эле, "биринчиден окуу, окуу жана окуу, кийин бүткөндө сүйүү жөнүндө ойлоном" дейт эле.

... Акмарал менен Акбар пландары ишке ашып, шаарга кайра келип, эми үй-бүлөлүк бизнесин улантышты. Чын эле кудай берип Акмарал кош бойлуу болуп төрөй турган болду.
Акмаралдын ата-энеси жактагылар чоң делегация болуп Баткенге барып келишти кудаларга мейманга. Биринчи жолу түштүккө барып, аябай ыраазы болуп кайтышты.
Шейшенбек таарынып барбайм деп башында:
- Чет өлкөгө албайсыңар, эми Баткенге чакырып атасыңарбы, - деп.
- Көп сен аялыңын сөзүн сүйлөбө, сени ким барба деди, өзүң документим жок дебедиң беле, тигил келин барбаса койсун, сен жалгыз агасы болуп барбасаң болбойт, эртең өзүң эле жер карап каласын башыңа түшкөндө, - деди Бегайым эне.
Баягы эле Карабек дагы кошулду. Мыскал менен Чоро бул жолу экөө тең барышты.
Бегайым эне бардыгынын кулагына куйду Акмаралдын айтканын:
- Эч кимге айтыш жок, Акмаралдын мурда күйөөгө тийип чыкканын, ичип алып айтып жибербегиле, эгерде ким айтып жибергенден корксо, анда калсын, - деди Бегайым эне.
- Карабек таякем ичпей турган болду, анткени биздин арабызда эч ким деле ичпейт экен, бирок, мен таякеме айттым, самолетко Баткенден олтурганда дароо куюп берем деп сөз бердим, - деди Асылкан.
Бардыгы көңүлдөгүдөй болду, эч ким ичкен жок, Баткендик кудалар да катуу кыйнашкан жок, эч ким сырды чыгарган да жок.
Асылкан эле эстеп күлдүрдү:
- Кудалар бизди узатып, самолетко олтурдук, эки түн уктабаган жаным уктап кетипмин, самолет көтөрүлүп кыйла учуп калганда мени Карабек таякем ойготту, көзүмдү араң ачсам, "убада кана, кудалар калды, мен чыдадым кудай акы", - деди таякем.
- Ой, эмне убада, деп чочуп кетсем, таякем баш бармагы менен тамагын чертет, уйкусурап мен дагы эле түшүнбөйм, көзүмү ачып мисирейип тиктеп калдым, - деди Асылкан.
- Мен түшүндүм, Асылканды кабыргасына түрттүм, ай тигил атың өчкүрдөн куюп бер таякеге, убадаң менен сенин дедим, - деди Бейшенбек.
Ошондо мага жетип, чочуп кеттим, жакшы Бегайым эне алдыга олтурган экен.
- Апееей де, кудай урбадыбы, эми кайдан табам, багаждагы сумкада да, эми кое туруңуз, артына өтүп издейин, асманда эми боло береби, - деди Асылкан.
Тигил артында олтурган стюардесса кыз:
- Апа, биякка киргенге болбойт учуп баратканда, олтуруңуз, - деди.
- Айланайын, менин сумкамда өтө зарыл нерсем калып калыптыр, алып алайынчы, албасам мени тигил байкелериң кууруп жешет, - деди суранып Асылкан.
Жарым саат дегенде араң таап келди Асылкан.
- "Ай "молодец" десе, убадага турган алтыным", деп өөп жиберди таякем, - деди Асылкан.
- Стюардессадан бекитип, эми таяке "өңүнө" чыгып, эки күндөн бери эми сүйлөй баштаганда самолет олтурду Бишкекке, - деп күлдү Бейшенбек.

Аксанаа менен Канат, анын эжеси кеткенден кийин досторун чакырышты, "биз көчтүк, өрүлүктөп кеткиле", дешип.
Антишпесе, достору жанын койбой коюшту, "качан конушуңарды жууйсуңар" деп.
Москвадагы кыргыздардын "модасынан" калбай, биринчи келгендерге үйдөн чай берип, даам ооз тийгизип, анан бир паркка "пикникке" алып чыгышты.
Орустардан кем калбай даярданышат, кээде ашып түшөт керек болсо,  азыр мындай "пикниктерде" кыргыздар. 
Көрсөңөр тим эле укмуш, алдыңкылары кемелерди арендага алышып, көл же дарыянын жээгине уюштурушат экен. Чогултуп салына турган олтургучтар столу менен, бир жолу колдоно турган кашык, бычак, вилкалар, килемдер олтурганга жана башка жаратылышта убакытты чогуу бирге сонун салтанат өткөрүүгө жарай турган нерселерди ала барышат экен.
Анан шишкебек бышырышып, топ ойноп, балык уулап, ырдап бийлеп, орустардан кем калбай шараптардан ичип туулган  күн жана башка майрамдарды ошентип тосуп калышыптыр.

Германиядан келген делегацияны Бишкекке барып тосуп келишти. Пансионатка жайгаштырышып, Макс менен Уулкан үйдө эле болушту.
- Ай ушул ити келбегени жакшы болду, анысын кимге ташташты экен, - деп күлдү Бегайым эне.
- Уулкан үйгө чакырбай эле койбойсуңарбы дейт, ошол болмок беле, көрүшсүн да биздин жашообузду, - деди Асылкан.
- Мен бардыгын даярдап койдум, Карабек таяке бир жакшы комузчу, ырчылардан чакырып коюптур, меймандарга ырдап беришсин деп, - деди Бейшенбек.
- Биздин мектептен столдорду алып келип, бактын ичине дасторкон жасай турган болдук,-  деди Асылкан.
Меймандар келип, үйдү көрүп чыгышты да, анан бакта олтурушту. Тамак тартылып, коньяк куюлуп, анан артисттер комуз чертип, ырдап беришти.
Немистер ооздору ачылып угушту макташып. Акысыз концертти көрөбүз деп, айлана тегеректегилер бүт чогулушту да, заматта эл толуп кетти.
Бул меймандарды тосуу эмес, айылдын майрамына айланып кетти.
- Ушунча элди чакырбай эле коюшпайбы, биз уялып атабыз, убара болушуптур, деп айтышыптыр немистер Уулканга, ыраазы болушуп.
Уулкан болсо, алар менин айтканыма: "Булар ырды угуп эле чогулуп калышты кокустан, чакырышкан эмес" дегениме ишенишкен жок  деди.
Бизде айылда кире беришет, кой, ай, деген киши жок. Кээ бир уялып тартынгандары кирбей кашаадан карап угуп жатышты.
Уулкан аябай суранды эле, "айткан убагыңарда келип, айтылган саатта бүтүрүп, сөзгө так тургула, кыргызча кылбагыла", деп.
Ошого, түнкү саат 10 до бүт бардыгы токтоп, меймандар кете баштаганда, кеченин  эрте бүткөнүнө таң калышты. Элдер меймандарды узатышып,  алар кеткенден кийин, анан кыргыздар өзүнчө кечени улантышты.
- Бизди да немис кылмай болду бул Уулкан деп күлдү Карабек саатын карап.

... Суранбек менен Бурулкан Астанада тааныш-досторун чакырышып официалдуу үйлөнүштү. Суранбектин ата-энеси анын үйлөнүүсүнө каршы чыгышты. Алар тоюна да барышкан жок, Бейшенбектин үйүнө да келишкен жок.
- Ботом, тигил Бурулкан күйөөгө тийдиби? -  деп сурап калды бир күнү Бегайым эне.
- Ооба, тигил  мектепте эле иштеген Эрмек менен анан пансионатта иштеген Шарапаттын уулуна чыкты эле го. Аты Суранбек, үйгө келип кетпеди беле. Бирок, анын ата-энеси каршы болуп, мектепте чогуу иштеген Эрмек мени менен сүйлөшпөй калды, мен кыйнап баласын алып качкансып кызыма, - деди Асылкан.
- Ошону айтсаң, Шарапат болсо менен качат, такыр жолукпайт, сүйлөшпөйт, түшүнсөм өлөйүн, эрге тийген кызына балабыз үйлөнүп алды деп коркутканыбы, - деди Бейшенбек.
- Кыздан артык жубан бар, дегендей, турмушта бешенеге жазганы болот да тообо, - деди Бегайым эне.
- Өздөрү жакшы жашап кетсе болду, бири-бирин урматтап, түшүнүп дегендей, муштумдайынан бирге чоңоюшту, бирге окуп сүйүп да жүрүштү, каяктан эле Ильяс ала кача коюп, Бурулкан бир күтүлбөгөн кайырмакка илинип, эми бошоп, көздөгөн адамы менен бирге болуп, бактысы ачылгандай болуп жүрөт, - деди Асылкан.
- Токтокан эжелериўин турмушун, өмүр баянын көрүп эле жаза берсе болот, биздин үй-бүлөдө эле канча ала качуу шумдугу болду, д- еди Бейшенбек.
- Апа, сизди да ала качышты беле, - деп сурап калды Асылкан.
- Мен өз каалоом менен эле качкам, бирок, элдер ала качып кетти деп эле ойлошкон, кокуй Токтоканга айта көрбөгүлө, мен эч качан эч кимге айтып берген эмесмин, айтпайм дагы, ал укса жанымды сууруп алып болсо да айттырат, дагы бир кудай берген маалда айтып берем, азыр эрте, - деди Бегайым эне.
- Ошону айтам да, ошол сизден башталган турбайбы,  жугуштуу "оору" окшойт бул биздин үй-бүлөгө жуккан, башкалар алып качпай эле турмуш куруп эле жатышат, - деди кейип Бейшенбек.
- Эми алар сүйлөшпөсө койсун, балдар бактылуу болсо экен, менин угушумча, күйөө бала Суранбек айткан имиш, "эмне кылсаңар өзүңөр билгиле, өлтүрсөңєр өлтүргүлө, Бурулкан менен эле жашайм, башка эч кимдин кереги жок", дептир,    Эрмек менен Шарапат кызык ай, биз өзүбүз сөздү баштасак болбой калат ко, кандай кылсак, - деп эки араа болду Асылкан.

... Токтокан менен Турат дагы бир күнү жолугушушту сабактан кийин кафедрада.
- Турат Абекович, мен милицияга барып, дагы көп жылдардагы "сводкаларды" жыйнап келдим, бербейбиз дегенинен, бир таанышымын тууганын ортого салып, аке-жакелеп атып араң алдым. Эки ай чуркадым, жумушка баргандай бардым. Бирок, фамилия, аттарын сызып салышты, "булар менен берсек анда бул соттун иши болуп кетет",  деп коркушту, региондорду, канча жаштагылар экенин билип анализ жасаса болгудай экен,-  деди Токтокан.
- Ай азамат десе, муну мен көптөн бери ала албай атса, жакшы болбодубу, "кургак "сводкаларды" эмне кыласын, болбойт бергенге", дешип эле бербей атышкан, экөөбүз эми ар бир региондо болгон бул тенденцияны билебиз, көбүнчө бул ала качуу милицияда катталбайт, сен аны жакшы билесиў, эми катталганын да көрөлү,-  деди Турат.
Турат күнүгө ойлонуп, Токтоканды бир жакка чакырып олтуруп сүйлөшкүсү келди, бирок айтышка такыр оозу барбай, "жок деп койсо, өзүм эле уят болом",  деп айта албай атты.
Кээде өзүнө, "эмне эле жаш кызга кызыгып атасыў, башка чоңураак кыздар көп ко, кой мен Токтоканды тим эле коеюн", - деп да ойлойт.
Токтокан болсо, Турат Абекович менен дайыма тез-тез сүйлөшүп, жасаган жумушун айтып, жаңы тапшырма алып эле кетет эле. Кез-кезде кана, кыздар балдар менен шаракташып турганын көргөндө ойлоп калчу, "мен кандай жигитке туш болор экем, турпаты, мүнөзү Турат Абековичтей болсо" деп.

Акмарал менен Акбар кудай берип уулдуу болушту. Токтокан сүйүнчүлөп чалганда Асылкан:
- Ой тообо, кудай берет деген ушул экен ээ, Бейшенбек экөөбүз уулдуу боло албай канча азапты көрдүк эле, кыздарым жаңылбай уул төрөп атышат, кудайыма эми жеткен экен менин каалаганым, - деп айтты.
- Эми, Аксанаа эжем менен Уулкан эжем да уул төрөйт турбайбы, биздин үй-бүлөдө кыздан башталса бардыгы кыз, уулдан башталса бардыгы уул болот окшойт, -деди Токтокан.
- Кудайга каниет кылыш керек эмне  берсе да, сен да уулдуу болосун кудай буюрса, - деди Бегайым эне.

...Аксанаа менен Канат Россиянын жарандыгын алышып, башка жакшы жумушка өтүшүп, турмуштары оңолуп, эжесине мейманга барып келишти. Экөө жакшы пландарды түзүшүп, тапкан акчаларына айылда мал-салды санын көбөйтүшүп, капиталды ошентип көбөйткөнгө далалаттанышты.
Айылдагы биринчи  чоң атасы, көп убакыт өтпөй чоң-энеси да каза болуп, ошого Канат көбүнчөсү айылда болуп, Аксанаа Москвага кайра жаңыдан барды. Мурда дайыма Канат менен болчу эле, эми өзү жалгыз кандай жашайт болду экен деп ойлонуп калды Аксанаа.

... Уулкан менен Макс, анын атасынын компаниясын толугу менен эми өздөрү иштетип калышты. Уулкан  да кош бойлуу болуп, төрөгөнү калды. Бул кабарды уккан Макстын ата-энеси аябай кубанып, дос туугандарын чакырышып майрам өткөзүштү.
Аны уккан Асылкан:
- Ай сонун турбайбы, аялы кош бойлуу болуп калса майрам өткөзүшөт экен. ай Бейшенбек, экөөбүз анда канча жолу майрам өткөзмөкпүз, иий, төрөлгөнү эле бешөө, калганын айтпай эле коеюн, деп күлдү.
- Майрамы эле көп окшойт алардын, пиво майрамы, колбаса майрамы дегендери да бар экен тообо, бизде эле тыптынч, деди Бейшенбек.

...Бурулкан менен Суранбек Астанада жумуштары жакшы болбой Бишкекке кайтышты. Суранбектин бир досу аларды чакырып, ошонун  компаниясында иштеп башташты. Айылга келишкен жок. Бурулкан телефон менен эле сүйлөшүп турду.
Айылда ар кандай сөз, ушактар жүрүп жатты Бурулкан менен Суранбек жөнүндө.

Токтокан биринчи жолу Турат Абекович экөө академиядан сырткары жерде жолугушушту. Бир жолу сабактан чыгып жатаканага баратканда капыстан эле Турат жолугуп калды.
- Саламатсызбы, Турат Абекович!  деп учурашты Токтокан.
- Кайда сен шашылып, сабактарың бүттүбү?   деди Турат.
- Ии, жатаканага бараткам, деди Токтокан.
- Мен жалгыз түштөнө албай бараткам кайра жумушка, жүрбөйсүЎбү сенден сураныч, мага компания түзүп берчи кичи пейилдикке, деди Турат.
- Макул анда, эгер жакын болсо, деди Токтокан.
   
Асылкан Германияга даярдана баштады. Уят болбоюн деп, бир аз заманбап кийим-кечек алды.
- Бешик көтөрө барайынбы?  деп сурады Уулкандан.
- Мен ошону билбей жатам, бирок, Макска айтып берсем ал аябай таң калды, "өзүң бил",деди, балким ала келерсиз?  деди Уулкан.
- "Коляскага" эле терметсе болбойт бекен?  деди Бейшенбек.
- Бешикте бала түз бир калыпта жатып уктайт да, анан Макска да кызык болуп аткан окшойт, эмнеси бар экен, көтөрүп эле барам, деди Асылкан.
Бир аз убакыт өтпөй Асылкан учуп кетти Германияга бешик менен.

Эми Эрболду Бейшенбек карап калды, жардамга дем алыш күндөрү Токтокан келип тура турган болду.
Бир күнү кечинде олтуруп, Бегайым эне Токтоканга айтып, "эми чоңоюп калдың, сени жигиттер алып качпаса экен",деп.
- Ай эне, мен эми эжелерими көрдүм го, анан эми 19-га чыктым, али жашмын да,  деди Токтокан.
- Мени 14-дө алып качып кетишкен, бул менин өмүрүмдө болгон эң бир өкүнүчтүү окуялардын бири, деди Бегайым эне.
- Эне, эми айтып бербейсизби, кандай болду эле, аябай кызык болуш керек, менин ишиме да керек, жазат элем, деди Токтокан.
- Мен бул окуяны эч кимге айтып берген эмесмин, жазам дейсиў, бүт Кыргызстанга жарыя кыласыўбы, "карагыла, менин энем момундай болгон",  деп, кой жазба, - деди Бегайым эне.
- Жок, сиздин атыңызды жазмак белем,  макул сөз берем, жөн эле мисал катары пайдаланам, иий ичим бышып кетти эне, айтып бериңизчи эми, - деди кучактап сылап Токтокан.

- Ии, анда ук, эч ким үйдө жокто айтып берейин сага, - деп Бегайым эне өзүнүн тарыхын айта баштады...... 

Комментариев нет:

Отправить комментарий